Вторник , 7-Июль 2020

Күндүк архив: 03.03.2020

«ПолитКлиника» сайтынын кеңсеси каракталды

«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл. 3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин белгисиз адамдар карактап кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова билдирди. Анын айтымында, белгисиз кишилер терезедеги тосмону сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен. Алимова ...

Кененирээк »

2020-жылы 40 айыл өкмөтү дотациядан чыгат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер жыйынтык бериши керек. 2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер «белги» үчүн гана аткарылбастан, белгилүү бир багытка ээ болуп, жыйынтык алып келиши керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. «Быйылкы жылдын планы жалпы ...

Кененирээк »

Милиция жарандарга таш ыргыттыбы?

Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин кууп таратуу маалында акциянын катышуучулары жана милиция кызматкерлери бири-бирин көздөй таш ыргытышкан эле. Бирок Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каныметов милиция кызматкерлери таш ыргытты деген маалыматты четке кагып, андай фактылар болсо чара көрүлөрүн билдирди. Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин жүрүшү тууралуу ...

Кененирээк »

«Diamond Princess» лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталган жок

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Жыйында белгиленгендей, 2-мартка карата республикада коронавируска чалдыккандар жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл ...

Кененирээк »

Сайфидинден «Накта азык»

Сайфидинди тааныганыма бир топ жыл болду. Ушул жигитти көрсөм, өзүмдү күнөөкөр сезе берем. Адам пенде ушунчалык да такыба, ушунчалык да пакиза болобу, тооба деп койом. Сайфидиндин алдында өзүмдүн канчалык күнөөсү көп пенде экениме ыңгайсыз боло берем. Студентчиликте аябай сарамжал жашады. Сокулуктан Бишкекке поезд каттаарын, жол кире 9 сом экенин ушул ...

Кененирээк »