Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / Онлайн Университети “Илимий журналдарды баалоо: жырткыч журналдардан сактануу” аттуу вебинар өткөрөт

Онлайн Университети “Илимий журналдарды баалоо: жырткыч журналдардан сактануу” аттуу вебинар өткөрөт

20-майда саат 15.00дө “ Илимий журналдарды баалоо: жырткыч журналдардан сактануу” аталыштагы вебинар өтөт. Иш-чара Онлайн Университети  платформасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Вебинар заман талабына ылайык абройлуу журналдарды кантип табуу керек? Журналдардын сапатын кантип текшерүү жана баалоо керек? Журналдардын сапатын текшерүүдө кандай системаларды колдонуу керек? Журналдын импакт фактору, квартили деген эмне? Web of Science, Scopus, РИНЦте журналдардын сапатын текшерүү кандай жүргүзүлөт? SCIE, SSCI, AHCI, ESCI ж.б. индекстердин айырмалары. Жырткыч журналдардын сактануу жана аларга кабылбаш үчүн эмнелерге көңүл бөлүү керек?  деген суроолордун алкагында өтөт.

Вебинардын спикери  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков: “Азыркы убакта дүйнө жүзүндө 100 миңден ашык илимий журналдар бар. Бирок, бул илимий журналдардын замандын талабына ылайык сапатын, деңгээлин текшерүү илимпоздорубузга суроо жаратып келет”, — дейт.

Адистин айтымында, тилекке каршы, бул журналдардын арасында каражат табуу максатын көздөгөн жырткыч журналдар да көп, алар илимпоздордун эмгегин текке кетирген учурлар арбын.  Жеке эле жырткыч журналдар эмес, жырткыч метиркалар, басмаканалар, маалымат базалары, конференциялар, тартып алынган журналдар да учурда көп учурайт.

Максатбек Ынакбеков Бишкек Гуманитардык университетинин социалдык информациялар жана документология бөлүмүнүн магистратурасын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Учурда Кыргызстанда китепкана ишиндеги заманбап иштөө усулдары менен китепкананын технологиялык системасын мыкты билген, дүйнөдөгү илимий реферативдик маалымат базалары боюнча кесипкөй адис катары таанылып келет.

 

Онлайн Университет платформасы

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс