Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Бектуруш Салгамани: Адахан Мадумаровко

Бектуруш Салгамани: Адахан Мадумаровко

Кулу эмессиң көр дүйнөнүн, мал, пулдун,
кулусуң сен-Кудай, чындык, калкыңдын.
Кызмат орду-өмүрдөгү ордуна,
көбүнчө төп келбейт экен ар кимдин.

Душман таппайт акыйкатты айтпаган,
душман таппайт кара башын сактаган.
Чобурлар-көп, чыгарышпай алдыга,
чалып, тосуп келатышат аркаңан.

Калчап, бийлеп калкыңды кас, коногу,
Кыргызстанды ээсиз мүлктөй тоноду.
Сыртта калдың төрдө отурар кезиңде,
сабатсыздар чыкты сенден жогору.

Сени колдоо-коргоо Мекен тагдырын,
сени колдоо-коргоо кыргыз бактысын.
Арампөштөр билет, такка сен келсең,
албай калат арам жолдон алчусун.

Көкөлөбөй турат элдик туу бүгүн,
көтөргөнгө татыктуу журт уулусуң.
Өмүрүңдү каршы коюп арамга,
өрнөк, үлгү сенсиң ар бир муун учун.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс