Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Тарыхты түшүнбөй талашкандарга

Тарыхты түшүнбөй талашкандарга

Мен Шамшы Султаналиев аттуу «тарых доценти» (менимче фейк сыяктуу, буга чейин эч укпаптырмын) Атамбаевдин теги тууралуу жаңылык ачканбы десем, ал мурда эле жарыяланган жармач макаланы эле кайра кайталап коюптур. Аны Мырзакат Тыналиев деген жаңылык катары көрүп жарыялап, анан окурмандарга актуалдуу болсун деп мени аралаштырып, тийишимиш болуптур да анан биринчи, экинчи деп жомогун кайра баштаптыр. Деңгээлин көрүп, ичимен күлүп, теңелгим да келбеди. Менин макалам чыкканда өзү иштеген «Кыргыз Туусуна» ушинтип жазып, баатырдык кылса колун кысмакмын. Ал кезде коңулда жатып, тескерисинче мактап-жактап, кызмат кылып келген жазмач, Атамбаев азыркы абалда жатканда «баатыр» болуп чыга калганын көрүп, «аа бечара» деп гана койгум келди. Покту сайган сайын сасыткым да келбейт.

Атамбаевдин ата-бабалары тууралуу архивдик маалыматтардын негизинде тактоого алган макаламдын үтүр-точкасына чейин тууралыгын кайсыл мезгилде болбосун ар дайым туура деп айта алам. Өз убагында, 1844-45 жылдары оор абалга калганда Шаманы Баткендин Кожешкен тоолорунан өзү менен кошо алып келген Солтонун даңазалуу уулу Чынгыш баатыр Шаманы өз баласындай канатына калкалап, сен ичкиликсин, бөтөнсүң дебей бооруна батырган кеменгерлигине таазим этем. Ал гана эмес Чынгыш баатыр Кокондун Бишкектеги сепили алынганга чейин эле (1862-жылга чейин), каза болоор алдында балдарына, туугандарына: «Шаманы бала чакасы менен ким өгөйлөп бөлсө менин арбагым урат!» — деген мурасы Арашандыктардын эстутумунда алигиче сакталып келгенине там берем. Кыргыздар бөтөн жерден, бөлөк уруудан келгендерди ушинтип боор батырып, эл кылып алганы тарыхтын өзгөчө улуу сабагы! Азыр элди бөлүп жарып, бузукулук кылып ФБга жазгандардын өзү таза кыргыз экенине шектенем! Кыргыз бир кылымда өзүнө тарткан элден, өзүнөн түрткөн, боор батырбай бөлүп-жарган элге айланып калганына ичим ачышат!

Балким, бул изилдөөгө чейин эле өзбек эсептелип келген кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан тарыхчысы, Ноокаттагы Төөлөс уруусунан чыккан Зиябиддин Максым менен Ноокендик Чоң Багыш уруусунан чыккан жазгыч акын Молдо Калбекти да Кыяс кыргыз кылып койду деп талашаарсыңар!? Алар тууралуу да Ташкенттеги архивден өткөн жылдын аягында жаңы маалыматтарды таап келдим. Балким жаңы табылган бул маалыматтарды да жалган деп чыгаарсыңар!? Кытайдан табылган жаңы маалыматтарга карата дагы бирөөнүн (Жусупбек Жээнбеков дейби) келжиреп жазганын көрүп, түшүнүгүнө, адамдык парасатына тооба дедим! Ток этерин айтканда тарыхтагы жаңы маалыматтарды түшүнүүгө деңгээлиңер жетпесине, пастыгыңарга эми бекем ишендим, ФБдагы жазмачтар!!! Аман болгула!!!

Kyias Moldokasymov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс