Пятница , 3-Июль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин жетекчиси АКШ президентин айыптады

Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин жетекчиси АКШ президентин айыптады

Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин Башкы катчысы АКШнын президентине жолдогон катында Иран Ислам Республикасына карата киргизген санкцияны айыптады.

         Маданият жана ислам байланыштары уюмунун жетекчиси доктор Абузар Ибрахими Торкамандын Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк советине жазган катынын негизинде, аталган советтин башкы секретары АКШнын президенти Дональд Трампка Иран Ислам Республикасына каршы киргизген сакнцияны айыптаган кат жазды. Аталган совет дүйнөдөгү эң маанилүү христиан уюмдарынын бири, анын башкы штабы Женева шаарында жайгашып, Африка, Азия, Жакынкы Чыгышта  да филиалдары бар жана Бириккен Улуттар Уюму менен өтө кеңири кызматташат.

Дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү үч диний уюмдун (Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк советинин жаңы дайындалган башкы секретары профессор Эйван Сока,  Чиркөөлөрдүн Биргелешкен иш аракеттер союзунун башкы катчысы Родельмар Боэно ди Феррия жана  Амеркадагы Иса Пайгамбар чиркөөлөрүнүн улуттук ассоциациясынын башкы катчысы Жим Винклер) АКШнын президенти Дональд Трампка жолдогон каты.

         Урматтуу өлкө башчысы

Дүйнө жүзүндөгү бардык христиандардын абдан маанилүү күнү болгон Ыйык пасха майрамына (христиандардын кырк күндүк орозосунан кийинки майрамдалчу абдан маанилүү майрам) жана мусулмандардын Улуу Рамазан айынын жакындаганына карата, биз жаңы жана абдан катаал чындык менен бетме бет келдик. Бул бизди жана биздин коомду жугуштуу илдеттен жана бөөдө кырсыктан алыс болуубуз үчүн диний жерлерге чогулбоону талап кылат.   Мындай катаал шартта,  бизде терең ойлонуп, жаңы  башталышты (жүрүм-турум) издеп табуу үчүн өзгөчө мүкүнчүлүк жана жоопкерчилик бар…

Коронавирус пандемиясы бардык жерде жалпы адамзатынын душманы. Бул вирус улутту, ата-текти, динди, саясатты же болбосо башка бир адамдын көз карандысыздыгына карабай, бардыгына тең бирдей коркунучтуу. Анын жакырчылыкка кабылып, ден соолугунан ажыроо коркунучунда турган адамдар менен коомго тийгизген  бир гана таасири дискриминация болуп саналат.  Дүйнө жүзүн каптап кеткен коркунучтуу илдетке каршы эң маанилүү жооп, бул биримдик, дүйнөлүк кызматташтык, илдетти жугузган жана жугузуу коркунучунда турган адамдарга өзгөчө көнүл буруу, вирустун  алдын алуу үчүн ыкчам чараларды көрүү. Мунун негизинде биз Чиркөөлөрдүн дүйнөлүк совети, чиркөөлөрдүн биргелешкен иш аракеттер союзу жана Америкадагы Иса Пайгамбар чиркөөлөрүнүн  ассоциациясы АКШ тарабынан Иран элине каршы киргизилген санкцияга карай өзүбүздүн терең тынчсыздануубузду билдиребиз.

Азыркы тапта, Иранда коронавирус илдетине чалтыккандардын саны 67000 жетти жана 4000 ден ашык адам бул коркунучтуу илдеттен улам өлүмгө дуушар болушту жана мунун айынан Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги эле эмес, дүйнө жүзү боюнча Иран эң жапа чеккен мамлекет деп эсептелет. 2019-жылдын май айынан тарта АКШ тарабынан киргизилген бир тараптуу санкциядан улам, бул мамлекеттин медициналык  системасы экономикалык  блокадага алынып, жапа чегип турган маалы.

Жакында эле Лансет журналына жарыяланган макаланын негизинде, аталган эмбаргодон улам Иран мамлекети жугуштуу илдеттин алдын алууда медициналык каражаттар, дары-дармектер, сактануучу кийим, лабораториялык каражаттардын жетишсиздигинин айынан вирус абдан  жайылып, мамлекет  олуттуу маселелер менен кыйыр жана түздөн түз туш болууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо коомунун жана башка гуманитардык мекемелердин кылган иш аракеттерине карабай, киргизилген санкциянын айынан илдеттин алдын алуу максатында медициналык каражаттарды, дары-дармектерди Иранга жиберүүдө тоскоолдуктар болуп, саламаттыкты сакто иш аракеттер абалын катаалдаштырып атат.

Биз  Эл аралык тилектештик принцибине жана гуманитардык принципке ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк  отту токтоотуу суранычын эске алып, биз биргеликте коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнү активдүү алып баруу үчүн сизден Иран Ислам Республикасына каршы киргизген санкцияны алып салууну суранабыз. Ошондой эле, медициналык каржаттарды, дары-дармектерди импорттоодо Иранга өтө чоң таасири тийип жатканн финансылык санкцияны да жокко чыгарууну жана Эл аралык Валюта Фондуна Ирандын кризисти чечүүгө жардам берүү боюнча чукул насыя берүү өтүнүчүнө жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берүүңүздү суранабыз.

Биз дагы, мындай глобалдуу санкция шартында,  саясаттын курманы болгон Сирия, Газа, Венесуэла жана Куба  өлкөлөрүндө медициналык кызматтарды жана дары-дармектерди алууда тоскоолдук жаратып жаткан, АКШ тарабынан киргизилген санкциялар менен салыктарды  жокко чыгарууну каалайбыз.

Азыркы оор шарт, коронавирус кризисине чейинки болгон саясий жазалоону улантуу эч бир акыйлга сыйбаган нерсе.

Бүгүнкү күндө, коронавирустун алдын алуу үчүн, бул жугуштуу илдеттен жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө жана да барыбыздын башыбызга түшкөн жалпы коронавирус пандемиясын  жеңүү үчүн  эл аралык кызматташуубуз, бир бирибиз менен ынтымакта жана биримдикте болуубуз зарыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс