Суббота , 30-Май 2020

СУНУШ

Эмне кылуу керек? Азыр маселе ушундай турат. “Чоң Казаттын” жигиттери музду жарып беришти. Мындай тарыхый кырдаал экинчи ирет кайталанбасын, темирди кызуусунда сокпосо натыйжа чыкпасын түшүнгөн эл, улам барган сайын бекем уюмдашууда. Ушул күнгө чейин жашырылып келген маалыматтар ачыктала баштады. Эл өзү жеп-ичкичтердин бетин ачууда жигердүү катышууда. Анан калса өлкө экономикасы очорулуп, сырткы карыз жылдан жылга өсүп, чек арада октор атылып, туташ жумушсуздук элдин айласын кетирип турган чакта мыйзамсыз байыгандардын мүлкүн улутташтыруудан башка маселени ыкчам чечүүнүн жолу жок.

Мыйзамдуу жолу КРнын Парламенти депутаттардан, мамлекеттик бийлик органдарынан жана коомчулуктан өкүлдөр кирген, менчиктин түрүнө карабастан текшерүүгө ыйгарым укугу жетиштүү Комиссия түзүп, иштии колго алса жарашмак. Бирок, андай кадамга жемкорлордун уюгуна айланган, күн карама ЖК бара албасы бештен белгилүү.
Экинчи дагы бир мыйзамдуу жолу өлкө башчы катары Президент демилгени алып, ошондой эле Комиссия түзүп, өзү жеке көзөмөлүнө алса иш ордунан жылмак. Бул боюнча коомчулукта эки анжы пикир өкүм сүрүүдө. Бир тарабы “Президент өзү коррупциялык системанын адамы болсо кантип күрөшмөк эле” дешсе, экинчи тарабы “элдик кызыкчылык үчүн кара чечекей досун абакка алганга эрки жеткен адам, мындан ары да эл тарабында болууга саясий эрки жетет”- дешкендер бар. Күткөнгө убакыт жок. Коомдук-саясий кырдаалды туура түшүнүп, чапчаң жана чечкиндүү кадамдарды жасоону турмуш өзү талап кылып жатат.
А эгер мыйзамдуу жолдор боюнча кыймыл-аракеттер башталбаса, анда эл 3-жолу көтөрүлүүгө аргасыз болот. Албетте ал айласыз кадам болгондуктан, мурдагы эки жолку революцияга караганда алда канча каардуу мүнөздө болушу мүмкүн. Анын бетин ары кылсын, “жаман айтпай жакшы жок”-дегендей саясий процесстин алдын алып, кыргыз коомчулугу кепке келүүсү керек. Мыйзамсыз жол менен байыган жемкорлордун мүлкүн казынага кайтаруу менен сырткы карыздарды жаап, элди жумуш орундар менен камсыз кылуу маселеси эртерээк чечилбесе кайрадан элдик толкундоолордун чыгышы турган иш. Анан калса жумуш издеп дүйнөгө чачырып кеткендердин бир тобу таажылуу вирустун таасири менен Кыргызстанга чогулду. Мурдагыдай элди акча берип, үгүттөп олтурбай эле паланча күнү, паланча саатка десе эле эл өзү агылып келгенге даяр болуп калды. Демек, маселени эртеңкиге калтырбай мыйзамдуу, тынчтык жол менен чечүү жөнүндө баарыбыз ойлонушубуз керек. Сиздин пикир кандай , урматтуу замандаш?

Кадыр Кошалиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс