Воскресенье , 31-Май 2020
Башкы бет / Досье / УКМК: Өткөрмө жасоо үчүн пара талап кылган милиционер кармалды

УКМК: Өткөрмө жасоо үчүн пара талап кылган милиционер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мекеменин маалыматына караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул үчүн акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. УКМК ал жеке компаниялардын биринин өкүлүнөн санитардык жана блок посттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазып берем деп, пара талап кылган деп эсептейт.

Сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө абал жарыяланган. (RK)

https://www.azattyk.org/a/30524649.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс