Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Аналитика / Элиана-Марьям Саттарова: «Кудс — мусулмандардын жүрөгү, кайгы-муңу, трагедиясы»

Элиана-Марьям Саттарова: «Кудс — мусулмандардын жүрөгү, кайгы-муңу, трагедиясы»

Мына, быйылкы Дүйнөлүк Кудс күнү да жетип келди. Имам Хомейнин (а.р.б) Ыйык рамазан айынын акыркы жума күнүн Дүйнөлүк Кудс күнү деп  атоосу менен бул улуу күн жыл сайын мусулмандардын Палестина менен тилектештик күнү катары белгиленип келет.

Ислам дүйнөсүндө болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу Кудс маселеси унутулуп бараткандай сезилет. Кандай аракеттер менен биз бул ыйык күндү унуткарбай эске тутуп калабыз? Кудс маселесине байланыштуу ушуга окшош бир канча суроолордун тегерегинде Кыргызстандын алдыңкы ишмер айымдарынын бири, “Умма” журналынын редактору Элиана-Марьям Саттарова айымдын маегин назарыңыздарга тартуулайбыз.

— Салматсызбы Элиана эже, Сизге дагы бир ирет маек берүүңүзгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бүгүн  Дүйнөлүк Кудс  күнү, бул күндү ар бир жылы белгилөөнүн мусулмандарга кандай пайдасы, таасири бар айта кетсеңиз?

— Биз жылдан жылга Кудс, аль-Акса темалары четте калып, Ислам дүйнөсүндө жаңы башка окуяларга көңүл бурулуп бара жатканына күбө болуудабыз. Ал эми жыл сайын ушул күнү палестиналыктар менен тилектеш экендигибизди билдирип,  дүйнөлүк Кудс күнүн белгилөө менен биз дагы бир ирет бул маселеге кайрылмакчыбыз.

Палестиналыктардын кайгы-муңу, басып алынган жерлери, палестиналыктарга карата геноцид, адилетсиздик, кысымга алуу, укугун тебелөө, аларга жасалган кордуктарды эске алуу менен дүйнө эли, айрыкча мусулмандар бул маселени дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлге көтөрүүлөрүнө шарт түзүлөт. Ошондой эле Исламдын ыйык жерлерин эске алуу менен тилектештигибизди билдирип,  мусулмандар арасында биримдик жана ынтымакты күчөтөбүз. Ошондуктан бул күндү белгилөө ар бирибиздин атуулдук, мусулмандык парзыбыз жана милдетибиз болууга тийиш.

Учурда дүйнөлүк ЖМКалар чындыкты жашырып жана айрым кабарларды, окуяларды бурмалап беришүүдө. Андыктан бул күндү белгилөө менен маселени дагы бир ирет ортого салабыз. Мисалы, Кудс күнүнө карата атайын адистер, аалымдар, укук коргоочулар, жаштар жана жөнөкөй адамдар чогулушуп, Палестинадагы абалды эске салып, кабарларды таратуу, чыныгы окуяны чагылдыруу менен палестиналыктардын учурдагы абалына күбө болобуз.

— Дүйнө мусулмандары бул күндү белгилөө менен Кудсту коргоодо жана тилектештик билдирүүдө кандай салымдарды кошо алышат?

— Биринчиден, мусулмандар бири-бирине бул жагдай боюнча маалыматтарды, чындыкты жеткирүү менен маселени ар кандай чөйрөлөрдө ортого салуулары керек. Эл аралык уюмдарга кайрылуу жана ЖМКалар аркылуу атайын кабарларды таратуу зарыл. Ошондой эле мусулмандар бул маселеде бири-бирине Израилдин товарларына бойкот жарыялоого үндөшөт. Бул ыкма менен алардын экономикасына бут тосо алабыз. Ошондой эле палестиналыктарга финансылык жардамдар берилгени жакшы. Алдыраак  бир канча мусулман активисттер эркиндик ассоциациясын уюштурушуп, Газаны курчоону токтотууну талап кылышкан. Кийинчерээк башкалардын да көңүлү бул маселеге бурулган. Көпчүлүк мусулмандар Аль-Акса мечити Исламдын үчүнчү ыйык жайы экенин унуткарып коюшкандай. Андыктан бул жааттта көбүрөөк маалымат таратып, атайын кабарларды, даректүү тасмаларды жайылтуу  керек. Негизи эле мусулмандар бул маселе боюнча биригишип, маселеге кайдыгер карабоолору талап кылынат.

— Буга чейин ислам өлкөлөрү акыркы он жылдыктарда Палестина маселесинде кандай рол аткарышты? Кандай маселелерди чече алышты?

— Бул суроого жооп берүү кыйын. Тилекке каршы Ислам өлкөлөрү Кудс маселесине кайдыгер карашууда. Эгерде мусулман өлкөлөрү биригишип, санкция киргизүү, БУУга кайрылуу жана башка чараларды көрүшсө, бир канча натыйжаларга жетишет эле. Бирок бүгүнкү күнү Ислам өлкөлөрү бирикпей, кайра ыдырашууда. Алардын ичинде Сауд Аравия Израилге каршы тургай, аны стратегиялык шериктеши катары кабыл алган. Айрым башка өлкөлөр Израилди таануу керектигин жана палестиналыктар өз абалдарына өздөрү күнөөлүү деген пикирлерди айтышууда.

Мисалы, Сауд Аравия атайын сериал чыгарып, Израилдин расмий түрдө тааный турганын  баяндап, Палестинанын азыркы тагдырына палестиналыктар өздөрү күнөөлүү деген маселени көрсөтүшүп, сионисттерди акташууда. Албетте, Иран Ислам өлкөсү көптөн бери Кудс маселсин колдоп келгенин жакшы билебиз. Ошондой эле Түркия, Малайзия, Индия мусулмандары да Палестина маселесин колдошууда. Бирок мындай өлкөлөр аз болууда. Ал эми былтыр Трамптын Кудсту Израилдин борбору деп жарыялаганынан соң, ислам өлкөлөрү анчейин үн катып, каршылыктарын көрсөтө алышкан жок. Андыктан ислам өлкөлөрү Палестина үчүн чоң нерсе жасады деп айта албайм. Ошондой эле акыркы жылдары Жакынкы Чыгыштагы террордук уюмдардын чыгуусу да Палестина маселесин көмүскө калтырды. Бир топ өлкөлөр эки түрдүү саясаттарын жүргүзүшүүдө. Ал эми сионисттер жыл сайын басып алган жерлерин кеңейтип, палестиналыктарга кысымдарын күчөтүп жатат жана тилекке каршы бул маселени эч бир өлкө чече алган жок.

-Сиздин оюңузча биз, кыргызстандыктар Кудс темасын өчүрбөй алып жүрүүдө кандай салымдарды кошо алабыз ?

-Эң биринчи кезекте маалымат таратуу керек . Биздин  Борбор Азия өлкөлөрү  Советтер Союзунда 70 жылдай динден алыс, мусулмандар дүйнөсүнөн оолак болушкан. Ушул маселеден да кабарсыз калышкан. Кийинчерээк эле динге, Ислам таанууга болгон кызыгуулар башталууда. Бирок дагы деле Борбор Азия эли Жакынкы Чыгыштагы маселелер боюнча маалыматтары жок, андыктан эң биринчиден ушул темадагы кабарларды көбүрөөк чыгаруу зарыл.  Ошондой эле тегерек стол, конференция өткөрүп, айрыкча жаштарды жана коомдук активисттерди чакыруу, китеп, брошюраларды чыгарып таратуу менен гана Кудс маселесине өз салымыбызды кошо алабыз. Менин оюмча бардык нерсе өзүбүзгө байланыштуу. Учурда Борбор Азия өлкөлөрү эми гана бул маселени таанып билип жатышат, албетте, бул жакшы көрүнүш.

— Жеке өзүңүз  Кудсту өз көз карашыңыз, сөзүңүз менен кыскача кандай тааныта аласыз?

-Биз конференция өткөргөндө, Кудс бул — мусулмандардын жүрөгү, кайгы-муңу деген темада өткөрөбүз. Кудс маселеси мусулмандар дүйнөсүнүн кайгы-муңу, мусулмандарды бириктирген чекит. Бизге маанилүү болгон ыйык жайыбыз жайгашкан жер. Палестина бул адилетсиздик, кордук, зордук-зомбулук  курчуп турган чордон. Мусулмандарга, адамзатка  жасалган  зомбулук. Палестина бүгүнкү күндүн дүйнөлүк системаны, глобалдык адилетсиздикти, глобалдык сионизмди чагылдырат. Кудс маселеси ар бир мусулмандын жүрөгүндө болушу керек. Кудста болгон зордук-зомбулуктар биздин алсыздыгыбызды, биримсиздигибизди, ислам үммөтүнүн ыдыраганын  көрсөтүп турат. Палестинадагы абал  дүйнөдөгү адилетсиздикти туюндурат. Палестина бул — Мухаммаддын (с.а.в) үмөтүн бириктирген борбор.

— Маегиңизге чоң рахмаат. Орозо, ибадаттарыңыздын кабыл болушун тилейм.

Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

http://www.ca-irnews.com/kg/interview-kg/87803-%D1%8D%D0%BB%D0%B8%D0%B0%D0%BD%D0%B0-%D0%BC%D0%B0%D1%80%D1%8C%D1%8F%D0%BC-%D1%81%D0%B0%D1%82%D1%82%D0%B

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс