Понедельник , 28-Сентябрь 2020
Башкы бет / Аналитика / Жалал-Абад облпрокуратурасы «былтыйып» КР Президентин дагы уятка калтырды…

Жалал-Абад облпрокуратурасы «былтыйып» КР Президентин дагы уятка калтырды…

Кеп башынан болсун. 2013-2015-жылдары Чаткал районунун акими К. Эшалиев Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка автожолунун 15 чакырымына асфалть басуу үчүн «Империя Груп» ишканасы менен жалпы наркы 92 млн. сомго келишим түзгөн. Иш жүзүндө «Империя Груп» 13 чакырымдан ашыгыраак жолду асфалттап, аягында ишкана өзү жабылып тынат. 2018-19-жылдары аталган облустун аймактык УКМКсы текшерүү жүргүзүп, 2,5 млн. жетишпестикти таап, Чаткал райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгойт. Кызыктын баары ушунда: жолдун ээси — №27 ДЭУ, бирок заказчик — аким; жол салуу долбоору, смета деген ныпым жок; каражаттын булагы — Чаткал районундагы кен байлыктар, тагыраагы аны казып алуучу ишканалардын эсеби аркылуу түз которулган. Текшерүүчүлөр түзгөн Актыда бирок бул негизги жагдайлар жөнүндө бир да сөз жок. Болгону, жолдун узун-туурасын өлчөп, 2,5 млн. жетишпестикти таап чыгышкан!

СУРОО: Мамлекетибизде, өзгөчө Чаткал районунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары иштебейби?…
Анда эмне үчүн текшерүү жана тергөө органы төмөнкү мыйзамдарга көңүл бурган эмес:

а). Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат (КР Конституциясы, 12-берене, 5-п.).

б). Социалдык пакет — бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын пайдалануу объектиси жайгашкан региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ыктыярдуу макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасынын негизинде даярдалат (КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамы, 3-берене, 47-п.).

в). КР Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык «юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар» жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп саналат. КР БКнин 6-беренеси, 1-п. 3-пунктчасына ылайык «бюджеттин бардык ресурстарын кошууну жана бюждеттин бардык чыгашаларын жүзөгө ашыруу бирдиктуу казыналык эсептен жүзөгө ашырылат». КР БКнин 105-беренеси, 6-п. ылайык демөөрчүлүк жардам, ыктыярдуу төлөмдөрдүн келип түшүүлөрүн эсепке алуу казына системасында атайын эсептерде жүзөгө ашырылат.

PS. Чаткал районунун прокурору Н. Бообеков (КР Президентинин Ардак грамотасын алды жакында) «Аким заказчик болбосун деген мыйзам жок» — дейт. А Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жообу төмөнкү…


Урматтуу Президент!
КР Конституциясынын гаранты катары эми Сизден официалдуу жооп күтөм.

Абдыжапар Нурдинов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс