Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / Саид Харази: «Иран санкцияга карабастан өзүндө коронавирусту жеңип, Кыргызстанга да жардам берүүдө»

Саид Харази: «Иран санкцияга карабастан өзүндө коронавирусту жеңип, Кыргызстанга да жардам берүүдө»

Категория: Борбор Азия — Published: 19/05 — 16:56

Мурда маалымдалгандай, 18-майда Иран Ислам Республикасы Кыргыз Республикасына коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жеткирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында, чек аралар убактылуу жабылгандыгына жана эл аралык аба каттамдарынын токтогондугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу кабыл алынган карантиндик чаралардан улам чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алып келүү иштеринин алкагында Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен мекендештер жана гуманитардык жардам келди.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазинин катышуусунда өттү.

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү.

Иран Ислам Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам берүү учурунда сүйлөгөн сөзү:

— Бүгүн, 18-май мен үчүн Иран менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштын дагы бир жакшы учуруна күбө болуудабыз. Мен бул окуя адамдардын ортосундагы өз ара сый-урмат менен достуктун айы болуп саналган Ыйык Рамазан айында болуп жаткандыгына чоң кубанычтамын.

— Бүгүн биз Иран Ислам Республикасынын  өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасына коронавируска каршы күрөшүүдөгү жардамынын алкагында Хорасан-Разави провинциясынын Администрациясы тарабынан берилген гуманитардык жүктүн бир бөлүгүн тапшыруудабыз.

Мен Хорасан-Разави провинциясынын администрациясына, “Киш-Эйр” авиакомпаниясына, Кыргызстандын Тегерандагы Элчилигине, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине, Транспорт жана Жарандык авиация министрлигине бул жардамдарды жөнөткөндүгү жана жеткирип бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Иран Ислам Республикасынын өкмөтү бул жардамдарды коронавирус эпидемиясы башталган учурда эле жөнөтүүнү каалаган, бирок илдет кеңири жайылып кеткендигине байланыштуу акыркы эки айда Иранга каршы көрүлгөн катаал чаралар менен карантинден улам, ошондой эле транспорт менен жеткирүү көйгөйү жаралгандыктан, бул жардам алгач белгиленген мөөнөттөн кеч жеткирилип жатат.

Биз Иран Ислам Республикасы акыркы эки айда өлкө ичинде илдеттен дарылоо иштеринде санкцияга карабастан өлкөдөгү окумуштуулардын аракети менен коронавирусту ооздуктоодо жакшы натыйжаларга жетишип, бүгүн дос жана бир тууган Кыргызстанга гуманитардык жардамды жөнөтүүгө жетишти. Буга чейин, өткөн жумада биз ушундай эле гуманитардык жардамды Тажикстанга жөнөттүк.

Мешхед жана Ош шаарларынын ортосунда достук мамиле түзүү тууралуу документке кол коюлгандыгын эске алып, Кыргызстандын өкмөтү бул жардамдын бир бөлүгүн Ош шаары менен Оштун жашоочуларына бөлүп берет деп ишенебиз.

http://www.ca-irnews.com/kg/central-asia-kg/87610-%D1%81%D0%B0%D0%B8%D0%B4-%D1%85%D0%B0%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B8-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD-%D1%81%D0%B0%D0%BD%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F%D0%B3%

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс