Вторник , 7-Апрель 2020
Башкы бет / Аналитика / Иран цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз майрамынын када-салттары жана окшоштуктары

Иран цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз майрамынын када-салттары жана окшоштуктары

Нооруз майрамы байыркы доорлордон бери сакталып келген байыркы майрамдардын бири жана Иран менен Иран цивилизация алкагындагы өлкөлөрдүн маданий окшоштуктары менен факторлорун маданий жактан жакындатуучу көөнөрбөс салт-санаалардын бири болуп саналат. Нооруз майрамы Ирандан башка бир катар Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө, атай кетсек Орто Азия, Кавказ, Ирандын коӊшулаш мамлекеттеринде, мисал катары Батыш жана Чыгыштан Ирак, Түркия, Ооганстан, Перс булуӊунда жайгашкан өлкөлөр, Пакистан, ал гана эмес Балкан жарым аралдарында жана башка аймактарда дагы майрамдалат. Иран цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз майрамынын салт-санаасына жүргүзүлгөн изилдөө, анализдер көрсөтүп тургандай,аталган өлкөлөрдө Нооруз майрамын майрамдоо ырым-жырым, салттардын кээ бирлери бири бирине окшош болсо, кээ бирлеринде айырмачылыктар байкалат. Ошондуктан бул макаланын негизги максаты Иран цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз майрамынын ырым-жырымдарынын айырмачылыгы, анализдин себептери жана айырмачылык тармактары болуп саналат. Ушундан уламИран цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз майрамынын ырым-жырымдарынын бири-биринен айырмачылыгы эмнеде жана мындай айырмачылыктын пайда болушунун негизги себептери эмнеде деген негизги суроо туулат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таяна турган болсок, Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү Нооруз ырымдарынын айырмалары, жашыл чөп өндүрүү, майрамдык ноорузду уюштуруу, Нооруздагы жүз көрүшүүлөр жана “Сиздах бедар” кечеси, ал эми аталган цивилизациядагы өлкөлөрдөгү саясат тармагындагы айырмачылыктын 3 компоненти: кээ бир өлкөлөрдүн колониалдык тарыхы, диний жана маданий өзгөчөлүктөрдөн болушу айырмачылыктардын түптөлүшүнүн факторлору болуп саналат.

Маселенин баяны

Мүмкүн дүйнө элинин сакталып калган бардык майрам күндөрүнүн ичинен жана байыркы замандан азыркы күнгө чейин өзүнүн коомдук кадыр-баркын жоготпой келген майрамдардын ичинде Нооруз өзгөчө бир жогорку деңгээлде турат. Анын өзгөчө иш-чаралар менен коштолгон чоң, жалпы жана бир канча күндүк майрам экенине карабай, Иран жана ирандыктар түпкүрүндө турган бир географиялык жана маданий чектен сыртка чыгып, географиялык жана массалык кеңири аймакты курчап турат.

Жеке түрдө Иран маданиятынын жана жалпылай Перс цивилизациясынын негизги өзгөчөлүгү болуп жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө башталган “Нооруз майрамы” аттуу, иш-чаралардын, маарекелердин жана майрамдарды өткөзүү болуп саналат. Башкача айтканда, Нооруз майрамы перс цивилизациясы таркаган өлкөлөрдө жашаган элдердин жалпы символдорунун туюму. Азыркы учурда Нооруз майрамы Перс цивилизациясынын таасири тийген өлкөлөрдө жогорку деңгээлде майрамдалып, шаан-шөкөткө бөлөнөт. Бул майрам жогоруда аталган өлкөлөрдө абдан барктуу жана толук жол-жоболору менен өткөрүлөт, бул жаатта өкмөт дагы элдин Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүшүнө жардам көрсөтүп, шарт түзүп берет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, бул макала Перс цивилизациясы алкагындагы мамлекеттердеги Нооруз майрамынын каада-салттарынын айырмаларын изилдөөгө, себептерин анализдөөгө жана айырмачылыктарын кароого умтулат.

Макаланын негизги суроолору

Аталган изилдөөнүн негизги суроосу, Перс цивилизациясы алкагындагы мамлекеттердеги Нооруз майрамынын каада-салттары, ырым-жырымдары менен жөрөлгөлөрүнүн бири-биринен айырмасы эмнеде? Бул жаатта жогорку суроого жооп бергенге басым жасалат.

Изилдөөнүн методу

Бул макалада аналитикалык баяндама жана салыштыруу методу колдонулду. Мунун алкагында талкууга алынган маселени кабыл алуу менен бирге, анын эмнеге жана кантип пайда болгону маселесине дагы тиешелүү ой жүгүртүү жана изилдөө жүргүзүгө көңүл бурулат. Салыштыруу методунда дагы айта кетчү жагдай, Нооруз майрамынын Иран цивилизациясы алкагындагы мамлекеттердеги коомдук жана тарыхый ырым-жырымдарды баяндоо жана бул жаатта ырымдардын айырмачылыгын түшүнүү менен катар, аталган ар бир мамлекеттеги Нооруздун салттары менен кенениреек таанышууга, аны сүрөттөөгө, андан соңНоорузду тереңиреек түшүнүүгө аракет жасалат. Анализдин акыркы баскычында нооруздун адебин, салттарын классификациялоо жана мындай жол менен анын татаалдыгын жеңилдетүү, ошондой эле далилдерди келтирүү менен бирге айырмачылыктарын ачканга аракет кылабыз.

Изилдөөнүн коомдук статистикасы

Бул изилдөө, Перс цивилизациясынын алкагындагы мамлекеттердин аймактын назарынан Иран, Пакистан, Ооганстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Ирак жана Бахрейнди өзүнө камтыйт. Белгилей кетчү нерсе, Перс маданиятынын таасири абдан кеӊири болгон жана бул макалада андагы ар бир мамлекеттеги нооруздун салттарын толугу менен камтууга мүмкүнчүлүк жетпестир, ошондуктан географиялык критерийди эске алып Иран Ислам Республикасынын төрт тарабында жайгашкан, нооруз майрамын майрамдаган кошуна мамлекеттерди тандап алдык.

Перс цивилизациясынын алкагындагы мамлекеттердеги Нооруз майрамынын каада-салттарынын айырмачылыктары

Ноорузга чейинки ырымдарды өткөрүүдөгү айырмачылык

  1. Нооруздун жакындашынын белгилери жана аларды тосуудагы айырмачылык

Иранданооруз майрамынын белгилери жана жаз мезгилинин кирип келишин белгилөө байыртадан эле салтка айланып калган. Эски мындай белгилер “Рокуб-куса” же “Кусе барнешин”, “От жагуу”, “Мир нооруз” же “Нооруздун падышасы” деген ырымдарды аткаруу.

“Кусе барнешин” ырымы азыркыга дейре “Көсө”, “Көс-Көсө”, “Көсө келин” атту аттар менен Ирандагы бир катар уруулар жана жамааттардыничинде театрлаштырылып аткарылып келет. Бул ырым азыркы учурда ирандык Курд улутунда аткарылат.

Аталган ырым Азербайжан республикасында нооруз майрамынын алгачкы күнү (Жаңы Жылды тозгондон кийинки биринчи күнү) аткарылат. Бул театрлашкан ырымдын негизги каармандары: Көсө, эчки жана Көсөнүн жардамчысы; Көсө-адам келбетиндеги кыштын символу, эчки-айбан келбетиндеги жаздын символу.

Дагы бир от менен жана түздөн түз нооруз майрамына тиешелүү ырымдардын бири “От жагуу” салты болуп саналат. От жаккан адамдар жаңы жылга бир канча күн калгандан тарта фарвардин[1] айынын 13-күнүнө дейре шаар кыдырып, жолуккан элдерге жаздын келишин сүйүнчүлөшкөн. Ушул убакытта от жаккандар өзүнүн ордун Хажы Фирузга беришкен. Хажы-лакабы Фируз ысымынын алдына коюлгандыгы, ага болгон урматтын көрсөтүлүшү жана ислам доорунда ишеним катары жогорудагы лакаб берилген. Хажы Фируздар от жаккан топтордой эле кызыл же кызгылт түстөгү коңгуроо байланган кийим кийип, башына кийизден кызыл топу кийип, мойнун жана бетин кара түскө боеп көчөлөргө чыгышкан, бирок колуна от жаккан адамдардай шам же от кармашкан эмес. Айлананы шаңга бөлөшүп, музыка аспаптарын чертишип, ырдап- бийлеп ноорузду тосууга даярданышкан.

Нооруз майрамынын алдындагы ырымдардын дагы бири “Мир нооруз” же “нооруз Падышасы” деп аталат. Мир нооруз ырымы Ирандын көптөгөн шаарларында жана аймактарында шамси жыл санагы боюнча 14-кылымдын экинчи он жылдыгына чейин аткарылып келген, ал эми азыркы учурда Ирандын четки аймактарында, мисал катары Курддар жашаган жерлерде жаздын жана нооруздун келээр маалында бул ырымды аткарышат жана аны аймактык диалекте “Мирмирин” деп аташат. Нооруз жакындагандагы ырымдардын дагы бири Нооруз майрамдык ырларды ырдоо тобу, алар жер жерлерди кыдырып, жаз, нооруз ырларын аткарып, жаз мезгилинин келишин элдерге сүйүнчүлөшөт жана ар бир барган жерде жашаган адамдарга жакшы каалоо-тилек айтып, саламаттыгын тилешет. Нооруз майрамдык ырларды аткаруу байыркы замандардан бери Ирандын бир топ аймактарында, мисал катары Гилян, Мазандаран, Азербайжан жана Фарс областтарында кеңири тараган.

Тажикстанда нооруздун белги ырымдары айырмаланат жана аны “Гүл гардан[2]” деп аташат. Гүл гарданырымы төмөндөгүдөй аткарылат, нооруз жакындаганда, бир топ адамдар (өзгөчө жаш балдар) тоолорго жана талааларга барышат, жаңы өсүп чыккан гүлдөрдү (жоогазын гүлүн) жана чөптөрдү терип, жашаган жерине жөө басып келишет, колундагы гүлдөр, жашыл чөптөр менен эл ичин аралап, Нооруздун келишин, кыштын соңун бүтүшүн адамдарга сүйүнчү айтышат, муну менен бардык тургундарды шаттыка жана майрамга чакырышат.

Ооганстанда да нооруздун белгилери Тажикстандагы “Гүл гардан” ырымына окшош, бирок эки айырмачылык бар бири гүл терген топ, ал эми экинчиси ырчылар тобу болуп бөлүнөт. Айылда жашаган жаш балдар исфанд айынын 27-күнүнө чейин тоолордон, талаалардан гүл терип келишип, айылдын майданына чогулушат. Гүл терген балдардын жашы 7 жаштан 15 жашка чейинки жаш жигиттер болушат, бул топ өзүлөрүнүн ичинен бир, эки баланы “Мир” деп аташып, жетектөөчү кылып шайлап алышат. Алардын бири “Гүл гардан Мир” экинчиси “Авазхан Мир” (Ырчы Мир). Гүл гардан Мир кучак гүлдү жогору көтөрүп, ал эми ырчы Мир үнүн катуу чыгарып нооруз ырын аткарып саптын алдында басышат, башка жаш балдар аркаларынан ырдап, күлүп, шатыра-шатман ээрчишет.

 

  • Таблица: Нооруздун белгилеринин негизги айырмалары
Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Ирак Түркия Бахрейн Кыргызстан
Өткөзүүнүн тиби жана түрү “Көсө барнешин”, “От жагуу”, “Мир нооруз”, “Хажы фируз” “Гүл гардан (гүл терүү салты)” “Гүл гардан”, “Ыр ырдоо”

 

  1. “Чахаршанбе сури” кечесин өткөзүүдөгү айырмачылыктар

Чахаршанбе сури дагы Перс цивилизациясынын алкагындагы өлкөлөрдө жогорудагы салттардай нооруз келгенге чейинки аткарылчу ырым болуп саналат. Бул салт перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдүн салттык окшоштугу болуп саналганы менен, аны аткарууда ар бир аймакта айырмалар бар.

Чахаршанбе сури жана От жагуу (Оттон секирүү) кечеси жөрөлгөсү Иранда бирдей болгондугу менен, аны аткаруу, өткөзүү жаатында ар бир аймакта айырмачылыгын байкасак болот. Мисал катары, Тегеранда бул күнү эски буюмдарды ыргытып, үйдү толук тазалап чыгып, шам жагышса, Ширазда бул кечте башка ырымдарды аткарышат. Гилян аймагында жылдын акыркы шаршенбисинде үйдө шам жана роза суусу болушу абзел. Кээ бир гиляндыктар жагылган оттун күлүн дарактардын түбүнө себишет, алардын ишеними боюнча дарактар мол түшүм берет.

Тажик элдеринин ичинде да жылдын акыркы аптасында бир жөрөлгөнү аткарышат, аны “акыркы шаршенби”, “шаршенбилердин акыркысы” же “түн сүрү” деп аташат. Бул күнү бардык жек көрүүлөр, таарынычтар, душмандык достука, тынчтыкка жана жакындыка айланат, элдердин баарысы ашыктыктын, сүйүүнүн, достуктун, тынчтыктын, үмүттү жана арзуунун ырларын ырдашат.

Ошону менен бирге тажиктерде нооруз күндөрүнө тиешелүү майрамдардын бири, “Аташ парак” (Оттон секирүү) же “Алав парак” атту майрмадык күн бар, бул жаңы жылдын биринчи күнүнүн кечинде майрамдалат, ортого карагай жыгачынан отун жыйып, аны өрттөп күйүп жаткан оттун үстүнөн секирип ойношот. Тилеке каршы азыркы учурда бул жөрөлгө унутта калып бара жатат.

Афган элинин ичинде чахаршанбе сури сыяктуу нооруздун жөрөлгөлөрү бир топ кеңири өткөрүлөт. Афганистандын көпчүлүк аймактарында нооруз майрамы 40 күнгө дейре созулат жана ар кандай өзгөчө жөрөлгөлөр менен коштолот. От менен ойноо жөрөлгөсү аптанын жума күндөрү аткарылат. Панегиристтер майрам күндөрү Хазрат Али тууралуу икаяларды окуп, кызыктуу жомокторду айтышат. Атактуу ырчылар майрам күндөрү эл алдына чыгып ырдашат, өзгөчө нооруз ырларын аткарышып майрамга ого бетер көрк беришет. Дервиштер жана суфилер жума күндөрү айланышып, кудайга зикр келтиришет. Ал эми аймактагы шииттер майрам кечтери жыйын куруп кудайга шүгүр келтирүү ырларын аткарышат.

Азербайжан өлкөсүндө дагы ноорузга төрт апта калганда, ар аптанын шейшемби күнү чахаршанбе сури кечеси сыяктуу майрам өткөзүшөт жана төрт аптанын ар бир аптасын табияттын кубулуштарына ыйгарышат. Биринчи аптанын шаршембиси суу шаршембиси, экинчи шаршемби от шаршембиси, үчүнчү шаршемби шамал шаршембиси, төртүнчү шаршемби топурак шаршембиси деп аташат.

Ирактык жана Түркиялык курддардын от жагуу аземин өткөзүү майрамы аймактагы чахаршанбе сури аземинен бир канча деңгээлде айырмаланып турат. Ирактагы жана Түркиядагы курд улуту жашаган аймактарда нооруз майрамынын кечиндеги от жагуу аземи бир канча миң жылдык тарыхка ээ. Майрам кечинде үйлөрдүн үстүндө, көчөлөрдө, базарларда, тоолордун чет жакаларында жана үстүндө, дөңсөлөрдө от жалынын байкоого болот. Түбү байыркы доорго кеткен курд улуту жайгашкан жерлердеги от жагуу аземи, эч бир шексиз чахаршанбе сури аземи менен айкалыштык, жакындыгы бар бирок бул жөрөлгөнү аткарууда бир катар өзгөчөлүктөрдү жана айырманы курд элинен байкаса болот. Курддар бул жөрөлгөнү “Каве Ахангар” менен “Захак Мардуш” ортосундагы согуш мифологиясынан мурас кылып сактап калган.

Ирактын “Йезид” курддары чахаршанбе сури аземин “Тавус периште” майрамы деп аташат, анткени бул күнү Тавус деп аталган периште асмандан жерге түшүп, өзү менен бирге береке жана жакшылыктарды алып келет. Айта кетчүнерсе йезид курддары чахаршанбе сури аземин башка аймактагылардай нооруз майрамына чейин эмес, тескерисинче нооруз майрамы өткөндөн кийин бир канча аптадан соң майрамдашат.

 

2-таблица: Чахаршанбе сури салтынын перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү айырмачылыгы

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөрүү түрү Жылдын акыркы шейшемби күнү от жагуу, кургатылган мөмө жемиштердин даамын татуу, тамак бышыруу, жакшылыкты тилөө “Аташ парак” (оттон секирүү), “Түн сүрү” Нооруз 40 күн майрамдалат Жылдын акыркы төрт шаршембиси Түркиялык курддар жана үйдүн үстүнө от жагуу Нооруздан кийин бир канча аптадан соң “Периште Тавус” майрамы

 

  1. Сүмөлөк жасоо аземин өткөзүүдөгү айырмачылыктар

 

Нооруз майрамында жасала турчу эң атактуу тамактардын бири Саману (сүмөлөк) болуп саналат. Нооруз майрамы күнү сүмөлөк жасоо перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө абдан мааниге ээ болгондуктан, кээ бирлеринде кандайдыр бир жөрөлгөлөр менен коштолот. Аталган аймактарда бул жөрөлгөлөрдү аткарууда айырмачылыктар бар, алдыда кенениреек токтолобуз.

Сүмөлөк жасоо аземи Ирандыктар үчүн байыртадан бери келе жаткан чоң бир салтка айланып калган. Ирандыктар нооруз киргенге чейин буудай өндүрүп аны идишке салып жашылдын өсүшү, жаздын символу катары дасторконго койгондон бөлөк, өндүрүлгөн буудайды сүмөлөк жасоо үчүн да атайын даярдашат. Сүмөлөк жасоо аземи атайын биржол жоболор менен өтөт.

Бул салт Тажикстанда “Суманак пази” деп аталат. Нооруз майрамына аз калганда жашы улуу аялдар сүмөлөк жасоо камын көрүп баштайт. Сүмөлөк жасоодо эркектин катышышы жакшы адат катары каралбайт, жада калса тыюу салынат. Аялдардын ишеними боюнча, сүмөлөк ыйык тамак катары, эркектин аралашышын жактыра бербейт жана сүмөлөк бузулуп калышы мүмкүн.

Ооганстанда нооруздун маарекелеринин бири жана Жаңы жыл киргендеги алгачкы майрам, сүмөлөк жасоо аземи нооруздун биринчи түнүндө ыр, бий, шаттык, күлкү менен коштолот. Аалымдардын ишеними боюнча сүмөлөк жасоо менен улууларга, уламаларга дуба кылуу менен катар өзүнө, үй бүлөсүнө берекет, жакшылык алып келет.

Сүмөлөк жасоо Түркмөнстанда да атайы ыкма менен аткарылат. Быша элек буудайды майдалап, ага суу менен унду аралаштырып, казанда кайнатат жана кечтен таң атканга чейин казандын капкагын ачышпайт, ишеними боюнча кимде ким таң эрте келип алгач казандын капкагын ача турган болсо хазрат Фатиманын манжасынын ордун көрөт.

Азербайжан өлкөсүндө дагы сүмөлөк жасоо аземи өткөрүлөт. Аалымдардын ишеними боюнча сүмөлөк урпактын уланышы катары санашат, аны баласы жок аялдарга алгач сунат.

Баса белгилей кетчү жагдай, бул салт макалада көрсөтүлгөн мамлекеттерде Индия, Түркия, Ирак жана Бахрейнде атайын ырымдар менен коштолбойт, жөн гана нооруз майрамында дасторконго коюлучу тамак катары бааланат.

 

3-таблица: Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө сүмөлөк жасоо аземиндеги айырмачылык.

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөрүү жолу Ноорузга бир нече күн калганда сүмөлөк жасоо Бир гана аялдардын катышуусунда сүмөлөк жасоо Аялдардын жана жаш кыздардын катышуусунда сүмөлөк жасоо Сүмөлөк жасоо жана аны таңга чейин капкагын ачпоо Жамандыктын алысташы жана балалуу болуу үчүн сүмөлөк жасоо

 

Нооруздун убактысынын жол-жоболорундагы айырмачылыктар

  1. “Хафт син” дасторконун жаюуда жана жыл алмашуу аземиндеги айырмачылыктар

 

Нооруз майрамынын байыртадан бери сакталып калган дагы бир салттарынын бири жана азыркыга дейре перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө өткөрүлүп келген ырымдардын бири болу “Хафт син” дасторконун жаюу болуп саналат. Дасторкондун мааниси жана жыл алмашуу аземин өткөзүү сырткы көрүнүшүнөн бардык перс цивилизациясы өлкөлөрүндө өткөрүлүп келе турганы менен, бирок ар бир аймакта бири-биринен айырмаланган жол жоболорду байкоого болот.

Хафт син дасторкону иран үй-бүлөөсүндө жыл алмашуудагы алгачкы көз ирмемдери нооруз майрамынын башталышынан баштап жайылат жана нооруздун 13-күнү жыйналат. Нооруз дасторкону үй бүлөө мүчөлөрүнүн жакындарында, алардын бир дасторконго олтуруп баарлашышында абдан бир чоң мааниге жана чоң ролго ээ. Ирандыктар кайсыл гана жерде жүрбөсүн жыл аламашуу убагында үй-бүлөсү менен чогуу бир дасторконго олтуруп, ошол көз ирмемдерде алар менен жүз алышууга үлгүрүүгө аракет жасашат. Анткени эгер кимде ким жыл алмашуу убагында үй-бүлөөсү менен бир дасторкондо олтурбаса, ошол жылды үй-бүлөөсүнөн алыс өткөзөт деген ишеним бар. Жалпысынан айтканда нооруз дасторкону үй-бүлөө мүчөлөрүн ынтымака, жакындыка жана ырашкерлике үндөйт.

Ошону менен бирге эскерте кетчү жагдай, кээ бир Ирандыктар жыл алмашуу убагында ыйык жерлерге, мечиттерге, күмбөздөргө барышат жана жыл алмашууну ошол жерлерде өткөзүшөт.

Мусулмандардын ичинде да төмөндөгүдөй жөрөлгө бар, жаңы жыл келгенден кийин, үй-бүлөөнүн бардык мүчөлөрү бири-бирине куттуктоо айтышат. Кичинекейлер улуулардын колун өбүшөт, улуулар кичилердин пешенесин өбүшөт. Бул убакта үйдүн улуусу жыл алмашуу дубасын окуйт ал эми калгандар анын аркасынан кайталашат.

Дуба кылып бүткөн соң үйдүн улуусу Куран китебин ачып, “سلام” сөзү менен башталган алты сүрөө же алты аят окуйт. Куран аяттарын окуу менен, асмандагы жана жердеги оопаттарды, балээлерди, иблисти жана шайтанды үйдөн жана үй бүлөөдөн алыс кууп, үйгө саламаттыкты жана тынчтыкты алып келет. Андан соң жакшы ниет кылуу жана белек тапшыруу салты башталат, үйдүн улуусу Курандын ичине акча салып, үй мүчөлөрүнө тапшырат, ал учурда ар бир үй мүчөлөрү дасторкондогу таттууну оозуна салып, жакшы жылды ниет кылат. Зартушт дининдегилердин салты боюнча жыл алмашаары менен, үйдүн улуусу төрдөгү ордунан туруп, үч кашык бал же шербет, үч даана таттуу же үч даана кургатылган жемиш,үч тыйынды бактын үч жашыл жалбырагы менен кошо, эзелки сайт боюнча үйдүн ар бир мүчөсүнө тапшырат жана нооруз майрамы менен куттуктоо тилегин айтат. Андан кийин үй бүлөө мүчөлөрү ордунан турушуп “Авеста” китебин ачып саламаттык, ден-соолук аятын үнүн бийик чыгарып окушат жана Кудайдан саламаттыкты, ден-соолукту, шаттыкты, бактылуулукту тилешет.

Тажиктер дагы ирандыктардай эле “хафт син” дасторконун жайышат, бирок аны “Дастархан” деп аташат. “Дастарханга” “с” тамгасы менен башталган жети түрлүү зат мисал катары: сүмөлөк,самаат, самсы,сабзи, сенжед, сиб жана сунбуль коюлушу абзел. Ошону менен бирге жети түрлүү таттуу коюлат жана үйдүн ортосуна жарыктыктын, бакыттын шамы жагылат, ал эми жашыл өндүрүлгөн буудайды же чөптү жакшы көңүлдүн, токчулуктун, молчулуктун символу катары дасторконго коюшат. Тажиктер ноорузду ирандыктардай үйдө эмес, көчөлөрдө, майдандарда тозушат.Бул салттын негизинде шаар тургундары парктарга, эс алуу жайларына барып, ар кандай кызыктуу программалардын коштоосунда нооруз майрамын белгилешет.

Ооганстанда дагы жыл жаңырганча хафт син же жети жемиш дасторкону жайылат. Жашылча, балык жана таттуу дасторкондун үстүндө болушу абзел. Кээ бирлери шам дагы жагышат. Куран китебин дасторкондун үстүнө коюп, бардык үй бүлөө мүчөлөрү дасторконго олтуруп, жыл алмашуу убагын, Жаңы жылды күтүшөт.

Азербайжан элинде ирандыктардай эле “хафт син” дасторконун жаюу нооруздун ажырагыс бир символу болуп саналат. Дасторконго “с” тамгасы менен башталган жети зат же тамак коюлат: самак, серке, сүт, сүмөлөк, секке, сабзи жана сунбуль.

Бахрейн жеринде дагы “хафт син” дасторкону, дасторкондун үстүндө Куран китебинин жана бир кесе сунун болушу кеңири таралган. Алардын көз карашында хафт син дасторкону үй бүлөө мүчөлөрүнүн чогулушуна себеп болот. Белгилей кетчү жагдай хафт син дасторкону Ирак жана Түркия өлкөсүндө анчалык деңгээлде кеңири тараган эмес.

4-таблица: Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө “Хафт син” дасторконун жаюу айырмачылыгы

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөрүү түрү “Хафт син”, “Хафт шин”, “Хафт мим” “Дастархан” “Хафт син”, жети түрлүү жемиш “Хафт син” “Хафт син”

 

  1. Нооруз майрамынын биринчи күнүндөгү атайын өткөрүлчү жөрөлгө, салттардагы айырмачылыктар

Бул дагы болсо перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө ар кандай жол-жоболор менен коштолот жана ар бир аймакта айырмачылыктары бар. Миасал катары, Ооганстан өлкөсүндө бул толук бойдон диний жаатта өткөрүлөт, ал эми Ирактын жана Түркиянын  курд улуттары ичинде өзүнө мифиологиялык мүнөздү камтыса, Индияда бул майрамдык күндү белгилөө башка өлкөлөрдөн бир топ эсе айырмаланат. Тажикстанда, Түркмүнстанда жана Азербайжанда бул күн шаан-шөкөт менен кеңири, диний жана мифологиялык мүнөздөгү жөрөлгөлөр менен кошожогорку деңгээлде белгиленет. Иранда болсо мындай салттуу майрамдар жекелик түрдө, бир үй бүлөөнүн ичинде майрамдалат. Алдыда ар бир аймактан өткөрүү жол-жоболоруна кенениреек токтолобуз.

Жаңы жылдын биринчи күнү Тажикстанда керней, сурнайлардын жаңыруусунда башталат, нооруз майрамы өтчү майдандын ортосуна от жагылып, анда чогулган адамдар оттун айланасына туруп жакшы жашоону, жамандыктын алыс болушун ниет кылып дуба айтышат, аянттын дагы бир бөлүгүндө ырчы-акындар нооруз тууралуу ыр саптарды окушат. Нооруз оюндары жана салттары ар түрлүү, нооруз майрамын күрөш, ат чабыш, жаа тартуу, жаа атыш, корооз согуштуру, көгүчкөндөрдү учуруу салттык оюндарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Нооруз майрамы күнү Тажикстандын ар кайсыл аймагынан ат оюндарына катыша тургандар чогулушат, бул майрамга көрк берчүулак тартыш оюну, ноорузда салтка айланып калган ат оюндардын бири болуп саналат. Ошону менен бирге Тажикстандын, ал гана эмес коңшулаш өлкөлөрдөн Күрөшкө түшүп күч сынашуу үчүн, күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү чогулушат. Жаш балдар болсо корооз уруштуруп, башка улуттук оюндарды ойношот. Жогорудагы оюндар эртеден кеч киргенге чейин уланат. Эртеси күнү дагы таң эрте башталган шаан-шөкөт айылдарда, көчөлөрдө, майдандарда түн киргенче уланат.

Нооруз майрамы күнү аялдардын майрамдык тамак жасоосу дагы бир салттык жөрөлгөлөрдүн бири. Нооруз майрамы күнү тамактардын түрүн жасоо, мисал катары, улуттук тандыр наны, боорсок, самарканд наны, ж.б. аймактык атайын нандар, самсынын жана таттуунун түрлөрү, ар түстөгү жана түрдүү даамдагы халвалар аялдардын мойнунда. Майрамдык аш басуу тажиктердин нооруздагы салттарынын бири.

Ооганстандын Мазари Шариф аймагында нооруз майрамы эбегейсиз зор өткөрүлөт, анткени мусулман афгандардын ишениминде Хазрат Алинин сөөгү ошол жерге коюлган, нооруз майрамынын алгачкы күнү таң эрте диний жөрөлгөлөр коштолгон атайын ритуалдар менен башталат, ал нооруз майрамынын башталыш аземи болуп саналат.

Кабул жана Хуме тургундары эзелки нооруз майрамын өткөзүү үчүн Хазрат Алинин, аалымдардын, шейиттердин, арифтердин, олуялардын мазарларына, күмбөздөрүнө зыяратка барышат.

Герат аймагында жыл жаңырганга бир канча саат калганда колдоруна Куран кармап, дуба жана ибадат кылып эски жылдагы кетирген кемчиликтерден арылышат. Ооган эли нооруз майрамында диний жөрөлгөлөр менен катар, ырдап, бийлеп, салттык оюндарды ат чабыш, улак тартыш, күрөш жана башка улуттук оюндарды өткөрүшөт.

Түркмөндөр нооруз майрамында өзүлөрүнө тиешелүү бир катар иш-чараларды өткөзүшөт. Бул күнү улуттук тамактар, алардын ичинде “Нооруз куже”, “Нооруз ярма” деп аталган атайын нооруздун тамактары бышырылат. Жаш балдар майрам күндөрү улуттук оюндарды ойношот. Ал менен катар ат чабыш, күрөш, шахмат, топ оюндары, корооз уруштуру жана башка ушул сыяктуу оюндарды өткөзүшөт. Нооруз түркмөндөр үчүн улуттук каада-салт майрамына айланып, түркмөн маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган. Аталган оюндар борбордук майдандарда көптөгөн көрүүчүлөрдүн коштоосунда өтөт.

Индияда дагы жаз майрамы бүткүл аймакта белгиленет, өлкөнүн бардык адамдары бул иш-чараларга катышып, андагы улуттук жана эл аралык оюндарды көрүп кайтышат. Бул майрамда күрөш, жарыш, футбол, тенис жана ат оюндары, ат чабыш, ат үстүндө ойноо, найза ыргытуу, акробатика, театрлаштырылган программалар ж.б.у.с. оюндарды көрүүгө болот. Майрам күндөрү аймактын ар бир жерлеринде улуттук ырларды, бийлерди аткарган топтор, өзүлөрүнүн программаларын элге көрсөтүшөт.

Азербайжан республикасында да байыркы салттардын бири катары нооруз күнү тапанчалардан асманга ок атышат. Мындай ишеним “мылтыктан атылган октун үнү шаардагы жана айылдагы элдерге Азербайжан жерине жаз келди деген маанини жеткирет” деп билишет. Андан башка бир катар салттык, улуттук оюндар ойнолот.

Сурнай тартуу, эпос окуу Түркияда нооруздун биринчи күнүндөгү салт-санаалардын бири. Түркиянын чыгыш аймагында жайгашкан шаар, айыл жергелеринде борбордук майдандарда сурнай тартылат, көптөгөн элмайдандарга чогулуп, кол кармашып жагылган отту айлана бийлешет.

Иракта нооруз майрамын өткөзүү толук бойдон диний көз карашты камтыйт. Ал жерде жашаган шииттердин көбү ыйыктардын мазарларына зыярат кылышыт.

Ирактын курддар жашаган аймагында нооруз майрамынын кооз көрүнүшүн көзгө учурата аласыздар, миңдеген адам табигый парктарга, майдандарга, эс алуу жайларына чогулушуп, айлананы шаңга бөлөп ырдап, бийлеп өткөзүшөт.

Нооруз майрамы жогоруда айтылган Ирак жана Түркия мамлекеттеринде бир гана курд улуту болгондугу үчүн белгиленет. Анткени курддардын Ирак же Түркия маданияты, салты менен анчалык жакындыгы жок, бул тармактарда Иран менен жакындыгы алда канча көп.

Ирактын Йезид курддары  нооруздун биринчи күнү таң эрте турушуп талааларга барышат, бет колун таңкы шүдүрүм тамчылары менен жуушат, алардын ишеними боюнча кимде ким ооруган болсо, жогорудагы амалды аткарган соң оорусуна шыпаа табат. Алар майрам күнү кечинде кайра талааларга барышат, ал жерге ун алып барып камыр жасашат. Андан соң бир кучак гүлдү камырдын ортосуна сайып үйлөрүнүн үстүнө илип коюшат, бул көрүнүш биздин үйгө жаз келди дегенди түшүндүрөт.

5-таблица: Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө нооруз майрам жана оюн салттарынын айырмасы

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөзүү түрү Күрөш, ат минүү, жаа атуу, корооз уруштары, көгүчкөндөрдү учуруу оюндары, жарыштары Ыр, бий, музыка аспатарын чертүү, улуттук жана салттык оюндар: күрөш, улак тартыш, ж.б. Ат чабыш, күрөш, шахмат, топ оюндары, корооз уруштуруу Көсө-көсө Жаз майрамдары Аземдер жана улуттук ыр бийлер Аземдер жана улуттук, салттык ыр бий, музыкалар, диний ырым-жырымдар  

 

  1. Нооруздагы жүз көрүшү, коноко баруудагы айырмачылыктар

Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдүн баарында бул жөрөлгө аткарылбайт, көбүнчө перс тилдүү аймактарда жайылган. Башкача айтканда нооруз майрамын борбордук аянттарда, эл жыйылган жерлерде өткөзгөн улуттар, ошол жыйындарда бири-бирин көрүшөт жана ошол жерлерден эле куттук айтып, бирге майрамдашат.Төмөндө бул жөрөлгөлөрдүөткөрүүдөгүкээ бир мамлекеттердегиайырмачылыктаржөнүндө сөз кылабыз.

Иранда нооруздун биринчи күнүнөн баштап он эки күн өткөнчө элдер өз туугандары, жакындары, тааныштары менен жүз көрүшүүгө, бири-бириникине коноко барууга жана жакшы тилек, куттуктоо айтып, бири биринин үйлөрүнө барышат. Бул жөрөлгө байыртадан бери коомдун бардык катмарларында, айыл жана шаар жергесинде салтка айланып калган көрүнүш. Жүз көрүшүү жөрөлгөсүндө алгач кичүүлөр улуулардыкына, андан соң улуулар кичүүлөрдүкүнө барышат. Майрамдын биринчи күнү достор жана туугандар өткөн жылы ким өзүнүн жакынынан ажыраган болсо, ошолордун үйүнө барышат, көңүл айтып куран окутушат.

Тажикстанда нооруз майрамындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү чектүү түрдө өткөрүлөт. Кичүүлөр колдоруна кызыл гүл кармап улууларды куттуктап барып, жаңырган жыл жакшылыктарды алып келишин тилек кылышат. Бирок куттуктоо сөздөр нооруздук майрам талааларында, аянттарда, той өткөрүлгөн жерлерде айтылып, ошол жерлерден жүз көрүшөт. Ирандагыдай бири-биринин үйүнө барып, дасторкон үстүндө жүз көрүшүү анчалык деңгээлде тараган эмес.

Ооганстанда жыл алмашкандан кийин үй бүлөө мүчөлөрү үч жаатка (кичине балдар, жаштар, аялдар жана эркектер) бөлүнүп, алгач кичине балдар жана жаштар улуулардын, тууган-туушкандардын үйүнө коноко барышат. Негизинен уруулардын башчысы, үй бүлөөнү улуусу, кичине балдарга жана жаштарга нооруздук белек катары акча беришет ал эми аялдар болсо таттуу-ширин беришет, нооруз майрамынын алгачкы күндөрүндө айылдын же уруунун эркектери бир жерге чогулушуп, андан соң уруунун же айылдын ак сакал, кары кишилердин үйүнө барып, куттуктоо сөздөрүн айтышат. Жогорудагы жүз көрүшүүлөр майрамдын алгачкы үч күнүндө өткөрүлөт, төртүнчү күндөн жетинчи күнгө чейин аялдар чогулуп ошол эле тартипте нооруздук куттуктоолорду айтып, коноко барышат. Үй бүлөөнүн мында үч топко бөлүнүшү, ар бир топко өзүнүн убактысын аныктоосу Ооганстандагы нооруздук жүз көрүшүү, конок күтүү жана коноко баруудагы өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бахрейнде дагы нооруз майрамын себеп кылып жүз көрүшүү жөрөлгөсүн аткарганга аракет кылышат, нооруз майрамынын күндөрүндө жакындарга, досторго жана бир туугандарга коноко барышат.

6-таблица: Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү нооруз майрамдык жүз көрүшүү жөрөлгөсүндөгү айырмачылыктар

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөрүү жолу Майрамдын биринчи күнүнөн он үчүнчү күнүнө чейин, алгач кичүүлөр улуулардыкына андан соң улуулар кичүүлөрдүкүнө жүз көрүшкөнү коноко келишет Анчалык деңгээлде таркаган эмес бирок кичүүлөр улууларды көргөнү барышат Үй бүлөө мүчөлөрүнүн үч топко бөлүнүшү жана ар бир топтун өз убактысынын болушу Жүз көрүшүү жана коноко баруу чектелүү түрдө өтөт

 

Нооруздан кийинки жөрөлгөлөрдү өткөрүүдөгү айырмачылыктар

  1. “Сиздах бедар” аземин өткөзүүдөгү айырмачылык

“Сиздах бедар” аземи салтка айланып калган жөрөлгө жана кээ бир аймактарда, Перс цивилизациясы алкагындагы Иран, Ооганстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө белгиленет. Башкача айтканда бул жөрөлгө көбүнчө перс тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлөт, албетте кээ бир курд улуттары өзгөчө йезид курддары бул салтты нооруздун бир жөрөлгөсү катары белгилешет. Бул жөрөлгөнү өткөрүү жол-жоболорунда бир катар айырмачылыктар бар, төмөндө алардын эң маанилүүлөрүнө токтолобуз:

Иранда бул күнү бардык адамдар үйлөрүнөн чыгышат, тоолорго, парктарга, эс алуу жайларына барышат жана 13-күндүн жаман ырымын тоо-талааларга таштап келишет. Ошону менен бирге чөптөрдү таңуу нооруздун он үчүнчү күнүндөгү байыркы салт. Кыздар бул салтты себеп кылып өзүнүн бактысын ачуу үчүн жаңы бүчүр ачкан бактын талдарын же жерде жаңы көгөргөн чөптү жип менен бууп, ырым кылып сууга агызышат.

Тажикстан эли фарвардин айынын 13-күнүн табияттын кучагында өткөзүшөт. Элдер бул күнү тоолорго барып, улуттук ырларды, бийлерди аткарышып шаңдуу өткөзүшөт. Тажиктер бул күнү кары ак сакалдын алдына келип, анын насыйкат сөздөрүн угуп, батасын алышат. Ак сакал аларга дуба кылып өмүрлөрүнүн узун жана жаңы жылда бир гана жакшылыктардын үстүндө болушун тилек кылат. Мындай жөрөлгө тажиктерге тиешелүү салт, башка аймактарда аткарылбайт.

Тажиктердин ичинде Сиздах бедар жөрөлгөсүндөгү дагы бир өзгөчө салттардын бири болуп таттуу-ширин жасоо болуп саналат. Ирандыктардын ичинде мындай жөрөлгө аткарылбайт.

13-фарвардин оогандыктарды ичинде да өзгөчө көңүлгө татыктуу күн. Сиздах бедар күнү таң зардан баштап көчөлөрдүн баары шаңга бөлөнөт, ар бир адам бул күнү таза абалуу табиятка барганга аракет жасайт. Түшкө маал  “дам пухт”, “кичири” сыяктуу улуттук тамактар жасалып баштайт. Бул тамактар башка аймактарда жасалбайт, сиздех бедар аземиндеги перс цивилизациясы аймагындагы башка өлкөлөрдөн негизги айырмасы ушул тамактардын болушунда. Сиздах бедардагы дагы башка салттардын бири кыздардын жана аялдардын оюну болуп саналат. Бул оюн “Күкү барге чынар” деп аталып, бир топ аялдардын катышуусунда өткөрүлөт.

Ирактык йезид курд улуту дагы нооруздун сиздах бедар аземин ирандыктарга окшош майрам өткөзүшөт.

7-таблица: Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө “Сизда бедар” жөрөлгөсүн өткөрүүдөгү айырмачылыгы

Мамлекеттер Иран Тажикстан Ооганстан Түркмөнстан Азербайжан Индия Түркия Ирак Бахрейн
Өткөзүү жолу 13-күндү ырым тутуу жана табиятка чыгуу Табиятка чыгуу жана кары адамдардын алдына баруу Бул күндү ырым тутуу жана табиятка чыгуу, улуттук ушул күнгө тиешелүү тамактарды бышыруу Йезид курддар бул күндү белгилешет

 

Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүндөгү айырмачылыктын чыгышындагы эң негизги таасирлүү факторлор

Төмөндө нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүн өткөрүүдөгү айырмачылыктардын пайда болушунда кандай факторлор негизги ролду ойногонун ортого салабыз. Бул суроого жооп берүүдө төмөнкү үч негизги факторду эске алышыбыз абзел:

  1. Ар башкача саясий багыт

Эгер перс цивилизациясы чөйрөсүндөгү өлкөлөр байыркы заманда бүтүн бир өлкө жана бир тарыхка ээ боло турган болсо, замандын өтүшү ар кандай окуялардын болушу менен алардын ар бири өзүнчө эгемендүү мамлекет болуп таанылган жана ошону менен бирге саясий айырмачылыктар пайда болгон. Ошондуктан улам азыркы учурда алардын ар бири эл аралык деңгээлде эгемендүү өлкө болуп саналат жана өзгөчө өзүнө тиешелүү саясий системага ээ. Ооганстан жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдө диндин күч алышы менен нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө ошол өлкөнүн саясий системасынын таасири алдында калды. Иранда ислам төңкөрүшүнүн жеңиши менен нооруз майрамынын кээ бир диний багыттагы жөрөлгөлөрүнө көбүрөөк басым жасала баштаганына күбө болуп келебиз. Ал эми Тажикстан, Азербайжан жана Түрмөнстан светтик өлкө болгондуктан мифологиялык жөрөлгөлөргө көбүрөөк көңүл бурулган. Мифологиялык жөрөлгөлөр Түркия жана Ирак курд улутунун элдеринде да көбүрөөк байкалат. Чындыгында мындай улуттук салт-санаа жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө мамлекеттин ролун белгилей кетпесек болбойт. Саясий системанын жана мамлекет тарабынан Нооруз сыяктанган улуттук майрамдарды өткөрүүдө ага болгон колдоо же каршылык деңгээли жана өлкөнүн саясатчыларынын мындай жөрөлгөлөрдү өткөрүүдөгү көз караштардан улам жогоруда аталган айырмачылыктардын пайда болушун көрө алабыз.

  1. Кээ бир аймактардын колониялдык тарыхы

Дагы бир себептердин бири кээ бир перс цивилизациясы аймагындагы өлкөлөрдүн колониялдык тарыхы болуп эсептелет. 19-кылым, өзгөчө 20-кылымдардагы маданий айырмачылыктардын жана ички ажырашуулардын пайда болушунун негизги факторлорунун бири колониялык режим жана андан чыккан өзгөчөлүктөр болуп саналат.

Мисал катары Англиянын бир канча убакыт бою Индия аймагында өкүм сүрүшү жана индиянын тилине, маданиятына, жүрүм-турум адеби, салт-санаасына таасир тийгизүүгө болгон аракеттери, Пакистанды Индиядан бөлүү, андан кийин Бангладешти Пакистандан бөлүү иш аракеттери, Англиянын 20-кылымдагы тарыхый жана унутулгус ролу, Орустардын Орто Азия Кавказ аймагындагы колониялдык тарыхы жана орус маданиятын (тил, жазуу, дин жана каада салт) ошол аймактарга сиңирүү, ошол менен бирге перс цивилизациясы менен болгон байланышты үзүүгө жасаган аракеттери жогорудагы маселенин негизги көрүнүштөрү болуп саналат. Бүткүл тарыхый доордо чоң державалардын геополитикасы, максаты улуттардынкаада-салт, үрп-адаттарын алсыздатуу жана перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштардыжокко чыгаруу болуп келген жана нооруз майрамын да алардын максаттарынан сырткары деп атоого болбойт.

Албетте азыркы учурда колониялык режимдин тарыхый түспөлү жок, бирок жаңыча көрүнүштөрдү бир катар учурлардан көрүп билип турабыз.

  1. Аймактык маданий айырмачылыктар

Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдө нооруздун адеп, салттарында айырмачылыктын пайда болушуна таасир берген дагы бир себептердин бири, өлкөлөрдө аймактык маданий өзгөчөлүктөрдүн болушу. Маданий жана диний айырмачылыктар бул жаатта негизги факторлордун бири болуп саналат. Перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдүн элдеринде кээ бир жөрөлгөлөр бирдей болгону менен, кээ биринде чоң айырмачылыктар байкалат. Ар бир улуттагы диний жана маданий ишенимдер нооруздун кээ бир жөрөлгөлөрүн аткарууда, ошол элдин дининин жана маданиятынын калыбына түшүрүлөт. Мисал катары, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан элинин көбүнчө бөлүгүн ханафи мазхабындагы сунниттер түзүшөт, шииттердин саны аталган өлкөлөрдө аябай аз. Азербайжан мамлекетинин элинин көбү шииттер болуп саналат. Түркиянын курддарынын басымдуу бөлүгүн ханафи мазхабындагы сунниттер түзсө, Ирак курддарынын көбү шафи мазхабындагы сунниттер. Йезиддерди Ирактык курддарга кошуу абзел. Бахрейнде да шииттер калктын көп санын түзүшөт. Дал ушул диний жана мазхабдык өзгөчөлүктөр өлкөлөрдө нооруздун жөрөлгөлөрүн өткөрүүдөгү айырмачылыктардын пайда болушуна таасир берген.

Жыйынтыктоо

Бул макалада перс цивилизациясынын алкагындагы өлкөлөрдөгү нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүнүн айырмачылыгын изилдөөдө үч негиз каралды: ноорузга чейинки жөрөлгөлөр, нооруз учурундагы жөрөлгөлөр жана нооруздан кийинки жөрөлгөлөр. Бул айырмачылыктар буудай өндүрүү, чахаршанбе сури аземин өткөзүү, хафт син дасторконун жаюу, Нооруздун майрамдары, нооруздагы жүз көрүшүүлөр жана сиздах бедар аземин өткөзүү сыяктуу жөрөлгөлөр ортого салынды жана салыштыруу жолу менен таблица иретинде аныкталды. Ал эми макаланын экинчи бөлүгүндө нооруз жөрөлгөлөрүнүн айырмачылыктарынын пайда болушуна таасир берген негизги үч фактор каралды: перс цивилизациясы алкагындагы өлкөлөрдөгү саясий системанын айырмачылыктары, перс цивилизациясы алкагындагы кээ бир өлкөлөрдүн колониялдык тарыхы жана нооруз майрамын белгилеген элдердеги диний жана маданий айырмачылыктардын болушу.

[1]Фарвардин- Иран жыл санагы боюнча жылдын биринчи айы (21-марттан- 20-апрельге чейин)

[2]Гүл терүү

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс