Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Маска тагуу маданияты жана зарылдыгы

Маска тагуу маданияты жана зарылдыгы

“Боекчу, боекчу десе сакалын кошо боептур” дегендей маска тагыш керек десе тоо-талааларда да маска тагып алгандар көбөйдү. Адам аз көчөлөрдө, жалгыз автоунаа айдап баратканда да маска тагып жүргөндөр көп учурайт. Медицина илимдеринин доктору Ташболот Балтабаев минтип таза абада, жалгыз жүргөндө маска таккандар деми менен чыккан көмүр кычкыл газына өздөрү ууланып, ден соолугу зыянга учурарын эскертет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маска тагуу оорулар менен байланышта болгон дарыгерлер, адамдар үчүн зарыл дейт. Калган учурларда маска тагуунун пайда, зыяны иликтенип жатат деп, бир жактуу сунушун айтпайт.

Россия бийлиги коомдук транспортто, соода жайларында жана ишканаларда маска тагууну сунуштайт. Бул акылга сыярлык сунуш.

Бишкек мэри Суракматов маска такпагандарга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат деп коркутат. Кайсыл жерде же учурда такпагандарга айып пул салынарын тактабайт. Мындай чаржайыт жана ойлонулбаган чечимдер өзүм билемдикке, өкүм зордукка, адамдарды кыйнап акчасын алууга алып келет. Мэрдин көздөгөнү ушулбу?

Көчөдө маска тагуу милдеттүү болсо, анда терезелерди ачып желдетүү да коркунучтуу деген абсурддук чечим чыгарыш керек го…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс