Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Онлайн Университети «Изилдөө темасын кантип тандоо керек» деген темада вебинар өткөрөт

Онлайн Университети «Изилдөө темасын кантип тандоо керек» деген темада вебинар өткөрөт

Онлайн Университетинин Изилдөө лабораториясы 25-майда саат 15.00дө «Изилдөө темасын кантип тандоо керек?» деген темада вебинар өткөрөт.

Вебинарда изилдөө ишинин темасын тандоо стратегиялары тууралуу кеңири маалымат берилет. Ошондой эле студенттердин, магистранттардын жана жаш илимпоздордун илимий иштерин уюштурууда теманы туура тандоонун мааниси жана тема тандоо ишинин баскычтары талкууланат. Мындан тышкары, изилдөө ишинин же илимий макаланын темасын кызыктуу жана таасирдүү кылуунун жолдору тууралуу практикалык сунуштар берилет.

Вебинардын спикерлери Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова жана Германиядагы Тюбинген университетинин окутуучусу жана докторанты Гүлзат Баялиева болмокчу.

Белгилей кетсек, Онлайн Университетинин Изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө Web of Science, Scopus сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Эске салсак, “Онлайн университети” платформасынын Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий иш жазуунун эл аралык талаптары тууралуу маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Идентификатор конференции: 940 5803 9188

Пароль: 631054

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс