Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Аналитика / ЭКИНЧИ ЭКСТРЕННЫЙ СУНУШ

ЭКИНЧИ ЭКСТРЕННЫЙ СУНУШ

Коррупцияга каршы жалпы элдик кыймыл башталганы кээ бир жемкорлордун “кирер жери саманкана” болуп жатат. Мамлекеттик органдар тарабынан чечкиндүү кадамдар кечигип жаткандыгынан пайдаланып, мүлктөрүн чыгарып кетүү, жаап жашыруу өнөктүгү кызуу жүрүп жатка учур. Бул жерден да мамлекеттик кызыкчылык утулуп жатат. Сот-прокуратура, териштирүү узак процесс. Өздөрү жемкорлукка белчесинен баткан укук ишмердигин жүргүзгөндөргө элдин ишеними да абдан төмөн. Демек, эмне кылуу керек? Президент башында турган Коомдук комиссия түзүү боюнча 1-сунушумду колдоого алганыңыздар үчүн ыраазылык! Экинчи сунуш мындай:
1) Ыкчам маселе чечүүнүн мыйзамдуу жана салттуу жолдорун эриш-аркак колдонууга баруу оң натыйжасын берет. Бир мезгилдерде биздин ата-бабалар уурулук кылса коомго ушундай тарбия көрбөгөн баланы кошкону үчүн жаза катары башын кесип туруп, атасы тирүү болсо баласынын башын илип койчу экен. Ошондуктан, кылмыштуулук жокко эсе болгон, түрмө деген болгон эмес, жазанын дагы бир түрү – эгер кимдир бирөө чектен ашкан жаман иш жасаса, ташбараңга алышкан, же түп орду менен айылдан, жамааттан бөлүп көчүрүп жиберишкен. Элден чыгуу өлүмгө тете иш болгон. Мындан башка дагы бир жолу кытайларга окшоп, ууру экендиги аныкталары менен колун кесип салуу жагын караштырсак эмне үчүн болбосун!
2) Тарыхый тажрыйбаларды эске алып, тез аранын ичинде ушул багытта 10-беренеден ашпаган чакан мыйзам кабыл алынып, же Президенттин Жарлыгы чыгарылса максатка ылайыктуу кадам болор эле;
3) Жаш наристелерге зомбулук көрсөткөндөргө, улуттук кызыкчылыкка кайчы келген саткынчылык иштерге баргандарга, мамлекеттик мүлктү чоң көлөмдө уурдагандарга өлүм жазасы киргизилсе;
4) Оор кылмыш эпидемиясы токтогонго чейин ыкчам аракеттерге басым жасалып, күнөөсү аныкталган учурда 3 сааттын ичинде Президенттин жаза аткаруучу кызматы буйрукту иш жүзүнө ашырса;
5) КРнын ички коомдук-саясий ишине сырттан кийлигишүүгө мыйзамдуу бөгөт коюлса;
6) Люстрация мыйзамы кабыл алынып, Аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары кеңейтилсе;
7) Бул кадамдардын баары убактылуу чаралар катары киргизилип, жашоо турмуштун ыргагы туруктуу өнүгүүнүн жолуна чыккан учурда жеңилдетилген шарттарды кайрадан калыбына алып келсе болот. Сый-урматым менен,

“Кыргыз жолу” коомунун төрагасы К.Кошалиев
Бишкек ш. 21.05.20

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс