Вторник , 7-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / Белгисиз сулуу беткапчан

Белгисиз сулуу беткапчан

Көгүштөн беткап тагынган,
Көзүнөн сүйүү чагылган.

Маршруткада келатып
Бир келин көрдүм жанымдан.

Караганым сезбеди,
Карагат экен көздөрү.
Жүрөктү жаман күйгүздү
Жүрө турбай кичине
Жолдон түшүп кеткени

Көбөйтүп бүтпөс арманым,
Көз менен сулуу арбадың.
Аз жерден ээрчип антаңдап,
Артыңан түшүп калбадым.

Арманга түштүм муңайым,
Айламды кандай кылайын.
Белгисиз сулуу өзүңдү,
Бир көрсөм болду ылайым.
Аруунун жүзүн жашырган,
Адашып келген кайдагы,
Ай…ушу
Вирусуңду урайын.

Temirbek Alymbekov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс