Вторник , 7-Апрель 2020
Башкы бет / Дайджест / Республикалык штаб Жалал-Абаддагы өкмөт өкүлүнүн коронавирус тууралуу маалыматын четке кагууда

Республикалык штаб Жалал-Абаддагы өкмөт өкүлүнүн коронавирус тууралуу маалыматын четке кагууда


Иллиюстрациялык сүрөт
Иллиюстрациялык сүрөт

Бүгүн журналисттер алдында маалымат берип жатып Мирзакметов Сузак районунун Ырыс айылынын төрт тургуну коронавируска чалдыкканын кабарлаган.

«Бүгүн эртең менен облустагы беш адамга дагы төрт адам кошулду. Азыр гана лаборатория анализ жыйынтыктарын берди. Булар Сузак районунун Ырыс айылынан кошулуп жатат. Эң жашы жетидеги бала, алардын баары ооруган адам менен байланышта болгон. Облустагы Жарандык коргонуу комиссиясы чакыртылды. Анда облуска өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси чечилет. Себеби, бизде байланыштан илдетти жугузуп алгандар көбөйө баштады, кайсы аймактарга чукул чара көрүү керектигин караштырабыз. Сузак районунда төрт айыл өкмөтүндө бул илдетти жугузуп алгандар катталып жатат. Тактап айтканда, 150 миң адам жашаган айылдарда оорулар катталды. Жалпысынан Сузак районунда коронавирус аныкталган 12 адам болду», — деди Нурболот Мирзакметов.

Бирок Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб мындай маалыматты четке кагууда.

Учурда түштүк аймагында иш алып барып жаткан вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун «Азаттык» радиосуна билдиришинче, облус башчысы ооруга шек саналгандар жөнүндө туура эмес маалымат берип алышы мүмкүн.

«Балким облустун өкүлү ооруга шек саналгандар жөнүндө маалымат берип алды көрүнөт. Ал саламаттык сактоо кызматкери эмес. Бул ооруну аныктоонун өз тартиби бар. Анын негизинде гана аныкталган соң жарыяланат», — деди Мадумаров.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, расмий түрдө өлкө аймагында 12 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен сегиз адам Сузак районунда болсо, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бир адам Баткен облусунун тургуну. (Rsk/BkA)

https://www.azattyk.org/a/30500727.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс