Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Аналитика / ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАШЫЛЧАЛАР, КЫРГЫЗСТАНДАН «ЖАШЫЛБАЙЛАР»…

ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАШЫЛЧАЛАР, КЫРГЫЗСТАНДАН «ЖАШЫЛБАЙЛАР»…

Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту акыркы жылдары аябай өсүп баратат. Карап көрүңүз, эгерде 2017-жылы Өзбекстан Кыргызстанга 178 млн. долларга товар экспорт кылса, 2018-жылы 269 млн. долларга, 2019-жылы 679 млн. долларга экспорт жасаган.Экспорттук товарлардын негизги бөлүгүн жашылча-жемиш, мөмө, жер-жемиштер түзгөн.

Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 2019-жылы болгону 150 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 529 млн. долларды түзгөн. Демек, Кыргызстандан ошончо акча Өзбекстанга чыгып кетип жатат. (соодадагы мындай тескери баланс улуттук валютанын туруктуулугуна эң катуу коркунуч экени белгилүү).

Азыр Сары Өзөн дыйкан базарына барып сурасаң мөмө-чөмө, картошка, помидор, бадыраң, сарымсак, капуста сыяктуу жашылча-жемиштердин баары Өзбекстандан алып келингенин айтышат. “Өзбектер гана иштеп жатат”- дешет.
Кыргызстанда эми жандана баштаган күнөскана бизнеси эмне болду экен деген сар-санаа ойлор келет. Баа атаандаштыгында биздин дыйкандар, ишкерлер климаттык шарты дурусураак, газы арзан өзбек дыйкандарына туруштук бере алып жатабы?

Эки өлкөнүн соода балансындагы мындай тескери баланс жакшы эмес. Ал нааразылыктарга алып келет.
АКШ менен Кытай соодасында өтө чоң тескери баланс бар АКШнын пайдасына эмес. Ошондуктан президент Трамп Кытайга соода согушун баштап, АКШ товарларын Кытай көбүрөөк сатып алуусун, соода балансын сактоону талап кылып жатат.

Биздин өкмөт жана бийлик Өзбекстан менен мамилени жакшыртууга барып, соода-экономикалык кызматташуулардын дарбазасын ачканда ички базардын кызыкчылыгын эске алган эмес. Аны коргоо чараларын көргөн эмес. Бул тууралуу 2017-жылы Адахан Мадумаров катуу эскерткен.

Эми бийликтегилер коррупциянын акчасына, жарандарыбыз мигранттар салган акчага кошуна мамлекеттин жашылча-жемиш, мөмө-чөмөлөрүн жеп, өзүбүздүн чарбаны биротоло жоготуп алабызбы?…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс