Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Жетинчи кабаттагы “ХЮРРЕМ”…

Жетинчи кабаттагы “ХЮРРЕМ”…

Ажого кулак кагыш

же адам өлтүрүп кеткенин жашырып жүргөн УКМКнын төрагасынын орун басары…

Акыркы кездерде билинбегени менен трайбализм, кокту-колотко бөлүнүү, жогорку бийлик бутактарында күч алууда. Президент Сооронбай Жээнбеков бул темага анчейин көңүл бурбаган соң, анын айланасындагы “ордо кутумдары” өз билгенин кылып жатышат. Буга чейин президенттин жубайлары Майрам Акаева, Раиса Атамбаевалар кадр маселелерине аралашып, өз адамдарын жогорку кызматтарга коюп келгендери боюнча ачык эле эл арасында айтылып жүрчү. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл айым өзүнүн ыймандуулугу менен бир дагы кадрдык иштерине аралашканын уга элекпиз. Президенттин жубайы, баштагы ажолордун аялдарындай болуп, эркек менен “укук” талашып, кадр маселелерине аралашпай, аялдык көрөңгөсүн баарынан жогору коюп, балдарына мээримин чачып, үй-бүлөөнүн очогун өчүрбөй, энелик парызын аткарып тынч гана үйүндө отурат. Роза Отунбаева, Мира Жаңгарачова, Чолпон Жакупова жана башка аялдар улуттук ар-намысыбызды, салт-санаабызды тебелеп-тепсеп, батыштын берген “акчаларына” жалданып бузукулук кылып, алардын ыплас маданиятын биздин аялдарга таңуулап, аларды көчөгө алып чыккандын ордуна энелик улуу касиетти, аялдык назиктикти азыркы президенттин аялынан уялбай эле үлгү алып үйрөнсөңөр боло.

Жакында эле “Азия Ньюс” гезитинин ушул айдын 21-майында 2020-ж. № 12 (349) жарык көргөн санында “Досалы менен Толгонайдын жүзүн ачкан Кубат Болотканов” деген чакан макаланы окуп калдым. Окусаң чоң макаланын салмагы бар экен. Өзүнүн жаш экенине карабастан, элибизге башы көрүнгөн Кубат Болоткановдун чакан пикири жазылыптыр. Кичинекей макала болгону менен Толгонай айымды жамбашына шибеге менен сайып жибергендей мөңкүп кетчүдөй, калемпирдей ачуу чындыкты айтыптыр. Ал чакан макаланы окурман журтуна тааныштыра кетүүнү туура көрдүм. “Азия Ньюс” гезитине жарыяланган макалада, “Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын “толгоосу” келбесе деле “тормузун тээп”, пиар иштеринен жүдөп, артка тартып атканын Кубат Болотканов ачык билдирди. “Журналистика чөйрөсүндө кадыр-баркы жок, профессионал эмес, кесипкөй кадр болбосо, ушул жыргатмак беле? Ким сыйлайт?” деди. Айныгыс чындык, көп учурда президенттин алгылыктуу иштерин коомчулукка жеткизе алышпай, мукурап келишет. “Чымчык сойсо да касапчы сойсун” демекчи, накта кесипкөй, ишине күйүмдүү калемгерлер болмоюнча сазга бата беребиз го. Сырттан караган кыраакыларга байкалат, бийликти артка тарткан пиаршик сөрөйлөр аксатууда. Чын эле, иш билбестиктен улам нааразычылыктар жаралууда” — деп жазылган.

Кубат Болотканов ачуу чындыкты айтканын, журналисттер чөйрөсү туура эле кабыл алды. Бул ачуу чындык, жалгыз гана жетинчи кабатта жүргөн “Хюрремге” жакпаптыр. Акыркы учурда журналисттер арасында Толгонай кан айымдай пейил күтүп алгандыктан “Хюррем” деп атап алышканы бекер жеринен эместир. Ак үйдүн “Хюрреми”, “Азия Ньюс” гезитиндеги макалага жинигип, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, Таластагы “Жерүй” алтын кенинин жетекчилигине буйрук берип “Кубат Болоткановду тезинен кызматтан кетиргиле!” деп өч алуу максатында, кек кууп жатканы өкүнүчтүү. Президент айтып, дүйнө элине мактанып жаткан Азия чөлкөмүнө үлгү болчу “жапайы демократияңар” ушулбу? Ар бир сын айткан адамдын артынан коркутуп-үркүткүдөй жакшы да Толгонай эркек болуп калбаптыр. Президент мырза, жетинчи кабаттан асманга чыгып алган “эрке талтаң катындарыңызды” тизгинин бир аз тартып, кичине тыйып койсоңуз болот эле! Мындай кадамдары менен сизге аброй алып келбейт го! Сиздин алдыңызда бөйпөңдөгөнү менен Толгонайга окшогондор кызмат абалынан пайдаланып, чындыкты айткан Кубат Болоткановдой журналисттерге “азуусун” көрсөтүп, коркутуп жатканы өкүнүчтүү. Болотканов деле Толгонайдан коркуп, бөжөңдөп кала турган жигит эмес. Президенттин эч кимге “алмаштыргыс”, “сүйүктүү кадры” Стамалиеванын кылганы ушул! Болотканов да иштеп үй-бүлөсүн багышы керек! “Хюррем” айым Болоткановду жумушунан кетирип, анын балдарынын ырыскысын, нанын тартып алгысы келип жатабы? Жакшы да Кубат мырзанын достору “ак чөп башта!” деп жигитчиликке барышты. Аларга ырахмат айтыш керек! Кыргызда “кыздын сыры төркүнүнө маалым” дегендей, урматтуу президент, “гениалдуу” басма сөз катчыңыздын деңгээлин биз журналисттер чөйрөсү жакшы билебиз. Ачык эле айтайын, сиздин жасаган жакшы иштериңизди жалпы элибизге дурустап чагылдырмак түгүл, плинтуска чейин түшүрүп салды.

Сизге ушундай иштөө стили жагабы, түшүнө албай койдум. Президент мырза, эң ыйык болгон такка отуруп, эл башкарып, журт атасы болгонуңузга үч жыл болду. Ушунча жыл ичинде Толгонайды алмаштыра албадыңыз! Эл эртең эле көзгө толумдуу эмне жасадың деп сизден сурай башташат. Элдин көзүнө толгон эмнени айтасыз? Толгонайдан сурагыла дейсизби? Атамбаевди камаганыңыздан башка көзгө толумдуу эмне иштерди жасаганыңызды сиздин ортозар басма сөз катчыңыз элибизге ынанымдуу көрсөтүп бере алдыбы? Жок! Супсак, тажатма маалыматтардан башка эч нерсени бере албай жатат! Ачуу болсо да чындыктын үнүн угуңуз! Ал чындык сизге аба-суудай керек, айланаңыздагы кошоматчыларыңыз эч качан чындыкты сизге айта алышпайт. Алар убагында, президент Акаев, Бакиев, Атамбаевди алдап, ыңгайы келгенде сатып кетишкен куу пенделер. Сиз кызматтан кеткенден кийин башкалар менен да иштеше беришет, алардын табияты ошондой жаралган. Сааты келгенде сизди да алар сатып кетишери анык нерсе. Алар буга чейинки президенттер: Акаев, Бакиев, Атамбаевди көздөрүн ирмеп койбой сатып жиберген адамдар. Аман болсок ал күндү да көрөбүз. “Алмаштыргыс” кадрларыңыздын жасаган иштери сизге аброй алып келбейт. Кубат Болотканов туура айткан, Толгонай өмүрүндө типографиянын боёгун жыттап, колун жоорутуп, ручка кармап, окурмандын эсинде калган макала жазып көргөн журналист эмес. Өткөндө, атасынан улуу адам, кыргыз элине белгилүү кинорежиссёр, маданияттын дөө-шаасы, Кыргыз эл артисти Бакыт Карагуловго да Стамалиева “Сиз менин довериямда жок адамсыз!” деп айткан сөзү эмне деген маданиятсыздык. Мурду менен бир тийгидей Бакыт Карагулов ким да, Толгонай ким?

“Жаңы Ордо” гезитине (№ -38 (652), 27-декабрь) “ Трайбализм синдрому…” же түндүк-түштүк картасы, бул Кыргызстанды жок кылуучу өтө коркунучтуу айыктырылгыс оору” аттуу макалам жарык көргөн. Ошол макалада, сындагандан кийин гана Толгонай Стамалиева жумуртка басып жаткан тооктой, эч кимге ыраа көрбөй келген кызматын бөлүшүүгө аргасыз болду. Ал орунга ким барды дебейсизби? “Эркин Тоо” гезитин бир аз убакыт башкара калып, “акча” чыры менен өз коллективинин тепкисине калып, кысымга алынганда, редакторлук кызматын өз каалоосу менен таштап, арызын жазып берип кутулган Наргиза Мансуровага Президенттик аппараттын маалымат, саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын өткөрүп берди. Бир кезде, ак үйдөн бул жалгыз бой келинди ошол кездеги Атамбаевдин басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов “Эркин Тоо” гезитине башкы редактор кылып алып келген деген таржымалы бар. Бирок, Мансурованын “Эркин Тоо” гезитине келгенинен кеткени тез болду. Мансурованын кесиптештери күлүшүп, “Биз кубалап жиберген жетекчини президент макул болуп көтөрүп жатышса, ак үйдөгүлөргө кадр табылбай калган экен да… Тапкан кадры ушулбу?” — дешип, алакан жайып кала беришти. “Алма бутагынан алыс түшпөйт!”– дегендей Мансурова деле Стамалиевадай өмүрүндө бир макала жазып көрбөптүр.

Өзүн жетинчи кабаттагы “биринчи канайымдай” сезип алган Толгонай айымдын таскагы акыркы кезде катуу чыгууда. Бир кезде генерал Ниязовдун кабылдамасында секратаршасы болуп, тердеп-кургап чай куюп, утуру тамеки толгон күл дөбөнү (пепельницаны) шыпылдап тазалап жүргөн Толгонайдын ооматы ашып, кээ бир кадр маселелерин чече коюп жүргөнү ушундан билинүүдө. Акаевдин убагында, президенттин басма сөз катчысы болуп Камиль Баялинов, Кабай Карабеков, Каныбек Иманалиев жана башка кыргыз элине башы көрүнгөн күчтүү журналисттер иштеп келген. Каныбек мырза Текебаев менен теле дебатка чыгып, Акаевди коргоп, Өмүрбек мырзаны жарга такап, шаштысын алып койгону элдин эсинде. Албетте, алар менен Толгонайды салыштырып болбойт. Азыркы күндө, президенттин аброюн көтөргөн анын айланасында күчтүү журналисттер, жокко эсе экенин баары эле билет. Өзүнүн деңгээлине жараша, айтканынан чыкпаган Мансуровага окшогондорду сүйрөп алып жүргөнү да ошондон го.

Президент экөөбүз жетинчи кабатта жолукканыбызда, басма сөз жаатында өзгөрүү, реформа болот дегендей кылып кагаздарга жазып алгандай болду эле. Эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Басма сөздөгү реформа президенттин саясатына, жасап жаткан иштерин чагылдырууга керек – саясый чоң курал. Журналисттер кээде өз алдыбызча сүйлөшүп калганыбызда “Хюррем” ажобузга эмнеси менен жагып калганын билбей, баштары маң болуп, күлүп да калышат. Кыргыз элинде “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат!” — деген жакшы макал бар. Атамбаевдин көмүскөдөгү “акчага жалданган” пиаршиктери элди тымызын түндүк, түштүккө бөлүп койду. Андай эмес деп жашырганда не. Президенттин жан-жакасындагы мурдунан алысты көрө албаган мажирөө басма сөз катчылыгы аларга чабуул коймок түгүл, жооп бере албай жатышканы өкүнүчтүү. ММК каражаттарынын беттеринде, саясат айдыңында кээ бир журналисттер Жээнбеков айланасын “түштүктүктөргө”, жети дубандан издеп, бирден терип жүрүп “теңизбайларды” кызматтарга толтуруп салды деген сөздөрдү көп айтышчу болду. Сооронбай Жээнбеков табиятынан элди түндүк–түштүк кылып эч качан бөлбөгөн инсан. Бирок, элдин арасында президент Жээнбековду ушул кезге чейин өзүнүн күчтүү командасын топтой элек деп сындап келишет. Бул чындык. Сооронбай Жээнбековдун командасында дагы деле Атамбаевдин куйруктары илешип, иштеп жүрүшкөндүктөрү ачуу чындык.

Мен өзүм жазган ошол макаламда, азыркы күндөгү мамлекеттик ММКнын башчыларынын баарысы Кыргызстандын бир регионунан болуп калганы өкүндүрөт. Мисалы КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу (Нарын областы), ЭлТРдин гендиректору Айбек Мусаев,(Жайнак Үсөн уулу экөө жердеш), “Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков (Нарын областы), “Эркин-Тоо” гезитинин баш редактору Керимбаев Дыйканбек (туулган жери Жалал-Абад областы), Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев (Ысык-Көл областы), “Кутбилим” гезитинин баш редактору Кубат Чекиров (Нарын областы) мыйзамга туура келбесе да, ошол эле учурда “Би-Би-Си” радиосунда да иштейт. Ал тургай “Би-Би-Си” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Гульнара Касмамбетова (Ысык–Көл областы) ал жерде бир тууган сиңдиси Акчолпон Касмамбетова (Койчиева), анын күйөөсү да ушул радиодо иштейт. Мындайча айтканда бир үй-бүлөөнүн радиосуна айланып калды. Буга чейин “Азаттык” радиосу менен “Би-Би-Сини” жетектеген Тынчтыкбек Чоротегиндин баласы Алмаз Чороев “Би–Би–Си” радиосунда иштеп келет. Ал эми батыштан каржыланган “Эркин Европа”, “Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы, (Ысык-Көл областынан), Ал эми Бишкектеги “Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева (Ысык-Көл областы), «Азаттыктын» бүгүнкү жетекчилиги, радионун кыргыз бюросу ачылгандан тартып иштеп келаткан Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматовдорду, дагы башкаларды Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан четтетишкен. Ошол эле учурда, өмүрүндө эсте каларлык бир макала жазбаган президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева (туулган жери Талас областы) экени белгилүү. Ал эми премьер-министрдин басма сөз катчысы Эсенгул уулу Чыңгыз (туулган жери Нарын областы) башкарып келет. Биздин гезит сындап жазгандан кийин Айбек Мусаевдин ордуна ЭлТРге Калыкулов Керимбек деген кой оозунан чөп албаган өтө кичи пейил, ашып кеткен амбициясы, пикири жок, илбериңки Кара-Кулжалыкпы бир жигитти алып келишти. Эң башкысы Толгонайга каршы өз пикирин айта албаган ылайыктуу фигура. Ал эми КТРде гендиректордун орун басары болуп иштеп жүргөн Шайырбек Абдырахмановдун (Жалал-Абад областынан) ордуна Айбек Мусаевди кызматтан кетип, ат тезеги кургай электе, КТРге орун басар кылып коюшту. КТРдин дагы бир орун басары Жылдыз Жумабекова (Ысык-Көл обл.) Бул эмне трайбализм эмеспи? Журналисттердин айтканы боюнча Толгонай туурасында Айбек мырзада бир компромат материалы бар деп айтып жүрүшөт. Ошого ооз басырык кылып, кызмат бере салып кутулду окшойт дегендер да бар.

Ушул жума ичинде УКМКнын төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетовдун кызматтан кетиши чоң жаңылык болду окшойт. Учурунда генерал Жумабек Асанкулов жетектеп турганда КГБ мамлекеттин көзү, кулагы, жүрөгү болгон эле. Көз карандасыздыкты алгандан кийин бул кызматта бажычы, менти, өтүк кийбеген агроному, кыскасы кимдер гана жетекчи болуп кетпеди. Азыркы күндө КГБ менен генералдардын баркы кеткен кез. Атамбаевдин убагында УКМКнын башчысы болгон Бусурманкул Табалдиев качып кеткени боюнча кабарсыз. Менимче, Табалдиевди убагында УКМК башына Бакиев алып келген, кийин өз президентин сатып жиберген адам катары тарыхта калган. Буга чейин чекисттердин арасында “таможник” аталган Калык Иманкулов УКМКнын башчысы катары кызматын таштап качып кеткен эле. Союз кезиндеги эң күчтүү, кубаттуу, сырдуу делген КГБнын бүгүн баркы, кадыры кетти.

Сөз полковник Жакыпбек Байымбетов боюнча болмокчу. Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеди. Бул кызмат биздин мамлекеттүүлүктүн, керек болсо президенттибиздин таянычы болушу керек эле. Жакыпбек Байымбетовдун булганыч өмүр баяны менен аны ал жакта иштетпей, керек болсо УКМКнын босогосун аттатпай турган адам. Анын кызматтан эмне себептен кеткенин да жаап-жашырып жатышат. Байымбетов дагы бир шектүү ишке аралашкан болсо керек! Ал өз каалоосу менен бети чымырап кете турган адам эмес эле. Кызматтан кантип кеткени боюнча өзүнчө сөз кылабыз. Жакыпбек Байымбетов президенттин жердеши экенин айтып жүрүшөт. Жээнбеков президент болгонго чейин бул тармакта Байымбетов иштеп келгени маалым. Байымбетовдун өмүр баянын Ош жергесиндегилер жакшы билишет. Анткени, 1990-жылы менимче февраль айында, түнкү саат ондо болсо керек, Ош шаарындагы борбордук мечитке жакын, Зайнабидинов көчөсүнүн кесилишинде Жакыпбек Байымбектов өзүнө таандык болгон ВАЗ‑2106 ак түстөгү А 35–76 ОШ номурлуу машинасы менен жолдон өтүп бараткан бирөөнү сүзүп, жабырлануучуга жардам бергендин ордуна, кылмыш болгон жерден изин көрсөтпөй качып кетет. Өзү жашаган үйүнүн жанындагы гаражына урунган машинасын катып, кулпулап коюуга да үлгүрөт. Эң кызыгы, бир аздан кийин эч нерсе билбеген адам болуп, каргашалуу окуя болгон жерге өзү барып, элдин арасында акмалап карап турат. Аңгыча адамдар топтолуп, тез жардам келет. Тилекке каршы, Байымбетов Жакыпбек сүзүп кеткен адам өзүнө келе албай, жарык дүйнө менен кош айтышат. Байымбетов окуя болгон жерден качып кетпей, тез жардамды чакырып, өзү алгачкы жардам көрсөткөндө ал адам өлбөй, тирүү калат беле, деген ойдо калат экенсиң. Ал өзүнүн келечек карьерасын ойлоп, кылмыштуу изин жашырыш үчүн жакын адамын сүйлөшүп, өзүнүн ордуна абакка отуруп чыгууга көндүрүүгө чейин барган деген маалыматтар бар. МАИ кызматкерлери адам уруп кеткен Байымбетовдун машинасын катып койгон жеринен табышат. Андан да кызыгы 2005-жылы Араван районунда иштеп жүрүп, кийин “Мени, Баяман Гавузович Ош областтык УКМКнын башчысынын орун басары кылып дайындады!” деп башка бирөөнүн кызмат ордун басып алган. Акылы жайында офицер ушундай кадамга бармак беле? Кийин гана коллективи Жакыпбек Байымбетовду басып алган кабинетинен чогуу иштегендер кууп чыгышкан. Ушундай таза эмес адамдардын УКМКда иштеп калганы өкүндүрөт. Бул боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүүнү ойлоп жатабыз. Ушунча жылдар бою өзүнүн адамдык жүзүн масканын ичине катып “көрүнбөгөн фронттун жоокери” болуп, мамлекеттен айлык алып, момун мусулман баласы катары беш маал намазын бузбай, өзүн пакиза, Кудайга жакын адам катары көрсөтүп жүргөнү таң калыштуу. Жакыпбек таксыр, окуган намазыңыз да арам болуп калды го… Ушундай өмүр баяны менен Байымбетов өзүнүн жердеши – президенттин аброюна шек келтирип жатат. Жакыпбек Байымбетовдун башка дагы былыктары чыга баштады. Бул боюнча биздин редакциянын журналисттери өз иликтөөбүздү жакын арада баштайбыз.

Урматтуу президент, сиздин элибизди башкаруудагы үч жылыңыз өттү. Кадр маселесинде айланаңызга күчтүү, иш билги, өмүр баяны таза кадрларды чогултуп, бир силкинип албайсызбы? Сталин да өлкө башына оор мезгил келгенде түрмөдө отурган душмандарын иштетип, улуу жеңишке жеткен. Айланаңызды карасаңыз, кадр саясатында бир дагы өзгөрүү болгон жок. Бүт эле жүдөгөн министрлер, губернаторлор, акимдер кызматтарда жүрүшөт.

Бекен Назаралиев.

“Жаңы Ордо» гезити,  №8 (660),  5-июнь, 2020-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс