Четверг , 4-Июнь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Умрага (кичи ажылыкка) сапар чектелиш керек!

Умрага (кичи ажылыкка) сапар чектелиш керек!

Бул менин жеке пикирим. Силер да оюңарды айткылачы достор? Чектелиш керек дегенимдин эң негизги себеби – биз кедей мамлекетбиз. Молдокелерибиз Арабияга умрага барыш парз деп элдин кулагына кумдай куя беришип, максатына жетти. Акыркы жылдары умрага баргандар Кыргызстанда кыйла көбөйдү. Эки-үч жыл мурун умрага жылына 1000-2000 киши барса, 2019-жылы 30 миңге чыкты. Умранын баасы бир кишиге 1000 доллардан башталып, зыяратчылар жатчу коноккана «эконом», «комфорт», «люкс» делип баасы асманды чапчып көтөрүлүп кете берет. Ошентип умра сапарларын уюштурууда жыл сайын миллиарддаган каражат башка жакка кетип, элдин чөнтөгү эңшерилипп, ансыз да кедей өлкөбүздүн казынасына түшпөй калууда. Умра сапарына делген миллиарддаган акчалар Арабияны, анан сапарды уюштурган бир ууч топту гана байытууда. Ал эми коронавирус умрадан келгендерден чыгып… ансыз да алсыз экономикабызга сокку урулуп, өлкөбүзгө аргасыз өзгөчө кырдаал киргизилип жатканы башка кеп!…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс