Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Дүйнө / Аль-Захра университетинин дүйнө университеттеринин рейтингиндеги жетишкендиктери

Аль-Захра университетинин дүйнө университеттеринин рейтингиндеги жетишкендиктери

Ирандын Аль-Захра университети, Times Higher Education эл аралык журналынын рейтинги боюнча, дүйнөдөгү эӊ мыкты университеттердин бири деп таанылып,  эӊ таасирдүү 200 университеттин катарына кирди. Times Higher Education эл аралык журналы тарабынан экинчи ирет жүргүзүлгөн эффективдүү университеттердин рейтингинин эӊ соӊку жарыяланган жыйынтыгынын негизинде, Аль-захра университети катталган 766 университеттин ичинен 101-200 упай менен, дүйнөдөгү эӊ мыкты 200 университеттин жана Ирандагы эӊ мыкты 2 университеттин катарына кирди.

Ошону менен катар, Аль-Захра университети жакырчылыктан арылуу, таза энергияга жетүү, жер үстүндө туруктуу жашоо иш-максаттары боюнча ийгиликтерге жетип,  дүйнөдөгү эӊ мыкты 100 университеттин катарына кирди жана башка иш-максаттарда алдыӊкы орундарга жетишти. Бул рейтинг, жогорку окуу жайлар тарабынан туруктуу өнүгүүгө жетүү максатында, университеттердин социалдык жана экономикалык таасирин баалайт.

АльЗахра университети – Иран Ислам Республикасындагы жападан жалгыз кыздар университети жана аялдардын жогорку билиминин символу болуп саналат.

Төмөндө, Ал-Захра университетинин рейтингдеги ар бир иш-максаттар боюнча жадыбал берилди:

Аль-Захра университетинин эӊ мыкты упайлары

SDGs Иш-максаттар Дүйнөлүк упай ТОР
SDG 1 – no poverty Жакырчылыкты жоюу 49 50
SDG 2 – zero hunger Ачкачылыкты жоюу 101-200 200
SDG 3 – good health and well-being Чын ден-соолук жана бакубаттуулук 401-600 600
SDG 4 – quality education Сапаттуу билим 401-600 600
SDG 5 – gender equality Гендердик теӊдик 101-200 200
SDG 6 – clean water and sanitation Таза суу жана санитария 91 100
SDG 7 – affordable and clean energy Таза энергияга жетүү 65 70
SDG 8 – decent work and economic growth Экономикалык өнүгүү жана жумуш орду 101-200 200
SDG 9 – industry, innovation and infrastructure Инфраструктура жана инновация өнөр жайы 401+ 401
SDG 10 – reduced inequalities Теӊдиксиздикти төмөндөтүү 201-300 300
SDG 11 – sustainable cities and communities Туруктуу коом жана шаар 101-200 200
SDG 12 – responsible consumption and production Жоопкерчиликтүү өндүрүш жана керектөө 101-200 200
SDG 13 – climate action Климат үчүн аракет 201-300 300
SDG 14 – life below water Сууда алдындагы жашоо 99 100
SDG 15 – life on land Кургактыктагы жашоо 30 30
SDG 16 – peace, justice and strong institutions Тынчтык жана адилеттүүлүк 201-300 300
SDG 17 – partnerships for the goals Коюлган максатка жетүү үчүн кызматташуу 101-200 200

 

Times Higher Education рейтингиндеги Иран университеттеринин  жетишкендиктери  2020-жыл.

Университет Дүйнөлүк упай
Иран медицина илими университети 55
Аль-Захра университети 101-200
Систан жана Белучистан университети 301-400
Амир Кабир университети 401-600
Бабол ноширвани технологиялык университети 401-600
Исфахан медицина илими университети 401-600
Мухаге Ардабили университети 401-600
Шахид Бехешти медицина илими университети 401-600
Тебриз университети 401-600
Тарбиат-е Модаррес университети 401-600
Занжан медицина илими университети 401-600
Шахид Мадани атындагы Азербайжан университети 601+
Фаса университети 601+
Кашан университети 601+
Хожа Насир Ад-дин Туси университети 601+
Курдистан университети 601+
Шахид Бахонар атындагы Керман университети 601+

 

Шилтемелер:

https://en.alzahra.ac.ir/-/alzahra-university-ranked-101-200

https://www.alzahra.ac.ir/page-templateuni/fa/0/dorsaetoolsenews/47516-G0/

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс