Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Имам Хомейни жөнүндө — тарыхтагы ар дайым жанып турган акыйкат (фото)

Имам Хомейни жөнүндө — тарыхтагы ар дайым жанып турган акыйкат (фото)

Категория: Аналитика — Published: 05/06 — 17:46

4-июнда 1979-жылы жеңишке жетишкен Иран Ислам Революциясын ишке ашырган имам Хомейнинин көзү өткөн күнүнө карата Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде «Имам Хомейнинин идеяларынын ислам дүйнөсүнө таасири» аттуу тегерек стол болуп өттү. Анда Иран элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми төмөндөгүдөй баяндама жасады:

Саламатсыздарбы урматтуу тегерек столдун катышуучулары жана ардактуу коноктор, мен Ирандын маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары, имамдын дүйнөдөн кайтканынын 31 жылдыгына арналган тегерек столго катышып жатканыӊыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен Ирандагы Ислам Төӊкөрүшүнүн негиздөөчүсүнүн эӊ мыкты инсандык сапаттары жөнүндө, өзүнүн жаралуусу менен кылым тарыхын жараткан адам тууралуу айткым келди. Албетте, Имам Хомейни 1979-жылы Иранга келгенде миллиондогон эл кубаныч менен тосуп алышкан, ал эми 1989-жылы дүйнө салганда  миллиондогон эл көзүнө жаш алып, кайгы-муӊ аралаш узаткан улуу инсан тууралуу айтып жатам.1989-жылы июнь айында, Иран кайра жаралгыс, улуу инсанды жоготту. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты көптөгөн катышуучулардын коштоосу менен өтүп, Дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебинде катталды. Бийликтин расмий барактарына таянсак, 10 миллион 200 миӊ адам, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан, ал ошол замандагы Иран калкынын  1/6 бөлүгүн түзгөн.

Мен бүгүн Имамдын төмөнкү сапаттары тууралуу айткым келди:

— Анын даанышмандык кеӊештери жана көрөгөч лидерлиги жөнүндө;

— Имам Хомейнинин башка төӊкөрүш жетекчилеринен өзгөчөлөнгөн эӊ мыкты инсандык сапаттары жөнүндө: ал Кудай жолунда исламга бекем ишенген адам болгону тууралуу;

— Элдин Имамга болгон сүйүүсү, урмат-сыйы жана Имам Хомейнинин элге болгон өзгөчө урматы тууралуу;

— Имам Хомейнинин Кудайга болгон бекем ишеними тууралуу;

— Ислам төӊкөрүшүнүн маркум жол башчысынын жөнөкөй жашоосу тууралуу;

— Имам өзүн, бир гана элдин кызматчысы деп атап, бийликтегилерге дайыма элге кызмат кылууну эскертип тургандыгы тууралуу;

— Имам Хомейнинин кыраакылыгы жана келечекти көрө билген көрөгөчтүгү тууралуу;

Сиздердин ар бириңиздер  Имам Хомейни тууралуу жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен көз-караштар жөнүндө өз макалаңыздарда толук түрдө баяндадыңыздар.

Менин билишимче, сиздердин кээ бириӊиздер, архитектор жана Иран Ислам төӊкөрүшүнүн негиздөөчүсү Имам Хомейни тууралуу бир катар китептерди жаздыӊыздар жана макалаларды жарыяладыӊыздар же Иран Ислам төӊкөрүшү жана Имам Хомейни тууралуу дипломдук жана диссертациялык иштерди жетектеп, аларды жактоочулардын илимий иштерин кабыл алуучулардан болдуӊуздар, бул тарыхтагы улуу инсан тууралуу жазылган эмгектерди же китептерди котордуӊуздар, мүмкүн айрымдарыӊыздар жумушуӊуздарга же илимий иштериӊиздерге ылайык Иранга барып, Имамдын дүйнөдөн кайткан күнүн эскерүүгө арналган ар кандай иш-чараларга катышкандырсыздар.

Ошондуктан, убакыттын жана мага берилген мүмкүнчүлүктүн аздыгына ылайык, адаттагы макаланын ордуна, Сиздердин ажайып мамлекетиӊиздер болгон – Кыргызстанга келгенден берки бир жылдай убакыт аралыгында, бош убактымда жазып жүргөн эскерүүлөрүмдөй, Ирандагы Ислам төңкүрүшүнүн жол башчысы Имам Хомейни жөнүндө эскерүү жазууну туура көрдүм жана анын темасын “Имам Хомейни жөнүндө – тарыхтагы ар дайым жанып турган акыйкат” деп тандадым:

Албетте, жыл сайын ушул убакта, тактап айтканда июнь айында, Иранда өзгөчө бир маанай пайда болот. Июнь айынын башында, Имам Хомейнини сүйүүчүлөр анын жаркын элесин, ысымын жана анын идеалдарына берилгендигин даӊазалоого, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө даярданышат. Жыл сайын ушу убакта анын күмбөзү, өлкөнүн бардык булуӊ-бурчунан, атүгүл дүйнөнүн башка жерлеринен келген көптөгөн адамдарды кабыл алууга даярдалат. Мен жеке өзүм бир канча жыл бою, катары менен, Имамдын дүйнөдөн кайткан күнүн эскерүү боюнча башкы штабдын тышкы жана эл аралык бөлүмүнүн мүчөсү болуп кызмат кылдым. Дал ушул иш-чаралардын арты менен, 90-жылдары мурунку Советтер Союзундагы мамлекеттерден келген адамдар менен жолугушуп, таанышып калдым. Азербайжан жана Кавказ, Россия жана Закавказье, Орто Азия жана анын 5 өлкөсү. Дал ушундай “Имамдын дүйнөдөн кайткан күнүнө” же “Иран Ислам Төӊкөрүшүнүн жеӊишине” арналган иш-чаралардын биринде алгачкы ирет кыргыздар менен таанышкам.

Ошол убактарды жана жылдарды эсиме салган, 30 жыл өткөн соң Бишкек шаарына келип, бүгүнкү ушул тегерек столдо катышып жаткан кыргыз инсандардын арасында отурган, дал ошол инсан менен экинчи ирет көрүшүп атканым үчүн абдан кубанычтамын.

Эки жылдан бери Имамдын күмбөзүндөгү, анын дүйнөдөн кайткан күнүн эскерүүгө арналган ири иш-чараларга катыша элекмин, ал эми быйылкы жылы, биринчи жолу, коронавирустун кесепетинен улам анын күмбөзүндө иш-чаралар өткөрүлгөн жок жана ирандыктар, Төӊкөрүштүн учурдагы Улуу жол башчысы Аятолла Хоменеинин “Имам Хомейнинин дүйнөдөн кайтканынын 31 жылдыгына” арналган расмий сөзүн телеберүүлөрдө түз эфирде угушту.

Менин бактыма жарашабы же биздин муундун бактысына жарашабы, айтор биз Имам Хомейнинин Иранды башкаруу мезгилин көрүп калдык жана ошол куттуу мезгилдерде эӊ аз дегенде 10 жыл өкүм сүргөн, анын лидерлик артыкчылыгын сезе алдык. Анын жолугушууларда жана ар кандай мааракелерде сүйлөгөн сөздөрүн, бир нече саат бою радио жана телевизорлордо кунт коюп укчу элек. Мен өз өлкөмдүн элинин, өзгөчө жаштарынын Имам Рауфка (Имам ар-Риза) болгон тунук сүйүүсүнө күбө болдум. Иран жаштарынын  бул жол башчыга болгон сүйүүсү жана шыктануусу үлгү болоорлук эле. Бул бир гана китеп бетине жазылып окула турган дастан же жомок эмес. Биз аны өз көзүбүз менен көрдүк жана өз жүрөгүбүз менен кабыл алдык. Бул сүйүү жана шыктануу абдан улуу жана эң бийик деӊгээлде болгон, өлкөмдүн жаштары Батыштын атынан Иранга каршы Саддам Хусейндин 8 жылдык согушун башынан өткөздү жана колундагы эӊ аз мүмкүнчүлүк менен, Батыш менен Чыгыштын күчтүү державаларынын жардамы менен куралданган душманга мекенибиздин бир карыш жерин басып алышына жол берген жок. Дал ошол Имам Хомейнинин мектебинен тарбия көрүп, билим алган жаштар, 8 жыл аралыгындагы согушта, андан кийинки жана азыркы учурдагы эӊ оор шарттарда, душмандар тарабынан киргизилген оор санкцияларга карабай, башын тик көтөрүп, өлкөбүздү ийгиликтүү башкарып келүүдө.

Ошентип, Имамга болгон сүйүү, анын окуулары жана билдирүүлөрүнүн таасири Иран жергесинен сырткары да жайылды. Имам Хомейниге болгон сүйүүнүн чеги жок. Имам Хомейнинин Иранда жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга болгон окуусу менен таасиринин деңгээли, Имам дүйнөдөн кайткандагы ачуу жана кайгылуу окуяны дүйнөдөгү массалык маалымат каражаттары жана басма сөз кызматтары Имам Хомейнинин дүйнөдөн кетишин дүйнөнүн азыркы тарыхындагы эӊ трагедиялуу окуясы жана оор жоготуусу деп аташкан.

«Аль-Кифахо Аль-Арабийу» журналы, бул тууралуу: «Имам Хомейни Батыштын күчүн ойрон кылган, азыркы доордогу акыркы тарыхчы болгон» жана бардык массалык маалымат каражаттары «Миллиондогон эл дүйнөдөгү эӊ кадыр-барктуу жана эр жүрөк жол башчынын дүйнөдөн кайтышын тереӊ кайгы менен кабыл алган» деп жазган.

Ооба, ошондуктан улам анын лидерлик, кыраакылык жана көрөгөчтүк менен башкарган мезгилде жашаганыма абдан сыймыктанам.

Анын тообокелчилиги жана ыйманы, эрки, кайраттуулугу жана ишениминен, Иран өз жолун, тагдырын жана келечегин туура нукка салды жана алдыга карай кадам таштады. Көптөгөн күчтүү державалар, ири жана кичине душмандар Имамдын төӊкөрүшү өз жолун улантышын каалаган эмес, алар ага жолтоо болууга жана аны жеӊүү үчүн өзүлөрүнүн болгон күч-аракетин жумшашты, бирок алардын бардык арам ойлору жана пландары Имам Хомейнинин лидерлик өзгөчөлүк себебинен, элдин биримдигинен, ынтымагынан жана жөнөкөй элдин имамдын артында тиреги болгонунан улам ишке ашпай, таш капты. Бул жерде негизги сөз, анын тообокелчилигинде, ыйманында, инсандык жана күрөшчүл эркинде жатат, ынкылабка чейин Шах доорунда айткандай: «Менин жактоочуларым энелеринин курсагында жатат», бул эмне деген кыраакылык, бул анын алдын-ала билгендиги жана көрөгөчтүгүнүн туу чокусу. Төӊкөрүштөн кийинки жылдарда жана бүгүнкү күндө анын жоктугунда ошол сөздүн мааниси кандай гана терең чечмеленет. Эгерде Имамдын бул көрөгөчтүгү жана жетекчилиги болбогондо, эгерде эл Улуу жол башчынын аркасынан ээрчибегенде, биздин ынкылаб жана өлкөбүз душмандардын арам ойлорунан кийин кандай гана күтүлбөгөн  тагдырга туш болоорун ойлонгуӊ да келбейт.  Төӊкөрүштүн толкундуу кемеси ишенимдүү кадамдарын алдыга таштоону улантууда, Имамдын окуулары жана билдирүүлөрү, Исламдык төӊкөрүшү жана анын ойгонуу толкундары, учурда дүйнөдөгү көптөгөн исламий жаралуу жана боштондук күрөшүү күчтөрүн шыктандырды. Душмандардын ар кандай арам ойлоруна жана текеберчиликтерине карабастан, ыңкылабдын кемеси бекем жана туруктуу түрдө өз жолун улантууда. Эки жыл мурун Иран Ислам Республикасы төӊкөрүштүн 40 жылдыгын майрамдоого даярданып жатканы эсиӊиздеби? Мен ошол кездеги АКШнын тышкы иштер министиринин Твиттерде жазган цитатасын эскертейин, ал “Иран Ислам Төӊкөрүшү өзүнүн 40 жылдыгын көрбөйт”, деп жазган. Биз бүгүн төӊкөрүшүбүздүн 42-жылдыгын аймактык жана эл аралык жакшы шартта жашап жатабыз. Албетте, ар кандай көйгөйлөр, оош-кыйыштар бар, бирок эӊ негизгиси төӊкөрүш Улуу жол башчынын хидаяты жана башкаруусу менен Имам Хомейнинин жолун мурункудан да күчтүү жана ишенимдүү улантууда. Төӊкөрүштүн Улуу жол башчысы Имам тууралуу мындай дейт:

«Анын аты – ыңкылабдын байрагы, анын жолу – ынкылабдын жолу, анын максаты – ыңкылабдын максаты. Анын жолу – биздин жол, анын максаты – биздин максат, анын жетектөөсү – биздин алоолонуп, күйүп-жанган шам чырагыбыз».

Парвиз Гасеми,

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы

Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

04.06.2020.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс