Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Агайыма (Сулайман Кайыповго)

Агайыма (Сулайман Кайыповго)

Айкөл мүнөз калыбынан жазбаган,

Турпатыңыз Бакай сындуу
келишкен.
Аттуу-баштуу аткаминер
адамдар,
Сүрүңүздөн даап сүйлөй
албаган.

Салабаттуу, сабырдуу да,
акылман,
Ардактаймын ар убакта
сизди мен.
Билим алган бардык жаштар
андагы,
Нарк-насилдүү кебиңизди
тыңдаган.

Бала кезден агайым деп
сыйлагам,
Таасирленип таалим алып
жаш чактан.
Айтаар сөздү кабак каштан
туюп сиз,
Кеңеш айтып туура жолго
баштаган.

Сиз айткандай жүз жашка
мен чыкканда,
Ошол тойдун төрүндө сиз
болуңуз.
Узак жашап элиңиздин
багына,
Урмат-сыйга бөлөнүп сиз
жүрүңүз.

Сиздей адам кыргызда бир
жаралат,
Чындык менен калыстыкты
туу туткан.
Көралбастар байкамаксан
болушуп,
Билип туруп сизден кызмат
талашкан.

Өрнөк болуп басып өткөн
жолуңуз,
Үлгү алып, өзүңүздөн
үйрөндүк.
Сиз окуткан ошондогу жаш
балдар,
Кадыресе киши болуп
калышкан…

14.06.2020.ВБ

Вера Беделбек
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс