Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Өкмөт башчы сага айтам, Айыл Чарба министри сен ук!

Өкмөт башчы сага айтам, Айыл Чарба министри сен ук!

Бул кадимки эле капуста. Ушул капуста пандемиянын айынан быйыл дыйкандарды сызга отургузду. Азыркы күндөгү базардагы баасы 5 сом. Бул дагы эң кымбат сатылганы. А так мешогу 100 сом,80 сом деги койчу сураганыңа берет. Гектарына 60-70 миң сомдон чыгым кылып,эми үзүрүн көрөөрдө мына минтип капустанын баасы почти бекер болуп калды. «Бекер» дегеним азыр далилдеп берем.
Оштун Араван районунан Бишкекке 1 кг жүктү 3-4 сомдун тегерегинде жүктөп келишет. Демек капустаны бекер берген учурда 3 сомго турат. Капустаны жүктөш үчүн аны биринчи жыйнаш керек. Анан аны мешок сатып алып , салуу дагы акча Дыйкандардын айтымында капустаны жыйнап жүктөштүн өзү 1-2 сомго турат. Ошондо Бишкек шаарына сатууга келген 1 кг капуста 5 сом. Ал эми базарга кирген капустаны сатып бүткүчө дагы 1-2 сом чыгым болот. Ушунун баарын эсептесек эң эле болбоду дегенде 1 кг капустанын баасы (бекер бергенде) 7 сом болуп турат.
Мындайча айтканда 10 тонна капуста жүктөгөн дыйкан чөнтөгүнө 30-40 миң сомду сала келиш керек. 10 тонна капустанын чыгымы 70 миң сом. Дыйкан саткан акча 30-40 миң сом. Чөнтөктөгү 30-40 миңди кошо берип,кайра Ошко таксиге олтурат. Ошондо да таксиге акчаны үйдөн берет. Бул эми бүгүнкү күндөгү баа. Бүгүн эртең Чүйдүн капустасы бышканы турат. Уже бышты. Эми канча сом болот?
Мына урматтуу туугандар,пандемиянын азабын бүтүн өлкө тартты. А бирок мамлекеттин негизги тармагы болгон айыл чарбасы эң көп зыянга учурап жатат. Кана жанагы мэрия? 58 сомдон сгущенко тараткандан көрө өтпөй калган дыйкандардын капустасын таратпайбы? Эл кыйналып жатканда акча жасаганды билген өкмөт,азап чегип жаткан карапайым дыйкандардын алдына барбайбы? Кана жанагы «айыл чарбасын мыкты түшүнөт,билет»деген кишиңер? Кана жанагы «элдин жүгүн көтөрөм,эл үчүн иштейм,өлөм күйөм «деген эл өкүлдөрү? Эл үчүн куйсөңөр барбайсыңарбы дыйкандарга? Күйсөңөр материалдык жардам бергиле! Кадам таштап, барып койгонго жарабай жатабы?
Өкмөт, айыл чарба министрлиги дыйкандарга силердин жылуу сөзүңөр анан жардамыңар керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,биртке жеңилдиктерди берсеңер тылтыйып кабинетте эле отура бербей..
Эл аралагыла,пайызы жок кредит бергиле,иши кылып баба дыйкандын көңүлүн алгыла. Түшүнүп турабыз күтүлбөгөн илдет бүтүн дүйнөнү азапка салды. Буга өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок. Болгону чек ара ачык болгондо азыр дыйкандар жазы менен кылган мээнетин үзүрүн көрүп жатмак. Азыр эми чек ара жабык,эч кайда сата алышпайт.
Кандай жардам бере алабыз? Кандай сунуштар бар?
Көзүм көрбөсө ,к…мү бөөрү жесин болуп атыры биягы…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс