Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / Короновирус шылтоосу менен бийлик акча уурдап жатабы

Короновирус шылтоосу менен бийлик акча уурдап жатабы

Короновирус пандемиясы шылтоосу менен, өкмөт айрым жарандар менен жеке ишкерлерден жардам алуу менен алек. Ушул эле өкмөт элден жана тыштан келген финансылык жардамды кемирип гана жаткандай, дегенибиз киреше жана чыгаша боюнча так айтылган ачык маалымат жок болуп жатат. Себеби, коронавирустан айыкты деген жарандар тийиштүү медициналык жардам албай же бир дагы дары дармек ичпей эле жөн гана изоляцияда жатып, бир айдан кийин айыктың деген тыянак менен ооруканадан чыгарылганын айтып чыгышты. Мындан дагы тереңирээк ойлонуп көрсөк, айрым адамдарды атайын обсерваторияларга жайгаштыруу менен социумда илдетти жуктуруп алган деген пикирди жаратып, ооругандардын санын жасалма көбөйтүү менен билдирүү тарап жаткан жокбу? Себеби, айыкты деген адамдар анык чындыкты ачыкка чыгарып жатышат. Оорулу деген адамды бир дагы даары менен даарылабай, атайын анализдерди алгандарынан алып, айрымдарынан албай деле, бир ай же он төрт күн (14) кармап туруп анан айыкты кылып чыгарып жатканы, доктурлардын же бийликтин бул “испектакелинде” кандай кызыкчылык бар деген ойду жаралат. Балким атайын ооругандардын санын көбөйтүү менен ички жардам жетишпей жатабы, айтор мамлекет чет элдик уюмдардан дагы насыя алып, тышкы карызды көбөйтүү менен алекби деген суроо өзүү эле туулуп жатпайбы. Өкмөт 30 млрд (отуз миллиард) сом түшпөй калды деп жарыя салды. Ал каражат бюджетке түшкөн күндө дагы мамлекетин экономикасына өтө деле таасир бермек эмес! Анткени, мамлекеттин бюджеттиндеги акчанын алтымыш пайызы (60%) ууру чиновниктердин 50 миң сомдук костюмдарынын чөнтөктөрүнө толуп атпайбы. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда “Бюджеттен 60% акчаны бийликтин адамдары уурдап алышат экен” — деп официалдуу жарыя кылган. Уурулуктун бетин ачкан үчүн, ууру президент Атамбаев тез аранын ичинде Темкени кызматтан алганын унутуп койдукбу? Карапайым эл өкмөттүн жардамы жок эле өз оокатын кылып келе жатат. Кыбырап жөн оокатын кылып жаткан элдин ырыскысына кол салуудан уялбаган ошол эле бийлик менен сот, прокуратурасына кошулуп каржы полиция менен милиция экени жалганбы? Бийлик канча байыган сайын ошончо ач күсөн болуп, кайра дагы кузкундан бетер тойбой келет…
Ал эми күнүгө ММКлардан айтылып жаткан мамлекет тарабынан 50 тонна ун, 1000 пакет азык-түлүк ж.б.у.с берилген “ГУМ” жардамдын бирөөсүн дагы көрө элекмин. Он жыл мурун эле 2-топтогу майыптыгым боюнча пенсияга чыккам, азыр жашым 70ге барып калды. Алган пенсиям 2 120 сом, бирок пенсионер деп мага эч ким ун, май же маска деле бере элек. Тегеректеги кошуна колондордон сурасаң гум жардам алган деле адам жок. Деги эле ооз көптүрө сүйлөгөндү токтотсо, анткени байлардын ыргыткан сөөктөрүнө тойгон саткын жүрналисттер көбөйду. Чынында эл арасында ой-пикир жараткан журналисттер демократия алкагында баарына эркиндик деген таризде, ууру, кылмышка аралашкан байларды коргоого алып, карапайым элдин психологиясына терс таасирин тийгизип келет. Ачык айтканда ууру, коррупционер жана кылмышка шектүү бийликтин сүткорлорун мактоого алган журналисттер өлкөгө зыян эле тартуулап жатканын коомчулук жакшы эле билет. Мындай көрүнүш өнүгүү жолундагы цивилизацияны талкалачу кадам, анткени акыл эсибиз атайын өзүбүзгө, өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Журналисттер жалданма же саткындык позициядан баш тартпаса, кыялыбыздагы келечекти курууга мүмкүн эмес!”
Укук коргочуу Булатов Качкынбек

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс