• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ИДЛИБДЕГИ ОРУС-ТҮРК КАРАМА-КАРШЫЛЫГЫ…

Автор:ruh_admin

Фев 24, 2020
Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясына куралдуу оппозициялык топтор жана террордук уюмдар топтолуп алышкан. Ал жерде Сириядагы жарандык согуштун акыркы этабы жүрүп жатат.

Бул согушта Россия президент Асад башында турган Сириянын расмий бийлигин колдосо, Түркия куралдуу оппозицияны колдойт. Эки тарап колдогон күчтөр айыгышкан согуш жүргүзүүдө.

Акыркы кездеги тенденциялар мына ошол согушка Россия менен Түркия өздөрү түздөн-түз аралашып, өз ара согушуп кетпейби деген коркунучту жаратууда. Анткени Түркия акыркы күндөрдө Идлибке аябай көп куралдуу күч топтоду. Россия ал жерде мурдатан аскерлерин алып барган.

Белгилеп кете турган нерсе бул согушта Москванын да, Анкаранын да өздөрүнүн позициясын туура деп эсептөөгө негиз берген жагдайлар бар.

Биринчиден, Россия Сириянын расмий бийлигин колдойт. Расмий бийлик эгемен Сириянын бардык аймагында бийлигин жүргүзүп, мыйзамдуулукту орнотууга укуктуу жана милдеттүү деп эсептейт. Мына ошого ар тараптан жардам берип келатат. Чындыгында өзүн урматтаган эч кайсы бир өлкө өз аймагында расмий бийликке куралдуу каршылык көрсөткөн топторго чыдап тура албайт. Анын үстүнө алардын арасында террордук уюмдар болсо…

Экинчиден, Түркиянын жүйөөсү да жөндүү. Анкара өз элине ок аткан бийлик мыйзамдан тыш деп эсептейт. 2011-жылдан бери жүрүп жаткан мына ошол согуштун айынан Түркияга 3.5 миллиондой Сирия качкыны келген. Алар Түркияга оорчулук жаратууда. Анткени алардын баарын там-таш, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыз кылыш керек, балдарын окутуш керек. Ошондуктан түрк бийлиги Идлибдеги согуштан дагы жүз миңдеген качкындар Түркияга келбесин дейт.

Мына ушундай карама-каршылык. (Бирок Москва жана Анкара ири экономикалык долбоорлор, карым-катнаштар менен байланышкан).

Бул эки ири мамлекеттин Сирияда тирешүүсүнө алып келген геосаясий жагдайлар да бар. Россия Сирияны көзөмөлдөө аркылуу Жакынкы Чыгыштагы таасирин бекемдөөгө аракет жасап жатат. Ошондуктан ал Асаддын бекемделишине кызыкдар.

Түркия Сириянын кошунасы. Сириянын өзү да, анын чек арасындагы кырдаал да көзөмөлдөн чыгышын каалабайт. Ошондуктан ал кээде АКШ менен, кээде Россия менен тирешип, өзүнүн кызыкчылыгын коргоодо тайманбай аракеттенип жатат…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс