Воскресенье , 12-Июль 2020
Башкы бет / Досье / “Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында” аттуу вебинар өтөт

“Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында” аттуу вебинар өтөт

Онлайн Университеттин Педагогика Лабораториясы 11-июнда саат 17.00дө «Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында» аттуу вебинар өткөрөт.

Вебинарда азыркы убакта эң маанилүү билгилик катары таанылган академиялык окуу жана жазуу көндүмдөрүн кыргыз филологиясынан башка факультеттериндеги кыргыз тили, адабияты сабактарынын алкагында калыптандыруунун жолдору жана анын мааниси талкууланат. Мындан тышкары жаңы даярдалган «Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда» окуу китебинен фрагменттер, ошондой эле кыргыз тили жана адабияты боюнча сабакта материалдарды колдонуу боюнча автордук иштелмелер, сунуштар көрсөтүлөт. Вебинардын спикери Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Камбаралиева Уулкан Жолдошбековна.

Белгилей кетсек, У.Ж.Камбарабаралиева тил илиминин маселелери боюнча 116 эмгектин автору.

Ал когнитивдик тил илими боюнча Кыргызстандагы алгачкы докторлук иш болуп саналган «Темпоральная категоризация в концептуальной картине мира (на материале русского и кыргызского языков)» аттуу диссертациясын 2014-жылы жактаган.

Маалымат үчүн: Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келатат. Онлайн Университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Вебинардын шилтемеси: https://zoom.us/j/91547582963?pwd=QWFsdmdBK2ZRdUZwNkY3U2tQT2I5Zz09

Каалоочулар бул адрес менен катышыңыздар: ZOOM вебинардын идентификатору: 915 4758 2963

Паролу: 269389

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс