Пятница , 3-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Коронавирус Казакстанга жетти

Коронавирус Казакстанга жетти

Категория: Башкы жаңылыктар — Published: 13/03 — 15:17

Казакстанда коронавирусту эки адам жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алар Германиядан учуп келишкен, — деп жазат казак ЖМКлары.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргендей, эки жаран коронавируска анализ тапшырган, жыйынтыгы оң болуп чыккан. Маалым болгондой, алар менен чогуу бир учакта учуп келгендердин баардыгы карантинге алынган.

“Биз коронавирустун жайылышына каршы үч айдан бери алдын алуу иштерин жүргүзүп келдик. Бүгүн Германиядан келген эки жараныбызда коронавирус табылып, анализдери оң болуп чыкты”, — дейт Биртанов.

Биринчи бейтап 9-мартта, экинчиси – 12-мартта учуп келген.

“Биз алардын аты-жөнүн айта албайбыз. Бирөө эркек, бирөө аял”, — дейт министр.

Санитардык дарыгердин маалыматына ылайык, бейтаптардын саламаттыгы жакшы, баардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алар менен чогу келген баардык жүргүнчүлөр аныкталып, карантинге алынат.

Булак: Кабар

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс