Четверг , 2-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / КУДАЛАР КАЙДА КАТТАЛАТ, УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ?

КУДАЛАР КАЙДА КАТТАЛАТ, УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ?

Урматтуу Сооронбай Шарипович мен жана мага окшогондор дайым эле сизди сындай бербейбиз. Бизге деле сиз мамлекет башчысы болосузбу же башкабы мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги кымбат. Маселе көп, мамлекет башчысы бирөө.
Эми маселеге өтөйүн. 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоолор «шайтан оюндар» менен коштолуп, Ош шаарында бир үйгө 1300 адам каттоого туруп, Башкы прокуратура уялганынан текшерип баштады. Мындай иштен көл кылаасы деле куру эмес. Каракол шаарынын мэри сиздин бир тууганыңыз Жусупбек Шариповичтин күйөө баласы экенин жакшы билесиз. Ага чейинки кызматтан кеткен Данияр Арпачиев деле Тоңдо топоюп иштеп атыптыр. Кызмат колдун кири эмеспи. Жанкороз Каныметов агайдын уулуна биз деле ийгилик каалап отурабыз. Бирок, иши тескери кетип атат.
Өзүңүз билгендей 23-мартта жалпы элдик каттоо жүрөт. Ага көп акча сарпталды. Шайлоонун «шайтан оюнуна» азгырылгандар мамлекеттик мындай ири компанияны уруп ойногон жерлери жок. Каракол шаарында дагы ушундай оюндар күч алып, сиздин куда-сөөктөр басымдуулук кылган Токтоян жана ага жакын айылдардан 2500 адам Каракол шаарына каттоого тургузулду. Эми жалпы элдик каттоодо бул адамдар кандайча болуп эсепке кирет? Шаар мэри «Биримдиктин» бир жагын чоюп отурат. Бул мен ойлоп чыккан нерсе эмес. Күйөө баланы «Кой, куда-сөөктөр кол жоолук болбосун, шайлоо табылат» деп койсоңуз жакшы болот эле…

Kanyshay Mamyrkulova
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс