Суббота , 6-Июнь 2020
Башкы бет / Дайджест / Парламентте Бишкек комендатурасынын иши сынга алынды

Парламентте Бишкек комендатурасынын иши сынга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Комендатура өкмөт менен кеңешип, экономикалык чаралар боюнча сүйлөшүп жатасыңарбы? Комендатура абдан көп чектөө киргизип жатат», — деди Пирматов.

Мындан башка бир катар депутаттар Бишкек комендатурасынын иши башаламандык менен коштолуп жатканын белгилешти.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева ушул учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды коркутуп, басым кылып жатканын айтып чыкты.

«УКМК «Сокулукта коронавирус боюнча жалган маалымат таратты» деп, бир адамды кечирим суратып жатат. Силер кимди алдап жатасыңар? Сокулукта чын эле карантин. Райондук акимиатта 40 адам карантинде жатат. Жарандарды коркутууну токтоткула, чектен ашып кетпегиле», — деди Сурабалдиева.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаары баш болгон үч шаар менен үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Анын алкагында саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилип, чектөө коюлган. Бул учурда атайын уруксат бар адамдар гана көчөгө чыгышы керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишинде кемчиликтер бар экенин белгилеген. (BkA)

https://www.azattyk.org/a/30521557.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс