Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / “Акча эмес, адам издеп келем мен”…

“Акча эмес, адам издеп келем мен”…

Кайраным! Көп сүйлөштүк. Көп пикирлештик. Көп идеяларды чогуу ишке ашырабыз дедик. Хадистердин маанисин ыр менен жазып, кыргыз баласы түшүнө турган, колдон түшүрбөй окуй турган китеп чыгаралы деп сүйлөшкөнбүз.

Акыркы кат жазышуубузда “Нуке, “Матис” же “Нексия” алышым керек. Аз ичет экен. Баасы да арзан экен. 80-90 миңдин тегерегинде болсо, 3 бөлүп төлөйт элем деп жазган эле.
Баарыбызды кыйнагандай эле эле көртирлик кыйнады Закемди. Саясатты, күнүмдүк чарба оокатты даярдагым келбейт, поэзияны, түбөлүк дөөлөттөрдү гана жазып отурсам кандай сонун болмок деп көп айтар эле. Зайырбектей көйкашка талантка ай сайын стипендия ажыратып: “Эркинсиң, ырыңды жаз” деген бир азамат чыкпады. Ыр менен бу заманда жаныңды, бала-чакаңды кантип багасың? Журналистика тегирмени убактысын кертип жеп, канча ырлары жазылбай калды.
Закем, “Матис” алдыбы, албадыбы, аны деле билбей калдым. Бу жиниккен турмуш жиниктирип, ал керек, бул керек деп жүрүп бири-бирибиз менен дидарлашпай, көрүшпөй, кадимки адамча сүйлөшпөй деле калдык. Жумуш жок, жөн гана чалышып, сурашкан учурубуз азайды.
Маңыздуу сүйлөчү, жугумдуу сүйлөчү. Сөзүндөгү маани, юмор, какшык, көкүрөгүндөгү дем укмуш эле. Журналист катары материалдын ичине кирип, каармандарынын жан дүйнөсүнө үңүлүп жасачу.
“Асабада” иштеп жүргөндө Фаризат Асанкалый кызы экөө бомждорчо кийинип алып, кадимки бомждор менен жашап, алар көргөн күндү көрүп, анан “Акча эмес, адам издеп келем мен” деген шедевр ыр жазган эле Зайырбек.
Акындарга тагдыр керек дешет. Жетимдик тагдырдын изи ар бир ырында сезилип тураар эле. Ар бир ырында сызылган арман, өксүк бар болчу.
Ооруп жүрөм Хашим табыпка алып барбайсызбы, акчасы канча болот деп кайрылды бир жолу. Сендей патриот акындардан, бала окуткан аалым молдолордон акча албайт Хашим. Бара бер деп канча айттым. Тыйын чогултайын деп жүрүп барбай калды окшойт. Көлдө машина уруп кетип, ошонун запкысын аябай тартып жүрүп өттү Закем.
Аманатчыл эле, уятчыл эле. Карызга акча алса, ошону кайтарганча уялып чалбай койчу. Акчасын кайтаргандан кийин гана шадыраңдап чалып калчу.
Айрым акындардай болуп, асмандап кетпей, тирлигин да тың жүргүзүп, камкор ата болгонуна кубанчу элек.
Жашоого, балдарынын сүйүүсүнө тойбой кетти. Акча эмес, адам издеп өмүр кечирди.
34 жашында мерт болгон Жоомарттай, 35 те кете берген Алыкулдай, 48 жашта жарыкчылык менен кош айтышкан Жолондой аз өмүр жашады Закем. Акындык тагдыры ушундай экен.
Жаткан жериң жайлуу болсун. Арабызда ордуң жоктолуп, жетишпей тура берерсиң…

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс