Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Дүйнө / Шейх Бахаинин өмүр баяны жана сырдуу мончо

Шейх Бахаинин өмүр баяны жана сырдуу мончо

Ислам дининин пайда болуусу — дин жактоочулар өзүлөрүнүн билими жана маданияты, мусулмандардын цивилизациянын өнүгүүсүндө маанилүү салым кошууга алып келди.  Шейх Бахаи хижра жылнамасы менен XVII кылымдын белгилүү илимдерин, ислам ой-толгоолорун жайылткан факих, астроном, математик жана акын болгон.

1546-жылдын 4-март айында Ливандан анча алыс эмес жайгашкан Баалбек шаарында Мухаммад деп азан чакырылып ат коюлуп кичинекей ымыркай дүйнөгө келген. Мухаммад бала чагынан диний үй бүлөдө чоңоюп, мусулман каада-салттарын, Куранды жатка үйрөнүп, Хадистерди өздөштүргөн. Ал жети жашында атасы менен Ливандагы Жабаль-амелден Иранга келип, ошол мезгилдеги белгилүү илимдердин түрүн окуп баштаган.

Шейх Бахаи улуу данышмандардан таалим алган. Алардын биринчиси анын атасы Изза од-дин Хусейн болгон. Ал уулунун тарбиясына өтө чоң маани берип, дин укутарын, адеп-ахлакты тутууда,  түрдүү илимдерди изилдеп үйрөнүүдө  дайым демилге берип, кубаттап турган. Ошондуктан Шейх Бахаи атасын өзүнүн устаты жана жетекчиси деп эсептеген. Ал Молдо Абдулла Моддарес Яздан логика жана философия боюнча терең билим алган. Андан тышкары математика, астронмия илимдерин да терең өздөштүргөн.

Ал атасы менен чогуу жүрүп, ошол мезгилдин чоң даанышмандары жана ойчулдары менен дайым баарлашуусу, шейх Бахаинин Ислам Пайгамбарын (с.а.в.) жолун изилдөөгө болгон жеке кызыгуусу, анын илимге болгон өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн. Ал кыска мөөнөттүн ичинде эле ошол мезгилдин таанылган илимдерин терең билген өзгөчө фикх, хадистерди чечмелөөдө, математика, астрономия, адабият, тарых  жааттарында устат болуп чыга келген жана шейх-уль-ислам деген наамды алган.

Шейх Бахаи өзүнүн баалуу китеп булактарын кийинки муундарга калтыргандыгы талашсыз. Тарыхчылардын изилдөөсү боюнча жүздөн ашык китеп, илимий эмгектери калган. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири болуп “Жаме Аббаси” аттуу ислам дининдеги фикхти талкуулап, түшүндүмөлөгөн китеби, фарсы тилинде жазылган.

Шейх Бахаи тарабынан көптөгөн фикх боюнча диний жана маданий коомдук билим жогорулатуу китептер жазылган.

Шейх Бахаи архитектура тармагында да абдан мыкты адис болгон. Анын иш-чаралары дүйнөлүк атак-даңка ээ болгон. Мисалга алсак, Исфахан шаарында жайгашкан Заяндеруд дарыясынын суусун аталган шаардын бардык аймактарына бөлүштүрө билген. Ал астрономиялык так саноонун негизинде Исфаханда жайгашкан Имамдын мечитинин кыбыласын так аныктаган. Шейх Бахаинин дагы бир архитектуралык курулушу болуп, ошол эле шаарда жайгашкан жалгыз шам чырак менен жылуучу белгилүү мончо эсептелинет. Ал мончо азыркыга чейин сакталып турат.

Жалгыз шам чырак менен ысуучу мончонун сыры

 Бул мончонун тагдыры абдан оор болгон. Кээ бир маалыматтарга ылайык, кээ бир чет өлкөлүк күчтөр мончонун иштөө механизмин аныктоо максатында  мончонун жер төлөөсүн бузуп, жылытуу механизмин алып Англияга алып кетишкен. Натыйжада мончонун жылытуу системасы жарактан чыккан.   Бул көрүнүш  1790-жылдарда Занд династиясынын башкаруу учурунда болгон. Мончонун бузулушу жөнүндө 3 гана нускадан турган “аль-Набль” кол жазма китебинде берилген жана бул китеп Лондондун, Берлиндин жана Стамбулдун китепканаларында сакталган. Өз убагында Шейх Бахаи – “Мен дүйнөдөн кайткандан кийин бул мончонун жер төлөөсүн кимдир бирөө ачса, андагы күйүп турган шам чырак өчөт жана мончо мурункудай иштебейт” деп айткан экен. Кыязы ал, анын өлүмүнөн соң мончонун курулуш сырын билүү максатында мончонун жер төлөөсүн ачышаарын билсе керек.

Көптөгөн булактарда жана элдик эскерүүлөрдө бул мончо Шейх Бахаинин проектиси менен салынды деген маалыматтарга карабай кээ бир булактар мындай маалыматты күмөн катары эсептешет.  Анткени мончонун кире беришинде (маддеи-тарих) мончонун тарыхы жөнүндө маалымат жазылган. Кээ бир окумуштуулар бул маалыматты окуп, чечмелеп мончо хижра жылнамасы менен 1065-жылы (христиан жылнамасы менен 1655-жыл) Шейх Бахаи дүйнөдөн кайткандан кийин 35 жылдан соң гана курулган деген жыйынтыкка келишкен.  Бирок дагы бир башка окумуштуулар тобу ал жазууну изилдеп чыгып мончо хижра жылнамасы менен 1025-жылы Шейх Бахаинин өлүмүнөн беш жыл мурун салынган деген жыйынтыкка келишкен. Жана экинчи изилдөө так жана туура изилденген деп айтууга болот.

Ал эми бул мончонун иштешинде кандай сыр жатат? Жалгыз гана шам чырак менен кантип жылыган? Мындай суроолор жөнүндө тарых барактарында ар кандай талкуулар болгон. Жада калса Шейх Бахаинин атомдук энергия жөнүндө маалыматы болгон жана мончонун жылытуу системасы ошонун негизинде жүргүзүлгөн деген божомолдоолор да болгон. Ал эми элдин ишеними боюнча, Шейх Бахаи шам чыракты мончодогу (хазна деп аталган)  суу сактагынчтын алдына орноткон жана күнү түнү күйүп турган шам чырак хазнадагы сууну жылытып турган делет. Бул көрүнүш анча деле татаал эмес, бирок мончо физика жана химия илимдерине таянган татаал системада курулган. Болгону ошол доордо карапайым эл мындай татаал системаны түшүнө билишкен эмес, андыктан ар кандай жомокторду ойлоп табышкан. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында мончонун иштөө ыкмасы толугу менен айкын болгон. Шейх Бахаи, мончодогу сууну жылытууда жөнөкөй шам чырак жана атомдук энергия колдонгон эмес, ал болгону жөнөкөй күйүүчү газ колдонгон. Алсак “Жаме мечитинин” жанында жайгашкан суу жана канал суусу жер төлөөгө куюлган. Бул жерде табигый процесстин натыйжасында метил спирти жана күкүрттүү ангридрид пайда болгон. Бул газдар керамикалык түтүкчөлөр аркылуу мончонун жер төлөөсүндө атайы тосулган жайга куюлуп, күйүп турган.  Бул мончону жылытуу үчүн бир гана “Жаме мечити” эмес, Исфахан шаарынын бардык газ каналдык системасы жөнөтүлүп турган. Эгерде буга өтө алыс эмес жерде жайгашкан “Ассархан” дын ишмердүүлүгүнөн чыккан газды кошсок, бир мончону жетишээрлик жылыта турган газ бөлүнүп чыгаары анык. Мындай версияны тастыктоо катары, мончонун жанында жайгашкан үйдүн казындыларынан керамикалык түтүкчөлөрдүн сыныктары, колбалардын айнектери табылган, Шейх Бахаи буларды мончо салып жаткан маалда колдонгону айтпаса да айкын. Андан тышкары мончону жылытуучу түтүктүн түбүнөн эч бир күйүүчү заттардын калдыктары жада калса көмүрдүн калдыктары да табылган эмес.  Булардын бары мончо күйүүчү газдын негизинде жылыганы жөнүндө дагы бир жолу тастыктайт.

Шейх Бахаинин проектиси боюнча салынган мончого окшош мончо Иранда бир канча жыл мурун салынганын баса айтуу керек. Али Аскер Берахманд жетектеген Хорсандагы топ, Шейх Бахаи салган мончого салынышы жана түзүлүшү боюнча окшош мончо салган. Эки мончонун айырмасы болгону Шейх Бахаи салдырган мончонун суу куйгучу жана анын түтүктөрү алтындан жасалган ал эми жаңы мончонун суу сактагычы жана түтүкчөлөрү жезден жасалган.  Ал эми металлдардын ичинен, жылуулукту жакшы өткөрүүчү, бул алтын экени баарына маалым. Башка металлдарга караганда, алтынды жылытуу оңой жана аз өлчөмдөгү күйүүчү зат, энергия талап кылынат.

Шейх Бахаи өзүнүн мончосунун түзүлүшүнүн сырын жашырган себебин, ал мончонун дүйнө жүзү боюнча жалгыз экени жана Шейх Бахаи эмне себептен ага окшош дагы бир мончо курбаганы жөнүндө Хорасандагы топтун жетекчиси мындайча түшүндүрөт. Мончону курууда көптөгөн алтын колдонулгандыктан, дагы бир мончо салууда мындай чыгымды кетирүү мүмкүн эмес эле. Андан тышкары мончодогу алтындар жөнүндө уурулар жана каракчылар билишсе аны бузуп, тоноого аракет кылышмак. Ошондуктан Шейх Бахаи мындай ачылышты эч кимге айткан эмес.

Ал эми Шейх Бахаинин мончосуна окшош салынган жаңы мончо 2006-жылы Швецияда жана 2007-жылы Москвада өткөн көргөзмөлөрдө алтын медалга татыктуу болгон.

Ал эми Шейх Бахаинин мончосу  көп жылдан бери колдонулбагандыктан, бузулуп кыйроодо, андыктан азыркы тапта аны оңдоп реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Шейх Бахаи — Улуу мусулман данышман 1621-жылы 30-августта Исфахан шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын чыгармалары, анын данышмандыгын даңазалап тарыхтын бетинде  калды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс