Четверг , 6-Август 2020
Башкы бет / Дайджест / Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат


«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.
«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.

«Бул токтом 2020-жылдын 28-февралында жокко чыгарылбаса Ак үйдүн алдында президент Сооронбай Шариповичти жоопко тартуу маселесин көтөрүүгө чакырам».

Митингди өз аккаунту аркылуу «Фейсбуктан» түз көрсөтүп жаткан жарандык активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, акцияга 2 миңден ашык киши катышып жатат. Ал эми Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев иш-чарага 300-400 киши катышып жатканын билдирди.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат. Алар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда парламентте сүйлөп жатып, «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактардагы 20-30 киши эле дүрбөтүп жатат» деп айткан.

Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылы 11-декабрда болуп, ага премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев катышкан жана бул Борбор Азия аймагындагы эң заманбап жана ири борбор болорун белгилеген.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок. (BTo)

https://www.azattyk.org/a/30437956.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс