Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / «Балдардын китепке кызыгуусун ойготуу» боюнча вебинар өтөт

«Балдардын китепке кызыгуусун ойготуу» боюнча вебинар өтөт

22-май, Жума, саат 17.00дө Онлайн Университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясынын кезектеги «Балдардын китепке кызыгуусун ойготуу» деген пайдалуу жана кызыктуу вебинар уюштурууда.

Вебинарда спикерлер Германияда жашаган Гүлмира Алдакеева жана АКШда жашаган Гүлжан Исраил балдарын кантип китептерге кызыктырып, кантип китеп сүйүүчүлөрдү тарбиялап жаткандыктары тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, ал тажрыйбаларды кантип Кыргызстанда колдонсо болору тууралуу ойлорун ортого салышат.

 

Вебинардын шилтемеси:

 

https://zoom.us/j/94946383626?pwd=cHMzL2ltVUNpb1pNOWxOT0VHQldNQT09

 

конференциянын идентификатору: 949 4638 3626

Паролу: 225628

 

 

 

Белгилей кетсек, “Онлайн университети” платформасынын Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий журналдарды тандоо, финансылык пайда көздөгөн журналдарга алданып калбоо, актуалдуулугу жогору илимий темаларды аныктоо, изилдөө этаптары жана жалпы эле академиялык жазуунун талаптары тууралуу илимдеги маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат.

 

 

 

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс