Четверг , 4-Июнь 2020
Башкы бет / Досье / Матраимовдон 500 тонна ун! 50 тонна өсүмдүк майы! 200 миң беткап!

Матраимовдон 500 тонна ун! 50 тонна өсүмдүк майы! 200 миң беткап!

Кыргызстандын аймагына келген таажы ылаӊы деген аталыштагы вирустун кесепетин жоюга “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду гуманитардык көмөк көрсөтүп баштады. Алар, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер.

Маалымат үчүн:

Бүгүндөн баштап 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган региондорго таратыла баштады;

Коронавирусту 15 минуттун ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет;

Ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар волонтерлордун жардамы менен республиканын бардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө байланышууга чакырабыз;

Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын (Аппараты искусственной вентиляции легких) алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды — коронавирус илдети катталган аймактарга багыттайт. Андан соӊ волонтерлор Кыргызстандын башка аймактарына таратышат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана илдетти аныктоочу экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!

Жергиликтүү бет-каптарды тиккен өндүрүшчүлөрдү 0703909600 телефону аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз.

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс