Среда , 3-Июнь 2020
Башкы бет / Дүйнө / Орусия: Коронавирус биологиялык курал болушу мүмкүн

Орусия: Коронавирус биологиялык курал болушу мүмкүн

Категория: Дүйнө — Published: 25/02 — 16:25

ДУМА жетекчисинин эл аралык маселелер боюнча биринчи орунбасары коронавирустун жайылышына Американын кыйыр тиешеси бар экенин четке каккан жок.

IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Дмитрий Новиков Американын коронавирустун таралышына кыйыр түрдө тиешеси бар экенин четке какпастан, мындай деди: Бул вирус бир биологиялык курал болушу мүмкүн.

«АКШ биологиялык курал чыгаруудан артта калган өлкөлөрдөн эмес. Учурда Кытайда болуп жаткан кырдаал бир катар өлкөлөрдүн биологиялык куралдарды жасоону улантып жатышканы менен байланышы бар», — деди ДУМАнын аткаминери.

Анын айтымында, бул маселе сырдуу эмес жана Америка бул жаатта иш алпарууда. Буга кошумча көптөгөн тараптар кызыгышып,  натыйжасын билүү максатында сыноолорду өткөрүшүүдө.

Эске салсак, Америка ТИМи Орусияны ушундай имиштерди (Американын коронавирусту жайылтууга тиешеси бардыгын) коомдук тармактарда таратып жатат деп күнөөлөгөн.

http://www.ca-irnews.com/kg/in-the-world-kg/82762-%D0%BE%D1%80%D1%83%D1%81%D0%B8%D1%8F-%D0%BA%D0%BE%D1%80%D0

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс