Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Дүйнөдөгү зобололуу илимий журналдарга макала чыгаруу тууралуу вебинар өтөт

Дүйнөдөгү зобололуу илимий журналдарга макала чыгаруу тууралуу вебинар өтөт

Эртең, 12-майда, саат 15.00дө Scopus жана Web of Science журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?” аталыштагы вебинар өтөт.

Вебинарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, доц.м.а.(PhD) Бактыбек Исаков илимий коомчулуктагы таасирдүү эл аралык журналдарга макала жарыялоонун талаптары жана эрежелери тууралуу маалымат берет.

Анда эл аралык журналды тандоо, байланышуу, илимий макаланы редакторлорго сунуштоо менен бирге илимий макаланын мазмуну жана структурасы боюнча жалпы талаптар тууралуу сөз болот. Вебинардын мазмуну чет элдик илимий макалаларды жазуу боюнча курстардын негизинде иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, дүйнөдө бардык жогорку окуу жайларынын, аны менен бирге окумуштуулардын бедели аталган маалымат базасына кирген басылмаларда чыккан макалалары менен өлчөнөт.

Эске салсак, Scopus жана Web of Science журналдарына макалаларын жарыялоо талабы учурда кыргызстандык изилдөөчүлөргө кандидаттык жана докторлук  диссертация жактоо үчүн коюлуп келет.

 

Каалоочулар бул адрес менен катышыңыздар: ZOOM вебинардын идентификатору:

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс