Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / АТКАРУУ БИЙЛИГИНДЕГИ ШАЛААКЫЛЫК

АТКАРУУ БИЙЛИГИНДЕГИ ШАЛААКЫЛЫК

Ар бир министрлик аткарган функцияларына жараша элге маалымат берүү зарыл. Дартка каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 1, 5
миллиард сом каражат максаттуу пайдаланылып жатабы, кандайча иштетилип жатат, эмнелерге бөлүндү,эмне иштер бүткөрүлдү ж.б суроолорго КРнын каржы министрлиги менен КРнын Эсептөө палатасы жооп берсе болот эле. Дарттын алдын алуу, даба болор дары-дармектерди ойлоп табуу боюнча илимпоздор менен практиктердин биргелешкен иштеринен кабар болбой жатат. Врачтардын өздөрүн коргой албай жатабыз. Элдер он күндө беш миң адамга эсептелген ооруканаларды куруп салышууда. Биз болсо Түркия тарап куруп берген Медцентрди ишке киргизе албай олтурабыз. Аз камсыз болгон катмарга, муктаждарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү механизми жакшы иштебей жатканы байкалууда. Айыл жерлеринде жазгы талаа жумуштарын тоскоолдуксуз уюштурууну КРнын Айыл чарба министрлиги мыйзамды бузбай алып барыш милдети экендигине карабастан үнү угулбайт. «Жаздын бир күнү бир жылга тете»-экендигин унутпайлы. Эртең да жашоо бар.
Ички иштер министрлиги талаптагыдай иштебей жатат. Пропуск сатып, сойку ташып….уялса болот эле ушулар же министри отставкага өзү кетпейт. Бишкектин коменданттын тез арада алмаштырбаса болбойт, өзу да эжелеп сүйлөгөн неме экен. Баса, Өкмөт башчы М.Абылгазиевден башка дээрлик министрлер 2, 5 жылдан бери жакшы иштешпегени үчүн кызматтан кетишти, демек Премьер-министрдин да мындан ары бул кызматты аркалаганга моралдык укугу калган жок. Танка чыгара албаса да, маска чыгарууга чамасы келбеген Өкмөт баардык жагынан чабалдыгын көрсөтүүдө. Эл бийликтин айтканын аткарып, мыйзамды сыйлап, бири-бирин угуп, азырынча тынчтыкты сактап жатышат.
Азыркыдай оор кырдаалдан эл менен бийликтин аракети бир багыттуу болгондо гана чыга алабыз.

Кадыр Кошалиев.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс