Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Дайджест / Кыргызстан Өзбекстанга гумжардам жөнөттү

Кыргызстан Өзбекстанга гумжардам жөнөттү


Сардаба суу сактагычындагы ташкын коңшу Казакстанга да жетип келди. Мактарал районунан тартылган сүрөт.
Сардаба суу сактагычындагы ташкын коңшу Казакстанга да жетип келди. Мактарал районунан тартылган сүрөт.

Гумжардам 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат.

Сардаба суу сактагычы 1-майда жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.

Дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны коңшу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптаган. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлгөн жана 5,5 миң адам эвакуацияланган. (RK)

https://www.azattyk.org/a/30605082.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс