Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Жамалбек Ырсалиев: «Кыргыздар хандардын убалына калган элбиз”

Жамалбек Ырсалиев: «Кыргыздар хандардын убалына калган элбиз”

Оюнчук.
Жашоо так ушул менин уулумдун оюнчугундай эле болуп калды. Адам деген атыбыз бар. Кудай берген акылыбыз бар. Жүрөктө сезимибиз бар. Бирок…Акылыбыз дал ушул наристеникиндей.
Себеби,оюнчука алданабыз да беш жыл бою оюнчука айланабыз. Жөн дагы ойношпойт. Алдап ойношот. Жүрөктөгү сезимибизди талкалап ойношот. Ишенимибизге жаба сийет…
Бирок… көңүлүбүз эч калбайт. Жаман да болсо өз улагыңдан теке сал-деген принципти кармап алабыз. Анан жердешим, кудам, бажам, кайын журтум,таяке-жээним, эң айласы кетсе университетте чогуу окуганбыз….деги койчу 6 миллион кыргыз бири-бирибизге бир тууганбыз. Анан келечекти эмес күнүмдүк акчаны жакшы көрөбүз…бир досум депутат болом деп өзүнүн тоолуу районуна 550 миң доллар коротуп 5 жыл даярданды. Элге таза суу чыгарып, жерин айдатып, канал каздырып, колунда жок жердештеринин балдарын окутуп… соопчулук кылып жатам деген ой менен жасай берди. Бирок, ниетинде депутат болуш максаты эле. Эли сатты…беш жыл даярданган 550 миң доллар накталай акчасын чачып районун көтөрүп жаткан досумду бир эле жолу барып, бир түндө 1000 (миң)сомдон таратып бергендер мыш кылып кетти. Аябай ыза болду. Мага арманын айтып элге ишенип болбойт тура дейт. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дейт эмеспи, мен айранды “морозильнике” тоңдуруп ичип калгам. Элге соопчулук кылып жатам деп ойлогонубуз менен максатыбыз депутат болуш да туурабы Досум? Демек, ниетибизге жараша биздин ишибиз же соопчулук эмес,же депутат эмеспиз…
Биз элди алдайбыз. Эл бизди алдайт. Турмуш деген баланын оюнчугу…

Кыргызга жагыш үчүн өлүш керек…
Хандардын убалына калган элбиз. Исхак Раззаков кандай кызмат кылды эле… Турдакун Усубалиев карыганда жектеп койдук… Абсамат Масалиев кандай таза адам эле…Акаевди кубаладык, Бакиевди кубаладык, Атамбаевди камадык, азыркы президенттин сүрөтүн чыгарып, бешигин терметкенсип атын кыскартып эркелетип анан бассак-турсак эле сөгө беребиз… Дүйнөгө кыргызды дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовго бир кичинекей элчиликти ыраа көрбөдүк… Кыскасы, өз баркыбызды өзүбүз билбеген бир шордуу эл болуп жатабыз. Лидер чыкпай жатат дейбиз. Лидер болуп элди ээрчитип чыгайын десең сенин лидерлик сапатыңды эмес,элим үчүн ак иштеп берем деген чын жүрөктөн чыккан сөзүңдү эмес, өзүңдү талкуулашат. Уруусу ким экен? Канча аял алыптыр? Арак ичет бекен? Нашаа чегет бекен? Артында ким турат экен? Толгон токой суроо беришет дагы, өздөрү кайра жооп жазып башташат. Анан өздөрү жазган жооптун негизинде, сени аягында жомокчу, аферист, альфонс, алкаш, наркоман бузулган адам кылып салышат. Анан кыйын болсоң актанып көр… Ушакты өзүбүз жазып туруп,кайра өзүбүз ишенип алабыз. Кудум эле балдарды алдап конфет таратып жатыптыр деп, кайра аркасынан чын эле таратып жүрбөсүн деп чуркап кеткен апендидей өзүбүз ишенип кетебиз…
Анан кимдин лидер болгусу келсин. Чындыкты бетке айткан киши эч кимге жакпайт. Азыр социалдык желелерде жалданган солдаттар отурушат. Фейк деген жүзү жок адамдар. Алар бат эле таш-талканыңды чыгарып, элге жаман көрсөтүп коюшат. Элибиз эми түшүнүп келе жатат. Таза шайлоо кылып, жеңсе болот деп ишенейин десең, койнуңда жаткан аялыңдын, бапестеп баккан балаңдын добушун да коргой албайсың. Аялың сенин эле партияңа добуш бердим дейт. Өзүң да бергенсиң…аялың менен балаң да добуш берген. Бирок, бюллетень боюнча бир эле добуш алып калгансың…анан бирдеме десе, электрондук эсептегич менен акылдуу урна эсептеди дешип кол жайып, билбейбиз деп коюшат. Кыйын болсоң добушуңду коргоп ал.Кызыңды сот зордуктаса арызданып кимге барасың дегендей болосуң…
Шайлоо деген менин жана сиздин балаңыздын оюнчугу.Акыры кыргыз элибиз жеңишке жетет. Элибизге татыктуу лидер келет деп ишенип жашап келе жатам. Эч ким чыкпаса мен Лидер болуп берейин, казынанын бир сомуна кыянаттык кылсам аянтка алып чыгып асып салгыла-деп кыйкырып чыккым келет. Бирок, эч ким ишенбейт… Жөн гана кыялым менен Кыргызстанды өнүккөн мамлекет кылып, дүркүрөгөн күчтүү державага айлантып алам да, кыялым менен “Президент”-боло бергенди жакшы көрөм. Анан чарчаганда кыялдар орундалат, Кыргызстан обондору деп кыңылдап ырдап коюп, эшике чыгам да сүйүктүү шаарымды тиктеп алып, элиме болгон чыныгы сүйүүм, жериме болгон мекенчилдигим, Манас атама болгон сый-урматым, Кудайга болгон ишенимим бар экенине жана Кыргыз болуп жаралып калганыма сыймыктанып ыраазы болуп калам… Баарыңарды чын жүрөктөн сүйөм. Кемчилиги жок адам болбойт. Туура эмес болсо кечиргиле алтындарым. Бир сом акча бербестен шайлоого катышып, бир сом акча жебестен элиме ак кызмат кылаар күн да келээр…

Ага чейин аман бололу! Сиздерди Кудай үчүн сүйгөн, терең урматтаган замандашыңар Жамалбек Ырсалиев.

https://koom.press/zhamalbek-yrsalievkyrgyzga-zhagysh-%D2%AFch%D2%AFn-%D3%A9l%D2%AFsh-kerek-handardyn-kaaryna-kalgan-elbiz/?fbclid=IwAR1BMy8ahjDJX0uMwPdsbjEnNCMcHIfN8kqYxb9UQMP963pw8LbRYYFQf2k

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс