Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Кокон хандыгынын тарыхы боюнча эң мыкты эмгек кайра басылат

Кокон хандыгынын тарыхы боюнча эң мыкты эмгек кайра басылат

Кокон хандыгынын тарыхын өз доорунда көп эле тарыхчылар, тажиги, өзбеги, кыпчагы жана башкалар жазышкан. Бирок алардын арасында эң бараандуусу да, жандуусу да кыргыз, Ноокаттын Төөлөсүнөн чыккан Зиябидин Максымдын ушул «Фаргана хандарынын тарыхы» аталыштагы 1666 беттен турган эмгеги эсептелет. Эмгек 1882-жылдары жыйынтыкталган. Анын автору Зиябидин Максым өз заманынын өтө билимдүү, илимдүү, чыгармачылыгы өнүккөн өзгөчө инсан болгон.

Эмгекти окуп отурсаң окуялары өтө жандуу жана кызыктуу. Чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романынан да өзгөчөлөнөт. 2007-жылы басылган эмгекти эми кайрадан басуу үчүн даярдап жатабыз. Ташкенттеги архивден автор тууралуу жаңы табылган архивдик документтер менен толукталат. Кыскасы кызыктын баары алдыда. Бул жолку басылышына Төөлөс фонду менен Зиябидин Максым фонду демилге көтөрүп, демөөрчүлүк кылганы жатышат.

Kyias Moldokasymov.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс