Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / Зайырбек эң оболу адамкерчилиги бийик инсан болчу…

Зайырбек эң оболу адамкерчилиги бийик инсан болчу…

Мына, бүгүн да баарыбыз түбөлүк өмүр сүрөбүз деген жашоонун убактылуу экендигине, ажал ар бирибизди айттырбай, күттүрбөй туруп бир күн алып кетерине моюн сунуп отурабыз…

Мен Зайырбектен бир топ жаш улуу болсом да бири-бирибизди студент кезден жакшы билип, ошол учурдан тартып ортобузда сый гана мамиле болуп келди.

КМУнун журфагында биз 5-курс болгондо, алар 1-курс болчу. Анан Абдурасул экөөсү эгиз козудай болуп эки орундук чакан бөлмөдө №10 жатаканада жашачу. Мен өзүм колунан жетелеп келип киргизген бир тууган бөлөмдөн кабар алганы кирип калып, Зайырбекти күндө көрчүмүн. Ал дайыма колунан китеп түшүрбөй, айылдан келген нан, боорсок, май, өрүккө курсакты тойгузуп алып, өзү кумир туткан Мурза Гапаровдун, Хемингуейдин чыгармаларын окуп жаткан абалы күнү бүгүн көз алдымда. Эмнегедир Зайырбекти азыркыга чейин бир тууганымдай көрөт элем, ал да мени көргөндө ийиле салам берип, күлүп, «Эмил аке…».- деген сөзү жан дүйнөмдү жыргатып коёр эле.

Көрсө, азыр ойлосом, сенин акындык тубаса адамкерчилик, бийик сапатың, эч кимге жаман сөз айтпаган кичипейилдигиң мени, балким башкаларды деле өзүңө магниттей тартып турган окшойт. Акыркы мезгилде жеке карым-катнашыбыз болбосо да сенин чоң уулуң аскер болгондугун, кызың Карлыгач чоңоюп аткандыгын ФБдагы постторуңдан көрүп, окуп, чыгармачылыгыңда гана эмес, жеке турмушуңда да ийгиликтер жаралып жаткандыгына өзүбүздүкүндөй кубанчубуз. Өткөн жекшемби беле же андан мурдагы жекшемби күнү беле, адаттагыдай эле үйдө иштеп жүрсөм, Зайырбек чалып калып: «Эмил аке, мага үч тоок керек эле «Азаттыктан» жөө баратам…»,- деди. Мен «сен жеткенче союп, тазалай коёюн…,- деп, үйүмдө убактылуу жүргөн группалашы, досу, менин бир тууган бөлөм Абдурасулга «Зайырбек досуң келатат…»,- десем, чочуп кетти.

Аңгыча Зайырбек келип калып, мен тоокту даярдаганча көп жылдар боюу көрүшпөгөн достор көк майсаңда бир аз сүйлөшүп отурушту… Тез эле анын буюртмасын даярдап, алып чыгып берсем, желкесине асынган сумкасына сала баштады. Бирок ичинде китептери бар экен, аларды суу болбосун деп, өйдө жагына коюп бердим. Эмнегедир адатта чечилип сүйлөбөгөн, мени дайыма «Эмил аке…».- деп эле сурашып калчу иним бул ирет бир аз сылтый басып, андан ары Дордой тараптагы үйүнө жөө кетүү үчүн жолду сурап, «Ээ, бүгүн жолум болбой калды…»,- деп үшкүрдү. «Эмне болду?»,- десем, «Айдоочулук күбөлүгүмдү үйдө унутуп калган экенмин, ГАИ токтотуп, машинамды айып аянтчасына токтотуп салды, эми эртең ГАИге чуркаш керек…», — деп, аябай кейиди. Мен эч нерсе эмес, «Азаттыктын» күбөлүгүн көрсөтсөң кармамак эместир деген сөздөрдү айтып, узатып койдум. Эртеси күнү ФБдан да «Кечээки 3 — «,- деп ошол күнү жолу болбогон үч жагдайды жазды. Ошондо да мен ал пикирине «Эми үч ыр жазып сал…»,- деп тамашалаган болчумун. Абдурасул экөөбүз Зайырбекти узатып койгондон кийин ал карантинге байланыштуу квартиранттарынан бир айлык батир акысын кечкендигин, алардын айылга кеткени кетип, кете албагандары кыйналып жатышкандыгын, өзүнүн кредити бар экендигин, аны кантип төлөөнү ойлонуп аткандыгын, ден соолугу начарлап бараткандыгын… айткандыгын уктум.

Көрсө, ошол күнү сен досуң жана агаң менен коштошкону келген турбайсыңбы… Сыягы, сенин акындык назик жүрөгүң жакын досуң, кыргыздын арманда кеткен булбулу Элмирбекти жоготкон оор кайгыны, жок жерден ойлоп табылган каргашалуу карантинге байланыштуу жеке өзүң гана эмес, тегерегиңдегилер, жалпы кыргыз эли кыйналып аткандыгын көтөрө албады окшойт… Балким, бийликтегилер сендей адамдардын жан дүйнөсүнө аруулук тартуулаган, чыгармаларындагы кыялдары менен жашаган акындар менен интеллигенцияны баалап-барктабай, алардын бир куплет ырын билмек турсун, окуй албаган, окуса да маани-мазмунуна түшүнбөгөн арамзалар менен митайымдарга тебелеткен кыянатчылыгына түтпөй, күйгөндүрсүң. Же ар бир ыр сабыңда аздектеген «Кыргызстан» деген мамлекетиңдин өспөй эле, артка кетип аткандыгына кейигендирсиң. Бирок кечээ кечке маал сенин кайтыш болгондугуңду угуп, башыма союл тийгендей көпкө ишене албай турдум. Ошол шум кабарды укканда нес болгон менен азыр кабинетке келип, эч ким жокто ушул эскерүүлөрдү жазып, ыйлап атам…

Бул адилеттикти арамдык, ак ниеттикти кара ниеттик жеңген жалган дүйнөдө дагы бир топ жашасаң эмне болмок? Сенин адамзатка адамкерчиликтин нурун чачып, сезимдерди арууланткан, мекенчилдикке үндөп, жашоого шаң тартуулаган ырларыңды дагы бир топ жазсаң эмне болмок? Сенин 50, 60, 70 жылдык юбилейлериңди өткөрсөк, артыңдагы кыздарың менен балдарыңдын жакшылыгын, кызматын көрсөк эмне болмок? Бирок сен баардык күйөрмандарыңды таштап кетип, бул дүйнө, жалпы кыргыз эли жетимсиреп калдык. Ошол мындан саналуу күндөр мурда досуң Элмирбекти түбөлүк жайга узатып жатып топурак салганда өзүң да көп өтпөй анын жанына түбөлүк жатып каларыңды билдиң бекен…

Сен бул жарык дүйнөгө келгин куш сымал учуп келип, артыңдан ырларың аркылуу жан дүйнөңдөгү аруу сезимиңди калтырып кеттиң. Кош, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Зайырбек иним. Ыйык Рамазан айында кеттиң, сөөгүң куттуу жума күнү түбөлүк жайга берилет, жаткан жериң бейиш болсун…

Emilbek Momunov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс