Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Дүйнө / Кудс палестиналыктардын гана эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарынын трагедиясы

Кудс палестиналыктардын гана эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарынын трагедиясы

Палестина маселеси ислам дүйнөсүнүн тагдыры.

Бүткүл дүйнөлүк Кудс күнү буга чейин, Ислам коому, Палестинанын приоритеттүүлүгүн жогорку деӊгээлде бааларын көрсөтүп келген. Жыл сайын Кудс күнүндө мусулмандар өткөзгөн нааразычылык акциялар, ислам коомунун анти-сионизмге каршы экенин жана Палестинанын эркиндигин каалагандыгынын көрсөткүчү.

Чындыгында, бүткүл дүйнөлүк Кудс күнү, зулумдука каршы күрөшүүдө Имам Хомейнинин тарыхый демилгеси катары, акыркы 40 жылдан бери жогорудагы артыкчылыкты ырааттуу түрдө ислам дүйнөсү үчүн сактап келди жана аны ислам үммөтүнүн биримдиги үчүн дүйнөнүн бир дарамети катары жана ар кандай кутумдарга каршы пайдалана алды. Акыйкатта, Палестина маселеси мусулман элинин исламдык иденттүүлүгү менен байланды жана ислам үммөтү эч качан исламдык Палестина өлкөсүнүн бөлүнүшүнө жол бербешин тастыктады. Мына ошондуктан Израиль режими эч качан өз максатына жетпейт.

Тилеке каршы, аталган дараметтер бүгүнкү күнгө чейин жетиштүү  даражада колдонулбай келе жатат, бирок бүткүл дүйнөлүк Кудс күнү бул жөндөмдүүлүктөргө толук ээ экендигин ачык айтууга болот,  анткени Палестина маселеси ислам дүйнөсүнүн биринчи приоритети экендигин кайрадан коом алдына көтөрдү. Ушундан улам Палестинанын приоритеттүүлүгүн улуттук жана тайпалык приоритеттер же террористтик жана такфиристтик көрүнүштөр менен алмаштырууга болгон ар түрдүү аракеттердин акыбети ийгиликсиз болоору ойго келет.

Кандай гана болбосун, Америка Кошмо Штаты жетектеген, сионисттик режим басым жасаган жана кээ бир исламдык араб реакциячыл мамлекеттери колдогон коркунучтуу Батыш үч бурчтугу, куттуу Кудс идеалын ислам дүйнөсүнүн приоритетинен четке чыгарабыз жана тарыхтагы эӊ ири оккупациялык ишти канкор баскынчылардын пайдасына жабабыз деп ойлоп келишет. Бул улуу күн ислам улуттары жана Палестина эли үчүн үмүт терезеси болууда.

Сөздүн кыскасы, Кудс Палестинанын жана исламдын жүрөгү. Ошондуктан ар дайым ислам дүйнөсүндөгү окуялардын алдыңкы ордунда турат жана эч качан ислам дүйнөсүнүн биринчи приоритетинен түшпөйт. Экинчиден, Кудс күнү – зулумдук менен күрөшкөн күн. Ошондуктан качанкыга чейин ырайымсыз жана эзүүчү Израиль режими бул аймакта өкүм сүрсө, Кудс күнү да бул жерде өкүм сүрөт, себеби, бүткүл дүйнөлүк Кудс күнүнүн акыркы максаты зулумдуктун тамырын үзүү жана алсыздардын тагдырын өзүлөрүнүн колуна ээ кылуу.

Ушундан улам, замандын өтүшү бүткүл дүйнөлүк Кудс күнүнүн маанилүүлүгүн кымындай да кыскарта албайт, бул маселе аталган күндүн негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Палестина маселеси ислам үммөтүнүн эӊ негизги маселесине айланган күн, ал гана эмес ислам үммөтүнүн чек арасын кесип өтүп, дүйнө элинин арасында мааниси жогорулаганы, Израиль жана анын колдоочуларын кризиске туш болушу, бүткүл дүйнөлүк Кудс күнүнүн Израилге каршы психологиялык согуштун эӊ маанилүү жетишкендиги болуп саналат.

Бул ыкмага ылайык, Палестина маселеси жана Кудс күнүндөгү нааразычылык акциялары бир гана ислам дүйнөсүнүн коомдук пикиринде жана баскынчылыкка каршы күрөшкөн элдин ичинде унутулбашын, ошону менен бирге ислам коомундагы окуяларда, өзгөрүүлөрдө алдыӊкы орунда турушун чечкиндүүлүк менен айтууга болот, анткени бул көз-карашта, сионисттик режим – жасалма жана баскынчыл режим болуп саналат жана Палестина аймагында эч кандай укука ээ эмес.

Рахбардын көз-карашындагы Палестина

«Палестина маселеси, учурдагы маанилүү маселе болуп саналат, акыркы жарым кылымдан бери  бул мүшкүл ислам дүйнөсүнүн, мүмкүн бүткүл коомдун эӊ маанилүү маселесине айланды; бул жерде бир улуттун кыйынчылыктары, ага болгон кысымдар жана аргасыз жер которуулары жөнүндө сөз болуп жатат; бир өлкөнү басып алуу тууралуу сөз; ислам өлкөлөрүнүн жүрөгүнө рак оорусунун безин жайылтуу тууралуу сөз….; Палестина элинин эки муунун камтыган, үзгүлтүксүз кысымдар тууралуу сөз болуп жатат.»

«Палестина маселесинин чечилишинин бир гана жолу бар, ал, бүткүл Палестина аймагында Палестина мамлекетин түзүү.»

Душмандар менен баскынчылдардын Палестина маселесин жокко чыгаруу тууралуу аракеттери

«Душмандар жана баскынчылдар Палестина маселесин ислам дүйнөсүнүн жана Жакынкы Чыгыш маселесинен толук бойдон өчүрүп салуу аракетин көрүп жатат, ошондой эле Палестина аттуу маселе, деги эле Палестина иши, Палестина кыймылы такыр болбошун  максат кылып алдыга коюшкан. Бул алардын эӊ маанилүү максаттарынын бири. Кайсыл гана жерде сионисттерге, оккупанттарга жана адам өлтүрүүлөргө каршылык көтөрүлбөсүн, аны жок кылып, өчүрүп салууну каалашат. Эгерде аны кагаз бетинен өчүрүп салышса да, Палестинаны коргоо мотивин жана Палестина табиятын палестиналыктардын дилинен өчүрүп сала алышабы?»

Кудс билдирүүсү

Кудс күнү, бүткүл мусулман эли үчүн чоӊ сыноо жана Палестина ысымынын түбөлүккө сакталып калышынын күнү.

Палестина топурагынын ар бир карышы, мусулмандардын үйүнүн бир карышына тете. Палестина өлкөсүндөгү палестиналыктардан жана мусулмандардан башка бийлик, баскынчыл бийлик.

Ислам дүйнөсүнүн эӊ маанилүү маселелеринин бири Палестина маселеси, мусулмандардын башка раса, тил жана дин менен болгон саясий маселелеринин эӊ башында турат.

Акыркы кылымдардагы эӊ чоӊ зулумдук Палестина аймагында орун алды. Бул каргашалуу окуяда, бир улуттун бардык нерсеси – жери, үйү, тоо-талаасы, байлыгы, мүлкү, урматы жана өзгөчөлүгү тартылып алынып олтурат.

Баскынчы Америка жана анын чыккынчыл союздаштары тарабынан аткарылып жаткан «Кылым келишиминин» куулугу, бир гана Палестина улутуна эмес, бүтүндөй адамзат коомуна каршы жасалып жаткан кылмыш.

Палестина маселеси бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн эӊ негизги маселеси. Ислам дүйнөсүндөгү эч бир эл аралык маселе, бул маселеден жогору турбайт, анткени баскынчылардын Палестина аймагын жана Кудсту оккупациялашы, ислам дүйнөсүндөгү алсыздыктын жана кыйынчылыктардын белгиси.

Дүйнөлүк Кудс күнүнүн билдирүүсү

Кудс күнү – Мусулман эли менен улуттарын сыноо жана Палестина атынын түбөлүккө тирүү калуу күнү.

 

Парвиз Гасеми,

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы            Элчилигинин Маданий өкүлү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс