Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Досье / САН АТООЧТОР КАЙСЫ УЧУРЛАРДА СӨЗ МЕНЕН ЖАЗЫЛАТ?

САН АТООЧТОР КАЙСЫ УЧУРЛАРДА СӨЗ МЕНЕН ЖАЗЫЛАТ?

(тилибиздин күйөрманы сурады эле)
— Дайыма эле сурайм деп унутам. Текстте сандарды “бир”, “эки”, “үч”…. “10”, “100” деп жазган туурабы же 1,2,3… 10, 100 ж.б. деп жазыш керекпи? Эрежеси барбы? Мисалы, англис тилинде онго чейин жазуу түрүндө, андан кийинки сандар цифра түрүндө колдонулат экен. Мисалы, “Бир кой берип, 10 кой алды” же “Бир бейтап өлүп, 20 бейтап айыкты” деп жазса болобу?
— Санарип (цифра) менен жазсак, бир сүйлөм ичинде баарын санарип менен жазышыбыз керек. Сөз менен баштасак, сөз менен улантышыбыз керек.
Мендеги китептерди барактап, сан атоочторду санарип (“цифраны” ушундай которушкан) же сөз менен жазуу эрежелерин таппадым. УИА Тил институту чыгарган “Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу капиталдык эмгекке колум жете элек (ошону интернетке ворд форматында илдириш керек). Өзүм 1994-жылы китеп жазганда кыргыз тили боюнча негизги китептердин дээрлик баарын окуп чыкканмын. Албетте, билгендеримдин кыйласын андан бери унуттум. Чындыгында тактай турган, иретке келтирилиши зарыл жагдайлар бар, тилчилер эки-үч жаат болуп, бир пикирге келе албаган учурлар да кездешет. Ал эми сан атоочтор боюнча сиздин сурооӊузга мындай жооп берсем, жетиштүү болор:
1. Сан атоочтор сөз менен да, санарип менен да жазылышы мүмкүн. Бир сүйлөмдүн, абзацтын чегинде бир вариантты гана тандаган оӊ. Мисалы, “Он беш китеп, 20 дептер алды” деп жазсак, коошпой калат. Сиздин мисалды “1 кой берип, 10 кой алды” же “Бир кой берип, он кой алды” деп жазыш керек.
2. Бир орундуу сандар көбүнчө сөз менен жазылат. Эгер заттын чоӊдугун билдирүүчү бирдиктер (метр, килограмм ж.б.) же акча бирдиги менен чогуу келсе, көбүнчө санарип менен жазылат: 5 кг, 9 сом ж.б..
3. Эки орундуу сандарды да сөз менен жазууга жол берилет, бирок көбүнчө санарип түрүндөгүсү колдонулат.
4. Үч жана андан ашуун орундуу сандар көбүнчө санарип менен жазылат, анткени сөз менен жазганда көп орун ээлейт.
5. Бир сүйлөмдүн ичинде бир топтогу сандар сөз менен, аларга үлөштүрүлүүчү чоӊураак сандар санарип менен жазылышы мүмкүн. Мисалы: “Жети облустун ар бирине 100 000 сомдон ажыратыш керек”.
6. Жүздүктөрдүн биринчи бөлүгүн сөз, калган бөлүгүн санарип менен жазууга болбойт – “6 жүз” деп жазылбайт, “600” же “алты жүз” эле деп жазыш керек. Миӊдиктерден баштап мындай айкалыштырууга жол берилет: 5 миӊ, 20 миллион ж.б.у.с.
Бул эрежелер УИА Тил институту чыгарган китепте бар болушу керек. Бирок айрымдары жазыла элек болушу да ыктымал. Мен өзүм ырааттуу түрдө колдонуп, эӊ сабаттуу авторлордун тексттеринен да байкаганым боюнча терип-тепчип жаздым.
Глобалисттердин ж.б. жүйөсүн логикалуу болгондо гана эске алуу керек. Жөн эле англисчеде ушундай десе, жарабайт. Мисалы, батышта университеттердин аталышындагы ар бир сөздү баш тамга менен жазышат, бул жарнама стилинин таасиринен келип чыккан “эреже” – баш тамгалар бараандуу көрсөтүшү мүмкүн))), бирок биздин тилдеги эреже боюнча бир нече сөздөн турган аталыштын биринчиси жана энчилүү ат гана баш тамга менен жазылат: И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети.
Сизди урматтап,
Жолдош.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс