Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / ТАКСИСТ — ВИРУС…

ТАКСИСТ — ВИРУС…

Мотурайган кара тору 25деги таксист жигит:»Эже, вирус жок, маскаңызды алып кенен дем алыңыз. 37 жыл инфекционныйда иштеген эже айтат, мындай вирус Кыргызстанда жок деди. Чоңдор акча жасоо үчүн ооругандардын баарын коронавирус деп жаздырып атышыптыр. Жакшы таанышымдын атасы инфаркт болуп өлсө, мэриядан кишилер келип 30 миң сом беришип, коронавирус деп жаздырып кетишиптир. Жыйырмасынан кийин дагы бир айга элди жаап, бийлик МВФден 500 миллион алат экен. Акча алыш үчүн ооругандардын саны канча көп болсо ошончо жакшы турбайбы. Чоңдор тиги акчаны алып, жарымын жеп, жарымын карызды жабышат». Кулагым делдейип отуруп «сага булардын баарын ким айтты?» десем, «Биз дагы мэрияда иштегендерди ташыйбыз да, ошолор айтышат, өздөрү маска тагынбайт» деп жигит сырдуу жылмайды. «Э балам, бир жакының ооруп, өз башыңа келмейинче билбейсиң да» дегенден башканы айтпай түшүп кеттим.
Мына деңгээл. Өз мээси менен ойлонбой ар кимден укканын чындык көргөн азыркы билимсиз жаштардын бири. Ушинтип отурсак, анан кантип сактанабыз? Анан кантип аң-сезимдүү эл болобуз?..🙄😫

2020-жылдын 16-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 100 учур катталды:
Бишкек ш. – 57
Чүй облусу – 11
Ош ш. – 11
Ош облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 9
Талас облусу – 3

Республика боюнча: 2472

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Аскер Сакыбаева.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс