Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Мамкызматтын кадырын түшүргөн жетекчилерге жаза барбы?

Мамкызматтын кадырын түшүргөн жетекчилерге жаза барбы?

Жаңы бекиген КР премьер-министр К.А.Бороновго кулак кагыш

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна Ж. Накетаев аким болуп дайындалганына бир ай толбой жатып, кайра эле эски жолоюна түштү. Минтип айтканымдын себеби, Сизге кечээ (17.06.2020) Ж. Накетаев өзүнө биринчи орун басарлыка дайындоого  Э. Ш. Аликеевге сунуш берди (тиркелди).

Ошол сунушта Э. Ш. Аликеев 2013-жылы Терек-Сай шаарчалык өкмөтүнүн жооптуу катчысы, ал эми 2014-жылдын 15-майынан тартып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын сектор башчысы болуп эмгектенип келе жатканы тастыкталган. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, райондун акими К. Эшалиевдин №130 буйругу менен 2013-жылы 11-октябрда Э. Ш. Аликеев убактылуу сектор башчылык кызматка бекилип, арадан 6 ай өткөн сон Чаткал райондук прокуратурасынын №11/1-265-14 Каршылык билдируусүнө (тиркелди) ылайык, жогорудагы буйрук акимдин орун басары Ж. Накетаевдин колу менен (тиркелди №60/1. 05.06.2014.) жокко чыгарылган.

Мыйзам бузуучулук ушуну менен токтоп калбай, Чаткал райондук мамлекттик администрациясынын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын 2014-жылдын 15-майындагы жыйынынын №1 протоколу жасалма токулуп, Э. Ш. Аликеев кайра эле сектор башчылык кызматка ошол учурдагы аким К. Эшалиевдин №51 буйругу (тиркелди 15.05.2014.) менен барып конот.

Баса, аттестациялык-конкурстук комиссиянын төрагасынын колу негедир №1 протоколдо жок. Көрсө, ал ошол учурда эмгек өргүүдө болуп, калган мүчөлөрү эч кандай жыйын өтпөгөндүгү боюнча кийин түшүнүк кат жазышкан (тиркелди).

Чаткалдагы мындай окуядан кабары бар КР өкмөтүнүн облустагы өкүлү неге үн катпайт? Же 6 жылдан бери мыйзамсыз иштеген Э. Аликеевден башка Чаткалда кадр жокпу?..

Дегинкиси, мамлекеттик кызматтын кадырын ушинтип кадр тандоо түшүрүп жаткандыгы анык.

Шамшарбек Пардабай,

Чаткал району.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс