Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / ЦИВИЛИЗАЦИЯ

ЦИВИЛИЗАЦИЯ

Белгилүү америкалык антрополог Маргарет Мид өз студенттеринен цивилизациянын биринчи белгиси эмне экендигин сурайт. Көпчүлүк окуучулар балык кармаган торлор, дөңгөлөк, атайын таштан жасалган аспаптар, чопо жана темир идиштерин колдонуу деп жооп беришет.

Бирок Мид мунун баары маанилүү эместигин, чындыгында эски маданияттарды терең изилдеген адам цивилизациянын биринчи белгиси катары алгач сынып, кийин бүтөлүп айыккан кашка жиликти белгилеши керектигин айтат. Анткени жаныбарлар дүйнөсүндө кайсыл бир жандыктын буту сынса, көпкө жашай албай, акыры өлөт. Сынган буту менен аңчылык да кыла албай, жырткычтардан да кача албай, чаңкоосун кандыруу үчүн сууга да жете албай калат. Сөөк акырын бүтөлгөндүгүнөн улам, жараланган жандык акыр аягы жырткычтарга жана курт-кумурскаларга жем болот.

Алгач сынып, кийин бүтөлүп айыккан кашка жилик сөөгү-бул жаракат алган адамга башка адамдын жардам бергенин, жаратын таңып дарылаганын,коопсуз жайга көчүрүп, өзүнө келгиче коргоп, каралашканынан жана убакыт бөлгөнүнөн кабар берет. Цивилизация кайсыл бир техникалык жетишкендиктен эмес, адам баласынын адамгерчилигинен башталат деген экен Мид айым. Жалгыз гана ушул сыпат бизди жаныбарлар дүйнөсүнөн ажыратып турат. Демек адамзат цивилизациясынын кыйроосу дал ушул адамгерчиликтин азаюусу менен башталчудай.

Орозонун негизги максаты да, дал ушул адамгерчилик сыпатын пайда кылуу, аны акуммуляция аркылуу көбөйтүү. Чыңгыз Айтматов айткандай, биз үчүн күн сайын адам (адамгерчиликтүү) болуу кыйын. Кайсыл бир коомдо алигиче адамгерчиликтин белгилери байкалса, демек дагы келечекке карай үмүт бар.

Дүйнөдө эң өнүккөн мамлекеттерди жалаң гана ички дүң продукциянын көлөмү, экспорт менен импорттун айырмасы, адамдардын алган айлыгы менен эмес, а балким кайрымдуулук кылуу маданиятынын көрсөткүчү, көчөдө жылмайып жүргөн адамдардын саны, жакыр болсо да бири-биринен ажырабаган үй бүлө мүчөлөрүнүн көптүгү менен тандай турган мезгил келди.

Давос шаарындагы бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун акыркы жыйналышында илимпоздор тарабынан өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдү баалоодо жаңыча критерийлерди кабыл алуу сунушталды. Мисалы мамлекеттин канчалык бай экендиги эмес, өлкө ичиндеги байлыктын канчалык деңгээлде адилеттүү жана тең бөлүнгөнү, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын аралыгы, демографиялык өсүш ж.б. Бул призма аркылуу карай турган болсок АКШ жана Европа өлкөлөрү эң акыркы сапта, ал эми көптөгөн Африка жана мусулман өлкөлөрү сап башында болуп калат экен. Негизи “өнүгүү” деген сөздү ар бир коом өз алдынча түшүнөөрүн белгилеп кетиш керек. Акыркы 30 жылдын ичинде кыргыздар дүнүйөнүн артынан күлүк жарышка түшкөндөй чуркаганы менен , көпчүлүгү эмне үчүн деген суроону өзүнө бере элек. Эмне үчүн жашаганын билген адамга кантип жашоо деген маселе жаралбайт.

Дегеле кыргыз үчүн телегейи тегиз, өнүккөн адам ким, кандай болушу керек, туугандар?

Пикир калтырып кетсеңиздер, сураныч.

Урматым менен, Нуриет Абдулазиз

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс