Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Досье / УЛАН ИСААКАШВИЛИ

УЛАН ИСААКАШВИЛИ

Кылым кыргыздын тарыхын да оодардым, «Манасын» да окудум. Грузиндин түшүн жоруган бир да пенде чыгалек экен кыргыздан деп ойлоп жүргѳм. Жаңылыптырмын. Тбилисиде 5 жыл окуп, анан ошол жакта иштеп, иштегенде да жѳн жерде иштебей, кадимки Михаил Саакашвили түзгѳн фонддо иштеп, президенттин энеси Гиули Аласаниянын эң сүйүктүү студентине айланган кыргыз жѳнүндѳ угуп абдан сүйүндүм. Ал кѳлдүк жигит – Улан Исаков. Алгач ата-энеси менен таанышып, катышып жүрүп, анан алар аркылуу Улан менен жакындан тааныштым. Бул жигит менен жаштар долбоорлорунда, саясий ызы-чууларда чогуу жүрүп калдым. Неординарно ойлонгон, грузиндердей юмор менен какшыкка бай, илим-билимдүү, үч күн сүйлѳшсѳң зериктирбеген кызыктуу жигит. Саакашвили Бишкекке келгенде жарданган элдин алдында Миша акең менен грузинче сүйлѳшүп, элди айран-таң калтырган. Грузиндин дагы бир кудайдан жѳѳ качкан шылууну, миллиардери келип, кыргыздарга акыл айтканда, аны сѳзгѳ жыгып, кепке кемтик кылган жайы бар.

Англисче түш жоруйт. Түрктѳргѳ түрк тилинен устаз боло алат. Бир кездерде Түркиянын медреселеринин биринде билим алган экен: бул жаатта молдокелердин да шаштысын алат. Алтүгүл Чубак ажы менен да пикирий чабыштарды ѳткѳрѳ калып жүрѳт.
Учурда Муфтияттын Аттестациялык комиссиясынын мүчѳсү болуп, молдокелерден экзамен алып жүргѳн Улан Исаакашвили деген жигит ушул. Жаш болсо да кѳптү кѳргѳн, ѳзүндѳ бир нече маданияттарды жуурулуштуруп алып жүргѳн кыргыздын мыкты азаматтарынын бири.
Бүгүн ѳздүк майрамы болуп жатыптыр. Ѳз атасына «Ѳлсѳң эч нерсе сойбойм, сѳѳгүңдү бир күндѳ жерге жашырам», — деп шартылдаган Улан туулган күндү деле майрамдабайт болуш керек. Ошентсе да жакшы кѳргѳн үкѳмѳ эркелеп, куттук айтып отурам.
Кыргызга сендей прогрессивчил, билимдүү жаштар аба менен суудай керек. Ушунча билимиң менен Америка же Европага жылт койбой, кыргыздын жеринде иштеп, биз кѳргѳн күндү кѳрүп келатканыңа рахмат, Улан! Биз кыялданган, биз максат кылган мамлекетте жашачу күндѳргѳ Аллах Таала жеткирсин. Сендей жигиттерибиз турганда ал күндѳр да алыс эмес экенине ишенгим келет.

Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс