Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин ач көздүгү

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин ач көздүгү

16-июнда Беш-Сары соода борборунун сатуучулары директор К.Жолдошбаевден аренда акысы боюнча жеңилдиктерди берүүнү суранып киришип, ыйлап чыгышты.

Депутат Жолдошбаев креслого чалкалап алып, ар бир сатуучуну мазактап чыгат. Кээ бирин ачык эле «иштеген ордуңан жогол» деп сөгөт. Арендаторлор Ош базарынын башка жерлеринде соода жок деп жетекчилер ижара акыны арзандатып берип жатканын айтышат.

Бирок Жолдошбаев бир да сом арзандатуу болбосун, керек болсо баарыңарды кууп чыгам деп кекетет. Ошол жерде жүрөгү ооруган эже, дары иче берип шишип калган, биз сатуучулар аны аячубуз. Бирок Жолдошбаев ошол эжени карап, «карагылачы алдыгынын семиргенин, кантип соода жок деп атасыңар» деп намысына тийди. Байкуш эже азыркыга чейин ыйлап отурат.

Дагы эки сатуучу кызды бутиктен товары менен чогу чыгарып салды. Алар азыр товарын койгонго орун таппай жүрүшөт. Жолдошбаев ал эки кызды элди туура эмес үгүттөдү деп ак жеринен бүтүм чыгарып салды.

Эмне кылышты, кимге кайрылышты билбей жатабыз. Урматтуу эл журт биз деле башка жерден орун тапсак эле кетели деп турабыз, айла жоктун күнүн көрүп атабыз. Ишенбесеңер Беш-Сарынын экинчи этажындагы кийим кечек саткандарды карасаңар, соода кылган киши жок, аңырайып бош турабыз.

Айталы дегенибиз Камчыбек Жолдошбаев деген матаамдын анык жүзүн билип алгыла. Бул адам жана кыздары эл үчүн күйбөйт, элдин канын соруп күн өткөрөт.

Назира Туратова
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс