Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / «TOEFLге даярдануу стратегиялары» вебинары өттү

«TOEFLге даярдануу стратегиялары» вебинары өттү

Кечээ, 17-майда Онлайн Университет платформасы “TOEFL эмне жана эмне үчүн керек?” – деген суроолорду камтыган кызыктуу жана пайдалуу вебинар өткөрдү.

Вебинарда TOEFL тестине даярданууда эң керектүү стратегиялары баяндалды. Тестке кантип туура даярдануу керек экени жана жогорку баллга жетүүнүн жолдору үйрѳтүлдү. Тестти тапшырган студенттердин эң кѳп кетирген каталары талкууланып, аларды алдын алуучу жолдор сунушталды.

Жаңы ачылган Онлайн университетинин курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген мекендештерибизден жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу педагогдордон  турат.  Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү  онлайн  режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген  мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын  көздөйт.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс