Суббота , 6-Июнь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге!

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге!

Урматтуу комендант! Мынабу сүрөттөр бүгүн, 27-мартта Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүндө түшкө чейин тартылган. Адамдар айла жоктуктан, зарыл иштен улам көчөгө чыгып жатышат. Көчөлөрдө коюлган посттор аларды тосуп, айдоочулар үймөлөктөшүп, милийсаларды тегеректеп жүрүшөт. Эртең менен үймөлөктөшкөндөр мындан да көп болчу дешти. Посттогулар улам бир документ сурай беришип, чогулгандар көп болуп жатканын айтышты. Качан элдин баарына түшүнүктүү иш жүргүзүлөт?Эгер абал мындай болсо, санитардык абалды сактаганыбыз кайсы? Мындайда постто турган кызматкерлерге да, катардагы жарандарга да вирус жукпайт деген кепилдик барбы? Ушул иш качан жөнгө салынат?

Экинчиден, врачтарга баарыбыз азыр сыйынып отурабыз. Шаардагы поликлиникалар иш күндөрү иштей турганы айтылып келет. Бишкектеги 8-поликлиниканын невропатологуна эки күндөн бери жолуга албай жаткандар бар. Кабыл алууга барса, «Чакырууга кеткен» деп айтышат экен. Ооруп жаткан баласын машине менен шаардын тиги башынан бул башына жолдо жогорудагыдай тосмолордун азабын көрүп келген эненин абалы кандай болот?
Балким, поликлиникалар иштөө тартибин кайра караса кантет? Бу да болсо элди убара кылбоо үчүн.

Аскер Сакыбаева
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс